Фикхий

Тартып алынган жер |

بسم الله الرحمن الرحيم

Тартып алынган жер |

Суроо: Биз билебиз, тартып алуунун бардык түрлөрү (гасб) харам. Эгерде мамлекет адамдардын жерин тартып алып сатып жиберсе же ага имарат куруп сатса, ал жерди сатып алып, ага курулуш кылууга болобу? Ошол жерди мамлекеттен сатып алган башка бир тараптан сатып алууга болобу? Эгер ошол экинчи тарап ага курулуш салса, андан ошол курулушту сатып алууга болобу?

Жооп:

  1. Ооба, басып алуунун бардык түрлөрү харам. Ким бирөөнүн жерин тартып алса, ал чоң күнөө жасап, оор кылмыш кылган болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«مَنْ ظَلَمَ قِيدَ شِبْرٍ مِنَ الْأَرْضِ طُوِّقَهُ مِنْ سَبْعِ أَرَضِينَ»

«Ким бир карыш жерди да зулумдук менен тартып алса, ал жети кат жер менен моюнуна оролот» (Муслим риваяты, Айша разияллаху анхадан).

Башкача айтканда, ким жердин кичине бөлүгүн да тартып алса, акыретте анын жоопкерчилиги чоң болот. Дүйнөдө болсо ал таъзир жазасына татыктуу болуп, тартып алганын кандай абалда тартып алган болсо, ошол абалда ээсине кайтарып берүүгө милдеттүү. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«عَلَى الْيَدِ مَا أَخَذَتْ حَتَّى تُؤَدِّيَهُ»

«Кол (адам) эмне алган болсо, аны кайтарып берүү важиб» (Тирмизи риваяты).

Эгерде гасб кылынган мал-мүлк тартып алуучу колунда жоголсо же ал анын абалын өзгөртүп жиберсе, мисалы, гасб болгон кездемени тигип алса, гасб болгон металлды эритсе же малды союп алса — анда ал анын наркын ээсине кайтарып берүүгө милдеттүү.

  1. Эгер, басып алуучу жерге курулуш курса, ага ээлик кылбайт. Жердин ээси басып алуучуга анын эсебинен курулушту буздурууну талап кылууга укуктуу. Эгер ошол учурда жерге зыян келтирилсе, анын ордун толтурууга басып алуучу милдеттүү болот. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«لَيْسَ لِعِرْقٍ ظَالِمٍ حَقٌّ»

«Залимден аккан терге эч кандай акы жок» (хадис).

Демек, басып алуучу жерге кылган иштери — айдоо болсун, курулуш болсун — анын менчиги болуп эсептелбейт, жери да, курулушу да ага таандык эмес. Ошондуктан басып алган адамдан жерди да, ал салган курулушту да сатып алууга болбойт.

  1. Жерди сатып алгандар ким болбосун гаасыбдан түз сатып алабы, же алгачкы сатып алуучудан кийинки сатып алуучу болобу, эгер алар жер басып алынганын билишсе, анда күнөөкөр болушат жана алар үчүн бул нерсе жаиз эмес. Жер болсо дайыма өзүнүн баштапкы ээсине таандык бойдон кала берет.
  2. Эгер жердин абалы өзгөртүлүп, ага курулуш салынса, анда факихтердин арасында бул курулуштун өкүмү тууралуу талаш бар: эгер курулуш жерден кымбат болсо же арзан болсо жана курулушту гаасыб өзү курдубу же сатып алуучулар курдубу деген жагынан айырма бар.

Менин оюм жана карманган пикирим төмөнкүдөй:

  1. Басып алуучунун өзүнөн же андан башка бирөөгө белек, тартуу кылуу же кызматтык мансабынан улам өткөн курулушту сатып алуу харам. Мисалы, мамлекет тигил же бул адамдардын жерлерин тартып алып, аны бийликтеги мансап ээлерине бөлүп берсе, алардын өкүмү да ошол мамлекеттикиндей, башкача айтканда, түз басып алуучунун өкүмүндө болот. Ошондуктан мындай адамдардан сатып алуу жаиз эмес.
  2. Эгер экинчи тарап ал жерди мамлекеттен базардагы кадимки баа менен сатып алып, ага жердин баасынан кымбат курулуш курса, анда үчүнчү тарап ошол экинчи тараптан ал курулушту сатып алуусу жаиз. Анткени мындай курулуш корголгон менчикке айланат, себеби баштапкы ээсинин (магсуб минху) укугу жердин өзүндө эмес, анын наркында гана калат. Бул гасб болгон зат башка бир затка айландырылып кеткендей болот: анда заттын ээсинин укугу заттын өзүндө эмес, анын наркын кайтарууда болот.

Мамлекет басып алуучу болгондуктан, ал жердин толук наркын төлөөгө жана аны канча убакыт гасб кылып турган болсо, ошого байланыштуу зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Ошондуктан, ушул шарттар сакталышы менен, экинчи тараптан гасб болгон жердин үстүндөгү курулушту сатып алуу жаиз болот:

А.     Гаасыб мамлекет болсо, башкача айтканда, бул мамлекеттин зулумдугу болуп саналат жана жердин наркы мамлекеттин мойнунда болот. Ошентип, үчүнчү тарап экинчи тараптан сатып алганда баштапкы ээсине баасын төлөп берүү милдети ага жүктөлбөйт. Ал эми эгер гаасыб жеке адам болсо, анда наркын кайтаруу милдети биринчи сатып алуучунун, ошондой эле экинчи сатып алуучунун жана кийинки сатып алуучулардын бардыгынын мойнунда болот.

Б.     Экинчи тарап жерди мамлекеттен базардагы кадимки баа менен сатып алышы керек.

В.     Гасб болгон жердин үстүнө курулган курулуштун наркы жердин өз наркынан жогору болушу керек.

Демек, суроого жооп төмөнкүдөй болот:

Мамлекет тартып алуучу болсо, андан сатып алуу жаиз эмес. Бирок мамлекеттен сатып алган тараптан алуу жаиз болот, төмөнкү эки шарт менен:

Биринчи шарт: Эгер ал жерди мамлекеттен базардагы кадимки баа менен сатып алган болсо, сатып алуучу бир уюм болсун, жеке адам болсун – айырмасы жок. Башкача айтканда, аны белек, тартуулоо же акысыз түрдө кызматтык мансабынан улам албашы керек.

Экинчи шарт: Жердин үстүнө курулган курулуштун наркы жердин наркынан жогору болушу керек.

Мындан тышкары, эгер мамлекеттен сатып алган тарап уюм болсо, анда үчүнчү шарт кошулат. Бул учурда коомдон сатып алуу жаиз болушу үчүн, ал шариатка ылайык түзүлгөн уюм болушу зарыл. Башкача айтканда, мисалы, акционердик уюм өңдүү жаиз эмес коом болбошу керек.

04/03/2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button