Чыгыш Түркстан: бүтүндөй элди кырып жок кылууда маалыматты жашыруу

Басма сөз баянаты
Чыгыш Түркстан: бүтүндөй элди кырып жок кылууда маалыматты жашыруу
Чыгыш Түркстанда энелер камакка алынып, балдар үй-бүлөлөрүнөн ажыратылып, жаш кыздар төрөткө жараксыз кылынууда… Чыгыш Түркстанда эл үнсүз жашыруун кырылып жатат. (Чыгыш Түркстан маалымат агенттиги, 12/09/2025-ж.).
Баарына ачык-айкын: кылмышкер Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстандагы мусулман элдин өздүгүн өчүрүүгө аракет кылууда. Алар аялдарды басынтып, кысымга алып, кийимдери жана намаздарына тыюу салууда. Балдарды ата-энелеринен бөлүп алып, мээлерин жууп, атеисттик сакофат менен азыктантып, Исламдан алыстатууда. Мындан тышкары, жаш кыздарды тукумсуз кылып, жаңыдан Исламды тутунган муундун өсүп чыгышын токтотууну көздөшүүдө.
Кытайдын Чыгыш Түркстанда кылып жаткан иштери – Газадагы яхудийлердин согушунан кем эмес коркунучтуу согуш. Бул – Исламга жана мусулмандарга болгон терең жек көрүүнү ачып берген кыргын согушу. Бул – Исламдын бардык жердеги душмандарынын согушу. Кытайдын Чыгыш Түркстандагы согушу – үнсүз согуш. Максаты элди кырып жок кылуу, өздүгүн өчүрүү, тамырынан ажыратуу, дининен алыстатуу жана аны коммунисттик сакофатка сиңирүү. Ал эми яхудий түзүмүнүн согушу ачык, курал жана ачарчылык менен жүргүзүлүүдө. Бул баскынчы түзүм жана анын жактоочулары Газадагы элди тукумсуз кылуу, жерин басып алуу жана көптөн бери пландап жүргөн чоң кыялын ишке ашыруу үчүн аракет кылууда.
Бул залимдер жүргүзүп жаткан согуштар геноциддик согуштар болуп эсептелет. Максаты, Исламга жана мусулмандарга тиешелүү болгон нерсенин баарын жок кылуу жана залим кафир кылмышкерлердин хазаратын үстөм кылуу. Алар бири-бирин колдоп, ар-намысты кордоп, кан төгүп, ыйык нерселерди тебелеп, жерлерди тартып алышууда.
Бул адилетсиздикке жана эзүүгө карабастан, биз Газадагы элди сабырдуу, бекем турганын жана дүйнөгө өз жерин коргоо жолунда курмандык жана жан аябастык боюнча сабак берип жатканын көрүүдөбүз. Ошондой эле уйгур мусулмандарын да ажыдаар жулуп кете албаган жерге тамырлары орногон ийилбей турган дарактай көрөбүз. Чыгыш Түркстан эли Кытай бийлиги тарабынан көрүп жаткан зулумдук, кысым жана кыргын согушунан келип чыккан мыкаачылык кылмыштарына карабастан, таза Ислам дининен баш тартууга жана аны четке кагууга мажбурлашына каршы турушууда.
Кытай ар бир мусулманды камакка алып, кыйнап, дининен баш тартууга жана четке кагууга мажбурлаш үчүн бир нече лагер түздү. Бул лагерлерде алардын мээсин жууп, атеисттик коммунисттик сакофат менен толтурушууда. Кытай атайылап бул катаал саясаттарын жана мыкаачылык иштерин жашырууга аракет кылууда, бирок бул жийиркеничтүү иштеринин жыты жайылып чыкты. АКШнын Мамлекеттик департаменти 2024-жылга карата Адам укуктарынын абалы боюнча жылдык отчетунда (12-августта жарыяланган) Кытай Чыгыш Түркстанда геноциддик кылмыштарды жана адамзатка каршы кылмыштарды улантып жатканын дагы бир жолу ырастады.
Өзүнүн жийиркеничтүү саясатын жана кылмыштарын жашыруу үчүн Кытай «Шинжаңдагы адам укуктарынын өнүгүшү» аттуу форум сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келет. Ал форумда көтөрүлгөн бардык темалар Чыгыш Түркстандагы адам укуктарына каршы кылмыштарын актай турган жана дүйнө алдында жийиркеничтүү жүзүн жасалма сулуу көрсөтө турган аракеттер болду. Бул жасалма иш-чаралар чыныгы репрессиялык абалды жашырып, чындыкты көмүскөдө калтырууга жана уйгур мусулмандарына каршы жасалган бузукулуктарды актоого багытталган.
Бир нече жылдардан бери Кытай Чыгыш Түркстанды басып алуусун кооз көрсөтүү жана этностук геноциддин негизги тиректеринин бири болгон улутчулдук саясатын күчөтүү максатында «материалдык эмес маданий мурас» көргөзмөсүн уюштуруп келет. Бул көргөзмө аркылуу Кытайдын пропагандасы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу Чыгыш Түркстандагы жергиликтүү элдердин мурастары кытай маданиятынын бир бөлүгү же анын таасири астында калыптанган деген жалган түшүнүктү жайылтууга аракет кылууда.
