Асыл хадис

Жихад жана Рибаттын пазилети тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жихад жана Рибаттын пазилети тууралуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих Муслимде, Аллах аны ырайымына алсын, айтылган.

حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ يَحْيَى التَّمِيمِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الْعَزِيزِ بْنُ أَبِي حَازِمٍ عَنْ أَبِيهِ عَنْ بَعْجَةَ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ مِنْ خَيْرِ مَعَاشِ النَّاسِ لَهُمْ رَجُلٌ مُمْسِكٌ عِنَانَ فَرَسِهِ فِي سَبِيلِ اللَّهِ يَطِيرُ عَلَى مَتْنِهِ كُلَّمَا سَمِعَ هَيْعَةً أَوْ فَزْعَةً طَارَ عَلَيْهِ يَبْتَغِي الْقَتْلَ وَالْمَوْتَ مَظَانَّهُ أَوْ رَجُلٌ فِي غُنَيْمَةٍ فِي رَأْسِ شَعَفَةٍ مِنْ هَذِهِ الشَّعَفِ أَوْ بَطْنِ وَادٍ مِنْ هَذِهِ الْأَوْدِيَةِ يُقِيمُ الصَّلَاةَ وَيُؤْتِي الزَّكَاةَ وَيَعْبُدُ رَبَّهُ حَتَّى يَأْتِيَهُ الْيَقِينُ لَيْسَ مِنْ النَّاسِ إِلَّا فِي خَيْرٍ

Яхья ибн Яхья ат-Тамими Абу Хурайрадан риваят кылат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Адамдар үчүн эң жакшысы – атынын тизгинин Аллах жолунда кармап, ат жалында турган адам. Качан душмандын ызы-чуусун же душманга шашылууну укса, ат үстүндө учуп жөнөп, өлүмдү ордунан издеп жүрөт. Же тоонун башында же бул өрөөндөрдөн бир өрөөндө олжолуу жүрүп, намазды толук аткарып, зекетти берип, Раббисине ибадат кылып, ага якындык (өлүм) келгенге чейин адамдар менен жакшы гана мамиледе жүрсө – ал адамдар да жакшылыкта.

(الْمَعَاشُ) Аль-Мааш: тирүү, жашоо, (مَتْنُهُ ) Матнуху: жону.

( هَيْعَةً ) Хайьатан: Душман келгенде чыккан үн. (الْفَزْعَةُ ) Аль-Фаза: Душманга шашылуу.

Ал эми (يَبْتَغِي الْقَتْلَ مَظَانَّهُ ) өлүмдү ордунда издейт маанисине келсек: шейиттик каалоосу күчтүүлүгүнөн аны үмүт кылынган жерлерден издейт. Ал эми (الْغُنَيْمَةُ ) (ал-Гунайма) маанисине келсек: олжонун бир бөлүгү. (الشَّعَفَةُ (аш-Шаъфату): тоонун чокусу.

Аалымдар рибатты: динди бекемдөө жана мусулмандарга келген душмандардын коркунучун кайтаруу үчүн чек ара аймагында жашоо деп аныкташкан. Чек ара аймагы деген, андан ары ислам жок жер дегенди билдирет.

Ибн Хажар “Фатхул-Бари” китебинде мындай деген: “Ар-Рибат – мусулмандарды коргоо үчүн мусулмандар менен каапырлардын ортосундагы жерде калуучу сакчылар. Алар Ислам өлкөлөрүнүн чек арасын душмандардын чабуулдарынан кайтаргандар . Чек ара канчалык коркунучтуу жана кооптуу болсо, аны кайтаруунун сообу ошончолук жакшы жана чоң болот.

Ал душманга шашылууга жана согушууга даяр туруучу. Качан ызы-чуу угулса, атына минип учуп жөнөйт. Ошондой эле, кимде-ким кокту-колоттордо адамдардан обочолонуп, Аллах Таалага ибадат кылып, адамдар менен жакшы гана мамиледе жүрсө, анда да жакшылык бар.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул адам өзүн Кудай Таалага арнаган жана чек аралар менен чектелбестен, тоскоолдуктардын тоскоолдугуна карабастан, Анын жолуна чыгууга өзүн даярдаган күжүрмөн адам. “Ат үстүндө учуп жүрөт, үстүндө учту дегени: тез демилгени, жандуу кыймылды жана бийик амбицияны көрсөтөт.

