Комментарий
Trending

Батыштын Палестина мамлекетин таанышы

Батыштын Палестина мамлекетин таанышы

Жаңылык:

Британия, Австралия жана Канада жекшемби күнү расмий түрдө Палестина мамлекетин таанышты. Ал эми Португалия да ушул эле кадамды бүгүн кечирээк жасай турганын Тышкы иштер министрлиги мурунку күнү билдирген.

Британиянын премьер-министри «X» платформасындагы сөзүндө мындай деди: «Бүгүн биз Палестина мамлекетин таанып, палестиналыктар менен яхудийлердин ортосунда тынчтыктын үмүтүн жандандырабыз… Бүгүн биз Палестина мамлекетин тааныган 150дөн ашуун мамлекетке кошулабыз» (Al Jazeera Net).

Комментарий:

Мусулман өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттары бул кабарды Палестина жеринин жеңиши жана боштондугу катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бирок чындык башкача: бул болгону мусулмандардын көзүнө май шыбап, аларга эч кандай пайда бербеген, тескерисинче зыяндуу болгон жаңы уктатуучу каражат болуп саналат. Мусулмандар же палестиналыктар мындай таануудан эмне пайда көрөт? Бул мамлекеттер, башында Британия өзү, Палестинаны бошотуу үчүн аскер жибереби? Ошол эле Британия яхудий түзүмүн биздин берекелүү жерибизде негиздеп, аны колдогон мамлекет эмес беле?

Чындыгында, бул мамлекеттер – айрыкча Британия – үммөттүн башына түшкөн балээнин башаты. Анткени ал Палестинаны яхудийлерге энчилеген. Халифалыкты кулаткандан кийин бул түзүмдү коргоп, ага бардык күч-кубаттын себептерин берип, аны үммөттүн жүрөгүндө бекемдеп, айланасына аны сактап-колдоп турган колонизаторлор тарбиялаган режимдерди орнотту. Натыйжада алар яхудий түзүмүнүн «ишенимдүү күзөтчүлөрүнө» айланышты.

Эске алууга зарыл болгон негизги пункттар:

Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿كَيْفَ وَإِن يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلّاً وَلَا ذِمَّةً يُرْضُونَكُم بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَى قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ﴾

«Кантип? Эгер алар силерге үстөмдүк кылса, силер менен тууган экендигине да, өздөрү түзгөн келишимдерге да карап олтурбайт. Алар силерди оозу менен гана ыраазы кылат. Бирок жүрөктөрү (өздөрү) айтканын чанат жана алардын көпчүлүгү баш ийбес бузукулар». (Тообо:8).

Демек, бул каапыр мамлекеттер мусулмандарга жакшылык алып келбейт жана жамандыкты да тосуп бере алышпайт. Тарых өзү алардын кылмыштарына күбө, үммөттүн каны бүгүн да алардын колдорунан тамып турат.

Бул «таануулар» биз үчүн жерде эч кандай жакшылык алып келбейт, тескерисинче, кылмышкер түзүм бул мүмкүнчүлүктү бүтүндөй Палестинада өз бийлигин кеңейтүүгө колдонууда. Муну Нетаньяху жана башка кылмышкер жетекчилер ачык эле айтып келишет. Бул түзүм Палестинаны өз көзөмөлүнө ала алган эмес, бирок аны коргоп турган чыныгы коргоочусу болгон Ислам мамлекети кулатылган соң гана ага мүмкүн болду. Халифалардын бири: «Эгер Халифалык куласа, Палестина да жоголот жана акысыз зордолот» деген эле.

Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү аскерлер! Аллах силерден жалбарып дуба кылууну гана кабыл албайт. Чечимдин ачкычы силердин колуңарда. Аллах силерден: Исламды коргодуңарбы? Палестинаны азат кылдыңарбы? Же аманатка кыянат кылып, Батыш колонизаторлорунун агенттери болгон башкаруучуларыңарды коргоо үчүн курал көтөрдүңөрбү? – деп сурайт.

Акырында айтаарыбыз, Палестина маселеси Батыштын чечимдери жана таануулары менен чечилбейт. Ал үммөттүн аскерлери ихлас ээлери болгон жетекчиликтин артынан жүрүп, кайрадан рашид Халифалыкты тикелегенде гана чечилет. Ошондо алар яхудийлерди жана аларды колдогондорду тамырынан жок кылышат, үммөткө өзүнүн азаттыгын жана ыйык жерлерин кайтарышат.

Хизб-ут-ТахрирдинБорбордукмаалымат бөлүмү радиосу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button