“Тегерек стол” жыйыны жана анын туундулары чөлдөгү закымга окшойт. Чаңкаган адам аны суу деп ойлойт

“Тегерек стол” жыйыны жана анын туундулары чөлдөгү закымга окшойт. Чаңкаган адам аны суу деп ойлойт
2025-жылдын 11-сентябрында Стамбулдагы тарыхый Чыраган сарайында «Газа жана ыйык жайлар боюнча эл аралык тегерек үстөл жыйыны» ишин баштады. Ага 20дай өлкөдөн диний, саясий жана фикрий жетекчилер кеңири катышып, жыйынга эл аралык мүнөз берди. Түркия тараптан «Худа» партиясынын төрагасы Закария Япиджиоглу, «Жаңы Рефах» партиясынын төрагасы Фатих Эрбакан, ошондой эле Диний иштер башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш жана бир катар чоң аалымдар менен ойчулдар катышышты.
Биринчи күн үч негизги багытка арналды:
- Абрахам келишимдерин кайра кароо жана ага каршы чыныгы Ибрахимий кызматташтыкка чакыруу;
- Масжид ал-Акса менен Масжид Ибрахимийди коргоо;
- Газанын күндөн-күнгө оорлоп жаткан гуманитардык абалын талкуулоо.
Көз караштарда яхудийлердин кыргындары баса белгиленип, эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырыктар болду. Ошондой эле Америка яхудий түзүмүнө саясий калкан болуп берип жаткандыгы үчүн айыпталып, чабуулдарды токтотуу үчүн БУУнун кийлигишүүсү талап кылынды.
Катышуучулар палестиналык трагедия жалпы инсаний кыйматтарды коркунучка салганын баса белгилешип, сөз менен айыптоо баскычы өтүп кеткенин, эми ыйык жайларды сактоо, Кудус менен Халилдин өздүгүн коргоо, оккупацияны токтотуу жана эл аралык чечимдер менен Араб тынчтык демилгесине ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин куруу зарыл экенин айтышты. Алар дүйнөлүк коомчулуктун унчукпай турганы кризисти күчөтүп жатканын, кол салуулардын уланышы жана реалдуу жооптун жоктугу жөнөкөй элдин азабын эки эсе оорлотуп жатканын белгилешти. Ошондой эле яхудий түзүмүнүн саясатына каршы чыккан яхудий үндөрү да бар экени өзүнчө көрсөтүлдү.
Мындай “тегерек стол” сыяктуу конференциялардын позициялары аябай алсыз. Алар таттуу сөздөрдүн гана тегерегинде айланып жүрүшөт жана бул сөздөрдөн кийин яхудий түзүмүнүн кекиртегин кесип салчу чыныгы, олуттуу аракет келбейт! Бул иштер “жеген адамды семиртпей турган жана ачкалыктан куткарбай турган” пайдасыз аракеттер, тескерисинче үммөттүн жүрөгүнө орнотулган рак шишигиндей, булганыч түзүмгө кызмат кылат.
Газага каршы яхудий түзүмү жүргүзүп жаткан жапырт, жырткыч согушуна жана анын күнү-түнү улантылып жаткан баскынчылыгына келсек, адаттагыдай эле бул «тегерек столдун» позициялары какшап кайталаган айыптоо, наразылык билдирүү жана эл аралык системаны кийлигишүүгө чакыруудан ашкан жок. Яхудий түзүмү жана анын артында турган Америка алардын бул айыптоолоруна же кыйкырыктарына маани берип койчудай эле! Алар танктарды, учактарды жана ракеталарды зайтун бутактары менен тосуп алган адамдай болушту. Бул яхудий түзүмүнө мындай билдирүү болуп калды: алар кылмыштарын, бомбалоолорун жана талкалоолорун уланта беришет, аларга жооп катары айыптоо жана наразылыктан башка эч нерсе болбойт.
Булардын жыйындары тажата турган бир рутина экендиги ачык болду. Мусулмандарды жана алардын көйгөйлөрүн колдоодо эч бир жаңы нерсе жок, алардан мындан башкасы күтүлгөн деле эмес. Бул жыйынга катышкандардын картасы үммөттүн көзүндө күйүп кеткен, алардан жакшы нерсе күтүлбөйт.
