Башкаруу түзүмү жана Халифа китебиндеги карама-каршылык тууралуу

Башкаруу түзүмү жана Халифа китебиндеги карама-каршылык тууралуу
Ассаламу алайкум, “Башкаруу түзүмү” менен “Халифа” китебиндеги халифалыктын шарттары тууралуу эки текст бири бирине карама-каршыбы?
Жооп:
Уа алайкум ассалам. Сиз айтып өткөн «Халифа» китебиндеги текст «Башкаруу түзүмү» китебинин (арабча нускасы) 60-бетинде келген. Ал текст эгерде бир өлкөдө Халифалыктын төрт шарты толук аткарылып, ал жерде халифага байъат берилсе, анда Халифалык орнотулуп, жарактуу болуп калаары айтылат. Бул өлкөдө (Ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөгү ахлул-хал уал-акддын көбүн) түзбөсө да, Халифалык орной берет. Башкача айтканда, эгерде силердин өлкөңөрдө Халифалыкка байъат берилсе, анда ал өлкө жалпы үммөттүн же ахлул-хал уал-акддын көбүн түзбөсө да, Халифалык орнотулат. Себеби Халифалыкты тикелөө фарз кифая. Ким аны туура аткарса, ал фарзды аткарган болот жана башкалар ага итаат кылууга милдеттүү болуп калат.
Ал эми «Башкаруу түзүмү» китебинин (арабча нускасы) 85-бетинде айтылган башка текстте мындай делет: “бийликти ээлеп алган адамдар мусулмандарга жетекчилик кылууга жана Халифалыкты орнотуп берүү шарттарына ээ болгон талапкерди сунуш кылууларына уруксат. Андан соң ошол өлкөдөгү ахлул-халл уал-акдды же алардын көпчүлүгүн чогултуп, сунушталган адамды халифа кылып шайлоо талап кылынат. Ошондо ахлул-халл уал-акд ал кишиге Аллахтын китеби жана Пайгамбарынын ﷺ сүннөтү боюнча ыраазычылык жана эркин тандоо менен байъат кылышат. Ошентип, ал киши ушул байъат менен Халифа болуп шайланат.
Бул болсо ошол өлкөдө Халифалыкты орнотуунун кайфияты тууралуу.
Демек, биринчи тема экинчи темадан айырмаланат.
Биринчи тема төмөнкү суроого жооп: Халифалык орношу үчүн ислам үммөтүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү ахлул-хал уал-акддын байъаты зарылбы? Башкача айтканда, эгер силердин өлкөңөрдө Халифалык тикеленүүсү үчүн араб өлкөлөрүнүн жана башка ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгү сөзсүз түрдө байъат кылышы керекпи? Эгер мисалы, Мисир байъат кылбаса, анда силердин өлкөңөрдө Халифалык орнобой калабы?
Жооп: Жок, тескерисинче, эгер Халифалыктын белгиленген шарттары кайсы бир өлкөдө табылган болсо жана ошол өлкө шарттарды толук аткарган кишиге байъат кылса, анда ал Халифалык сахих жана жарактуу болуп калат. Андан соң калган мусулмандар ага итаат байъатын берип, бул мамлекетке кошулушу фарз болот.
Экинчи тема болсо төмөнкү суроого жооп: биринчи жооптон улам белгилүү болгондой, силердин өлкөңөрдө Халифалыктын орношу мүмкүн болсо, анда ал өлкөдө Халифалык кантип тикеленет?
Жооп: мусулмандар же алардын арасындагы күчкө жана таасирге ээ болгондор ошол өлкөдө бийликке ээлик кылып, куфр режимдери менен башкарган өкүмдарларды кулатышып, андан соң шарттар толук табылган бир мусулманды талапкер кылып көрсөтүп, ошол өлкөдөгү ахлул-халл уал-акддан же алардын көпчүлүгүнөн ошол талапкерге Аллахтын Китебине жана Пайгамбарыбыздын ﷺ Сүннөтүнө ылайык халифа кылып байъат кылууларын сурашат. Ушундай байъат менен Халифалык орнойт.
Демек, бул эки тема бири-бирин толуктап турат жана бири-бирине каршы келбейт.
25.02.2004