Анын чынчыл чечкиндүүлүгү, бийик горизонтту чыдамсыздык менен күткөн, аз ишке канааттанбай, душмандын ызы-чуусун же ага шашылууну укса шумкардай учуп бара жаткан ат жалындагы жоокер. Үммөт басып өткөн этаптын табиятын, амалдын маанилүүлүгүн түшүнүп, миссиясын аткарып жатып шейиттикти издеген адам. Өлүм аны издейби же ал өлүмдү издейби айырмасы жок амал жана чыныгы жихад талаасындагы чыныгы жоокер, жортуулчу. Ал Аллах жолундагы жоокер. Милдети жоготуу эмес, пайда экенин билет. Ал милдеттемени күтпөйт, тескерисинче, аны издейт жана каалайт. Андан качпайт, эч кимдин аны мажбурлап бир ишке түртүүсүн каалабайт. Ал жок болуп кетпейт, кечиктирбейт. Бул ачык-айкын баш ийүүгө негизделген аскердик кызматтын туу чокусу. Ал “Биздин максатыбыз – Аллахтын ыраазылыгы”, “Аллах Улук, Аллахка чексиз мактоолор болсун” деген тынымсыз айтылган калиманын маанисин түшүнөт. Бул Аллах Тааланын буйругу, Ал аны каалагандай башкарат. Ал Өзүнүн чакырыгына даярдайт жана Өз пенделеринен кимди кааласа, өзүнө моюн сунуу үчүн колдонот. Алар Аллах акыйкаттын көтөрүлүшүнө себеп болуусу үчүн тандап алган адамдар. Ал кудуреттүү зат буйруктары алар аркылуу аткарылышы үчүн аларды буйруктарына таштайт. Алар эки жакшылыктын бирин күтүшөт же жеңиш же шейит. Алар ар кандай өзгөчө кырдаалга даяр, душманга ар дайым аны тосуп алууга даяр экенин билгизүү, каалаган убакта душмандын жүрөгүнө коркунуч туудуруу экенин түшүнүү. Рибаттагылар душманга кайдыгер карабаганын, ат менен гана эмес, материалдык жана пикирий күч менен да толук даяр экенин билгизүү экенин түшүнүү.

Мусулмандын урматы улуу, анын улуулугу Исламы менен, Ислам жана мусулмандардын жерлерин коргоого ынтызар, басынууга ыраазы болбойт жана кордукту кабыл албайт. Ал ат тизгинин кармап, бүткүл дүйнөгө коопсуздукту жана бейпилдикти жайылтат. Качан душмандын ызы-чуусун же душманга шашылууну укса, ага учуп жетет. Дүйнөнүн төмөн экенин, бир күн аскерде өткөн өмүр баардык дүйнөдөн артык экенин түшүнүп, Аллах үчүн өлүмдү коркпой, жанын, акчасын, убактысын садага чабат. Ал каапырлар жана башкалар менен согушуп, алардын жүрөктөрүнө коркуу салып, аларга зыян келтирип, күчүн бытыратып, кубатын сындырып, бир туугандарына жардам берип, каапырлардын агрессиясын жана зулумдуктарын кайтарат.

Оо, адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт, Аллахтын пенделери:

Ислам дүйнөсүндөгү окуялар уланууда, саясий өзгөрүүлөр уланууда, Ислам менен куфр ортосундагы карама-каршылык бир баскычтан экинчи баскычка, бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө өтүп, бири-бирин толуктоо үчүн бардык күчтөрдү жана аракеттерди талап кылууда. Алыстан көз салып карап, дем-күчтөн, боорукердиктен ашпаган ролу менен көрүүчү бойдон калуу аздык кылат. Ислам үммөтү улуу күч- кубатка ээ Аллахка шүгүр. Бул күч-кубаттарды үммөткө кызмат кылуу үчүн эң мыкты колдонуу керек. Үммөттүн чыныгы байлыгы акчада, аппаратта, жабдыкта ж.б.у.с.да эмес, тескерисинче, Раббисине ыйман келтирген, олуттуу, аманаттын жоопкерчилигин жана улуулугун сезген ыймандуу адамда. Чыныгы байлык– адамдын анын амбициясынын жана чечкиндүүлүгүнүн көлөмүнө жараша экенин түшүнүп, алдына бийик максат коюп, максатына жетүү үчүн умтулган жана курмандык кылуу рухуна толгон жандуу, жалындуу жандарда.

Тоого чыгуудан корккон адам чуңкурларда түбөлүк жашайт.

Имам Ибн Каййим аль-Жавзий айтты: Ким соопту көрсө, ага фарздар жеңил болот, ал эми ким акыреттин кемчиликсиздигин көрсө, ага бул дүйнөдөн бөлүнүү жеңил болот. Адамдар бул дүйнөгө ыраазы болсо, сен Аллахка ыраазы бол. Адамдар бул дүйнө менен бактылуу болсо, сен Кудай менен бактылуу бол. Адамдар жакындары менен ырахат алышса, сен Аллах алдында ырахат ал.

