Рошид Халифалык тикеленгенден кийин Хизб-ут-Тахрирдин ишмердүүлүгү

Бисмилаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Рошид Халифалык тикеленгенден кийин Хизб-ут-Тахрирдин ишмердүүлүгү
Юсуф Хабашиге.
Суроо:
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатуху урматтуу шейх. Аллах сизди коргоп, сиздин колуңуз аркылуу жеңишке жеткирсин.
Зайтун жеринен Юсуф Хабаши.
Мен сизден Хизб-ут-Тахрирдин рошид Халифалыкты тикелегенден кийинки ишмердүүлүгү тууралуу сурайын деп жатам:
Халифалык тикеленгенден кийин анын ишмердүүлүгү кандай болот? Анын ишмердүүлүгүн улантышы эмнени билдирет? Буга кандай далилдер бар?
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
1. Ооба, Хизб Халифалык тикеленгенден кийин да ишин улантат. Анткени Хизбдин болушу Халифалык орнотулганга чейин да, андан кийин да фарз:
“Хизб ут-Тахрир” китебинде төмөнкүлөр айтылат:
Хизб-ут-Тахрирдин уюушулушу Улуу Жараткандын: төмөнкү аятына жооп болду.
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾،
“Араңарда жакшылыкка (исламга) чакырган, жакшылыкка буюрган жана жамандыктан кайтарган бир жамаат болсун, ошолор ийгиликке жетүүчүлө”.
Бул Ислам үммөтү түшкөн оор төмөндөөдөн кайра ойгонуу, аны куфр идеяларынан, системаларынан жана өкүмдөрүнөн, ошондой эле каапыр мамлекеттердин көзөмөлүнөн жана таасиринен куткаруу максатында жана Аллах түшүргөн өкүм менен башкаруу үчүн Исламий Халифалыкты тикелөө масатында иш алып баруу.
Ал эми Хизбдин түзүлүшү Улуу Жараткандын: ﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ “Араңарда бир жамаат”, – деген сөзүнө жооп катары болгондугуна келсек, бул Улуу Жараткан бул аятта мусулмандарга эки нерсени аткарган жамаат түзүүнү буйругандыгы үчүн:
Биринчиси: Жакшылыкка чакыруу, б.а., толук Исламга чакыруу.
Экинчиси: Жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу.
Бирдиктүү жамаат түзүү жөнүндөгү бул буйрук жөн гана талап болгон, бирок анын бекем талап (жазм) болгонун көрсөткөн далилдер бар. Аятта бул бириккен жамаатка тапшырылган иш – Исламга чакыруу, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу – жалпы мусулмандар аткарышы керек болгон милдет.
Муну бекемдеген көптөгөн аяттар жана хадистер бар, Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген:
قال ﷺ: «وَالَّذِي نَفْسِـي بـِيَده لَتَأْمُرُنَّ بـِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ أو لَيُوشِكَنَّ اللَّهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً من عِنْده ثُمَّ لَتَدْعُـنَّهُ فَلاَ يَسْـتَجِيبُ لَكُمْ» [رواه أحمد]
“Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, силер жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарышыңар керек, болбосо (андай кылбасаңар) Аллах силерге жакында Өзүнөн азап жөнөтөт, анан силер Ага жалбарасыңар, (дуба кыласыңар) бирок Ал силерге жооп бербейт”. [Ахмад риваяты].
Бул талаптын катийлигине жана андагы буйруктун милдеттүү фарз экенине далил. Бул топ, жамаат саясий партия болушу керек жана бул аятта мусулмандардан өз араларынан топ түзүү талап кылынган жана бул топтун иши Исламга чакырып, жакшылыкка буйруп жана жамандыктан кайтаргандыгы үчүн ал саясий жамаат болушу керектиги келип чыгат.
Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу ишине башкаруучуларды жакшылыкка чакыруу жана аларды жамандыктан кайтаруу кирет. Чындыгында, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруунун эң маанилүү иши – башкаруучуларды тергеп–тескеп туруу жана аларга насаат берүү, бул саясий иш-аракет, чындыгында, бул эң маанилүү саясий иштердин бири жана саясий партиялардын эң көрүнүктүү иши. Ошондуктан, аят саясий партияларды түзүүнүн зарылдыгына ишара кылат.
Бирок, аят жамааттар ислам партиялары болушу керектигин белгилеген, анткени аят көрсөткөн милдет, башкача айтканда – Исламдын өкүмдөрүнө ылайык – Исламга чакыруу жана жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруу бир гана ислам жамааттары жана партиялары тарабынан аткарылат.