Бул өкүмдарлар үммөттү жана анын аскерлерин мусулмандардын азап-кайгыларын жок кылып, яхудий түзүмүнүн зомбулугуна каршы жихадша чыгуудан кармап турган адамдар. Алардын артында колонизатор батыштын жиптери турат. Бул конференция — яхудий түзүмүнүн жашоосун узарткан дагы бир жардамчы үстөл деп айтсак болот.
Көзү бар, пикири бар ар бир адамга жашыруун эмес, бул өкүмдарлар биздин өлкөлөрдөгү колониализмдин негизги таянычтары. Алар болбосо үммөт душмандарын сүрүп чыгып, жерлерин бошотуп, Раббисинин шариаты менен даңк жана улуулукта жашамак. Биз бул чакырыкты кайталап жатабыз: үммөт биз менен бирге жүрүп, аны төмөн даражага түшүргөн себебин жоготуп, бөлүнүшүн жана алсыздыгын жоюп, пайгамбарлык манхажы негизиндеги рашид Халифалыкты орнотсун. Ошондо гана биз улуулукка, жеңишке жана ийгиликке жетебиз!
Халифалык кулатылгандан бери үммөттүн абалы түп тамырынан өзгөрдү. Бул өзгөрүү жашоонун деңгээлинде жана мамлекеттер аралык мамилелерде гана эмес, эң тагдыр чечүүчү жана шашылыш маселелерге болгон мамиледе да болду. Алдынкы доорлордо реакциялар ар-намыс менен урмат-абийирди камтып, душмандарды коркутчу. А түгүл бүтүндөй элдер мусулмандардын күчүнөн чочулашчу. Мусулмандар болсо эң алсыз абалында да зулумдукту унчукпай калтырчу эмес. Ар бир мусулмандын үстүнөн жасалган кол салуу үчүн үлкөн аскерлер кыймылга келчү. Анткени ошол учурда түшүнүк ачык болчу: мусулмандардын согушу бир, алардын тынчтыгы бир, жана жүрүм-турум да ушул негизде болчу.
Ал эми бүгүн биз таптакыр тескери абалда турабыз: биз моюн сунуп ийилгенбиз, жана ар ким бизди үстүбүзгө минип алууга умтулат! Бардык кол салууларга карата реакциялардын алсыздыгы ачык көрүнүп калды. Тегерек столдон чыккан нерсе болгону айыптоо билдирүүсү болду. Кан менен сөөгү чачыраган көрүнүштөр олуттуу позицияны козгогон жок. Атүгүл кыргындар болуп жаткан учурда да жетекчилер чогулуп алып бири-бирин мактоо менен алек болушат!
Булар кайра-кайра чогулуп жатышат. Алар үммөттүн намысын тартып алышты. Алардын сүйлөгөн сөздөрүнүн чеги: «айыптагыла, жек көргүлө, каардангыла» дегенге барып такалды. Бул синонимдердин чегинде эмне кылгыңар келсе кылгыла, бирок эркектерге ылайык ишке өтпөгүлө. Бул адамдар ондогон жылдар бою ушинтип келишет, бул жолу да мындан ары өтө алышкан жок.
Чыныгы ар-намыс өкүлдөн келбейт, кызматчыдан да келбейт. Ал жүзүн Аллага багыттаган, Алла буйруганды аткарган жана Алла ыраазы болгон түзүмдү орноткон адамдан келет. Бул ар-намыс асыл, мабдаий Раббаний фикраттан чыгат. Ал чет элдик мите курттай болгон секулярдык ойлордон келбейт.
Азыр болуп жаткан жана боло турган кол салууларды бул чогулган жетекчилер да, алардын ичинде «урматтуулар» да токтотпойт. Алар ар-намыстын маанисинен таптакыр алыс. Бул кордук, басынуу жана төмөндөөнү жойчу жалгыз жол – бул тактыны кулатуу жана Алланын буйругу менен башкарган башкаруучуга, т.а пайгамбарлык минхажы боюнча адилеттүү Халифага байъат берүү. Ал халифа аскерлерди жетектеп, душмандарды талкалап, баскынчыларды акыйкаттын бийлиги астына салат. Биз муну жакын арада көрөбүз, инша Аллах.
Устаз Абдулхалик Абдун Али
Роя гезити