Эй Ислам үммөтү! Чыгыш Түркстанда уул-кыздарыңа зулумдук кылынып жаткан учурда сен кайда жүрөсүң?! Бул кордукка жана бул унчукпай турган абалга эмне себеп болду? Сенин уул-кыздарың көрүп жаткан зулумдуктарга жана эзүүлөргө карабастан, алар каршылык көрсөтүүдө, бекем ыйман менен күрөшүүдө, Кытай бийлигинин басынтуусуна карабай азиз бойдон калууда. Анда аларды колдоо үчүн эмне күтүп жатасың?!
Бул кафир залимдердин уйгурларга кылган зулумдугу Исламга каршы согушун жана жек көрүүсүн чагылдырып турат. Исламды жок кылууну, момундардын жүрөгүнөн жоготууну каалап жатышат. Бирок алар бекем турушууда жана диндеги бир туугандарынан жардам сурап жатышат. Эй мусулмандар, силер эмне кыла аласыңар?
Эй мусулман аалымдары! Силердин бир туугандарыңар Чыгыш Түркстанда Исламды элге үйрөтпөсүн деп өлтүрүлүүдө. Алар Ислам өкүмдөрүн жайылткан жана аны түшүндүргөн аалымдар эле. Бирок Кытай аларды унчукпай калтырууга аракет кылууда. Силер болсо өзүңөрдүн пайгамбарлык мурасыңарды жайылтууда кайдасыңар? Кытай мусулмандарга каршы тымызын жүргүзүп жаткан бул согушту минбарларда ачык айтып, элге кабар кылдыңарбы? Мусулмандардын аскерлерине кайрылып, бул геноцидди жана этностук тазалоону токтотууга шашылыш түрдө үндөдүңөрбү?
Кытай терроризмге каршы күрөшүп жатат деп доомат коюп, «жаңы кырдаалда терроризмге каршы күрөшүү жана дүйнөлүк коопсуздукту сактоо: аймактык жана эл аралык жоопкерчиликтер» деген аталыштагы «Тынчтык» конференциясын өткөрдү. Ошондо эл аралык системаны терроризмге каршы күрөшүүгө жана дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылууга кызматташууга чакырды. Бирок эми «терроризм» деген эмне экени айкын болду: бул — Ислам жана ага байланыштуу ар бир нерсеге каршы күрөшүү үчүн курал. Анткени Ислам өзүнүн байыркы улуу хазараты менен кайрадан өз ордун ээлеп, жашоого кайтып, адамдарды куткаруунун жана кутулуунун жолуна жетелеп, бул жийиркеничтүү бузук Батыш идеологиясынын бир да изин калтырбастан жок кыла турган дин.
Эй мусулмандар! Биз «Хизб ут-Тахрир» партиясынын аялдар бөлүмү катары Аллахты күбө кылабыз: биз күч жана кудурет ээлерин кайра-кайра чакырып, жардам тилеген үндөрүбүздү чыгарып келдик. Биз аалымдарга, аскерлерге жана саясий чечим ээлерине кайрылып, бул кыргындарды токтотууга чакырдык. Биз дагы бир жолу кайталап айтабыз: бул нерсе мусулмандарды бириктирген жана кафир кылмышкерлердин колдорунан куткарган мамлекетте гана ишке ашат.
Эй мусулмандар! Душмандарыбыз бизди бир үммөт катары көрүшөт жана Ислам жерлеринин бардыгында бизге душман катары мамиле кылышат. Алар уулдарыбызды басынтып, кырып жатышат жана баарыбызды жок кылууга умтулушууда. Анда качан силер ордуңардан турасыңар? Качан каныңар кайнап, бул согуш жашоо же жок болуу үчүн болгон согуш экенин түшүнөсүңөр? Бул согуш эки хазараттын ортосундагы согуш экенин качан аңдайсыңар? Биздин Исламий хазарат менен алардын хазаратынын ортосундагы согуш экенин качан түшүнөсүңөр?
Булар Чыгыш Түркстан элинин, же Газа элинин, же Борбордук Африкадагы мусулмандардын гана кыргындары менен чектелбестигин качан түшүнөсүңөр? Маселе мунун баарынан алда канча терең: бул — Алим жана Хаким болгон Аллахтан келген хазарат менен Жаратканга каршы чыккан, мыйзам чыгарып, өкүм койгон кемчиликтүү адамдын ойлоп тапкан хазаратынын ортосундагы согуш. Асман менен жерди Жараткан Өкүмдар жана Билүүчү болгон Аллах берген хазарат менен, керт башы үчүн гана жашаган, напсисин ээрчиген адам ойлоп тапкан хазаратттын ортосунда кандай гана чоң айырма бар!
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
19.09.2025