Оо Аллахтын пенделери..

Кээ бирөөлөр Мусулмандар кан төгүүнү, байлык көбөйтүүнү, акча чогултууну сүйүп, элдер менен согушкан деп түшүнүшү мүмкүн?

Адилеттүү адамдар мусулман тарыхын карап чыгышса, эң сонун мисалдарды табат. Йармук согушуна чейин мусулман аскерлеринин кол башчысы Абу Убайда Хомс калкын Рим аскерлеринен коргой албаганы үчүн алар төлөгөн салыкты (жизяны) кайтарып берди. Мусулман аскерлери Самаркандды фатх кылгандан кийин чыгып кетишкен, анткени алар элге исламды тартуулоодон мурун алар менен согушкан. Жихаддын максаты, элдерди жана улуттарды караңгылыктан жарыкка алып чыгуу.

Эй Мухаммаддын аскерлери (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жана анын сүйүктүүлөрү, эй диндин нусратчылары – Эй Ислам үммөтүнүн кошуундары!

Мусулмандардын душмандары аларга кол салуу үчүн ар дайым ыңгайлуу учурду күтүп турушат. Исламга болгон чабуул анын рисалатынан баштап, (Аллах ал кишиге жана анын үй-бүлөсүнө береке берсин) бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. Мусулмандар бул чабуулга жооп кылып, өз милдеттерин аткарууда жана каршылык көрсөтүштү. Күчтүү мусулман армиясы бул иштердин эң негизгиси эле.

Рибатта болуу менен сабырдуулуктун байланышы Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн нафсты туура жолго камоо болгондуктан ажыралгыс байланыш. Белгилүү бир жерде жана толук даяр абалда Аллахтын жолунда карманууга сабыр кылуу.

Жихад маселеси согушуп жаткан душманга сабыр кылуу менен гана болот. Бул анын каршылыгы жана аны менен тирешүүсү. Душманына сабыр кылса, башка бир нерсеге муктаж болот, ал жүрөктү кайтарып, ага душман кирбеши үчүн аны сактоо. Жүрөктү сактоо бул чек араларды кайтаруу. Анын орду бош калбашы керек, душман чек араны бош таап, ошол жерден кирет.

“Аль-Муватта” китебинде айтылгандардын ичинен Абдуллах бин Умар айтты: “Аллах мушриктердин канын төгүү үчүн жихадды жана мусулмандардын канын коргоо үчүн чек араларды кайтарууну буйруду жана мусулмандардын канын коргоо мен үчүн мушриктердин канын төгүүдөн да сүйүктүү.

Эй Аллахтын аскерлери жана ыйман сакчылары.

Аты менен учуп жетип, ызы-чуу же душманга шашылууну укканда согушууга даяр, мүмкүн болгон жерде шейиттикти көздөгөн бактылуу адам ким? Аллахтын бир халифага байъат кылуу өкүмү менен Өз динине колдоо көрсөтүү буйругуна баш ийип, Аллах жолунда шашыла турган ким?

Абу Хурайра, (радыяллаху анху), айтты: “Мен үчүн Аллах жолунда бир түндү рибаатта өткөрүү Кадыр түндү Кара Таш” алдында өткөрүүдөн да сүйүктүү”.

Абдулла бин Мубарак Тарсуста рибатта турганда Аль-Фудайл бин Айядга: Эй, эки ыйык мечиттин кулу, эгер бизди көрсөң ибадат менен ойноп жатканыңды билмексиң. Ким көз жашы менен жаагын булгаса, биздин кекиртегибиз менен каныбызды булгайт. Же бекер эле атын чарчатып жүргөн болсо биздин аттар таң эртең менен эле чарчап калышат. Атыр сенин жыпар жытың болсо, биздин жыпар жытыбыз – туяктын үнү жана эң таттуу чаң.

Аль-Фудайл аны окуганда көзүнөн жаш тегеренип: “Абу Абдурахман чынчыл жана туура насаат айтты”, – деди.

Оо Аллахым, бизди колдо, бизге каршыларга жардам бербе, бизге жардам бер. Оо, Аллахым, үстүбүзгө сабыр бер, бутубузду бекем кыл жана бизди каапыр коомго үстөм кыл.

Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана анын жакшы сахабаларына Аллах ыраазы болсун.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 1-робиул аввал.

2025-ж, 22-август.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button