Ислам партиясы – бул ислам акыйдасына негизделген, ислам идеяларын, өкүмдөрүн жана чечимдерин кабыл алган жана иш алып баруудагы туткан жолу Пайгамбардын (ага тынчтык жана береке болсун) жолун туткан партия.
2. Демек, партия Халифалык тикеленгенден кийин да ишин уланта берет, бирок анын бийликке келгенден кийинки иши, тиешелүү шарият өкүмдөрүнө ылайык, Халифалыкты тикелегенге чейинки ишинен айырмаланат.
Биз муну 2014-жылдын 30-декабрындагы суроого берилген жоопто айтып өттүк, анда мындай деп айтылган:
“Мунун жообу, партия төрт иш-аракетти жүзөгө ашырат: борборлошкон сакофат жана жамаьий сакофат. Партия бул иш-аракеттерди башкарууга келе электен мурун кандай болсо, башкарууга келгенден кийин да уланта берет жана башкаруудан кийин да, башкаруудан мурун кандай болсо, пикирий күрөштү алып барат.
Ал үммөттүн кызыкчылыктарын кабыл алат жана куфрдун пландарын ачыкка чыгарат. Ал эми кызыкчылыктарды кабыл алууга келсек, партия башкаруудан мурун, өзүнүн жетекчилиги жана вилаяттардагы комитеттери аркылуу жүргүзөт. Хизбдин башкарууга келгенден кийинки жетекчилиги иш жүзүндө адамдардын иштерин башкаруу жана алардын маселелерин чечип баштагандан кийин, үммөттүн кызыкчылыктарын кабыл алуу хизбдин маселеси болбой калат. Ошондуктан, вилаяттардагы комитеттердин ыйгарым укугу башкарууга келгенге чейинкидей эле сакталып калат жана алар партиянын атынан үммөттүн кызыкчылыктарын кабыл алышат. Ал эми пландарды ачыкка чыгарууга келсек, бул эч кандай мааниге ээ болбой калат, анткени бул каапырлардын жана эки жүздүүлөрдүн пландарын ачыкка чыгаруу болуп саналат жана партия мамлекет ичиндеги каапырлар жана эки жүздүүлөр менен жихад аркылуу күрөшүп, ислам мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөрдү белгилеп, шарияттын өкүмдөрүн иш жүзүндө ишке ашырып баштайт. Ошондуктан, пландарды ачыкка чыгаруу маселеси эч кандай мааниге ээ болбой калат жана саясий партия катары аны менен алектенүү эч кандай орунга ээ эмес. Ошол эле учурда Партиянын бийликке келгенден кийинки иши бийликке келгенге чейинки иши менен дал келет, эч кандай айырмасы жок, бирок башкаруучуларды колониялык пландарын жаап жашыргандыгы үчүн тергеп тескөө иши токтойт, анткени партиянын бийликте болушу колониялык пландарды ачыкка чыгаруу маселесин жокко чыгарды, анткени ал аларга каршы туруу милдетин иш жүзүндө өзүнө алат. Башкаруучулардын кызыкчылыктарды кабыл алуудагы жоопкерчилигин тергеп тескөө милдети вилаяттаргы комитеттер тарабынан башкарууга келгенге чейинкидей эле жүргүзүлөт. Ошондуктан, партия башкарууга келгенге чейинкидей эле, башкарууга келгенден кийин да бардык иштерин улантат, анын бардык аппараттары (жихаздары) кадимкидей иш жүргүзүп, жетекчилик комитети кадимкидей эле иш алып барат. Бирок Башкаруучуларды тергеп тескөө ишинен тышкары иштерин кылат, башкаруучуларды тергеп тескөө вилаят комитеттери тарабынан жасалат, бирок кызыкчылыктарды кабыл алуу маселеси менен чектелет. Башкаруучу жетекчиликтен (кыядатта) болсо дагы, ал башкаруучу катары тергеп-текелинет , анткени жетекчилик комитети башкаруучуну жоопкерчиликке тартууга укуктуу. О.э жетекчилик комитети катары өзүнүн жетекчилигин жоопкерчиликке тартууга укуктуу. Ошондуктан, партия бийликте турса да бийликте болбосо да башкаруучуларды тергеп тескөө ишин дайым улантат… (30.12.2014).
Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, Аллах билүүчү жана өкүмдар.
Боордошуңар Ато бин Халил абу Рашта.
1447-х, 5-зулхижжа.
2026-ж, 22-май.




