Басма сөз

Америкага сапар: кордоо, жалынуу, мыйзамдуулук, жеңилүүлөр жана жаңы ролдор – баары бир жерде!

Басма сөз баянаты

Америкага сапар: кордоо, жалынуу, мыйзамдуулук, жеңилүүлөр жана жаңы ролдор – баары бир жерде!

Түркия президенти Эрдогандын БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Америкага баруусу уяла турган көрүнүштү чагылдырды. Бул уят анын өзүнө гана эмес, бардык мамлекет башчыларына да тиешелүү болду. Анткени текебер америкалык президент Дональд Трамп Ассамблеяда сөз сүйлөп, Америка саясий, аскерий жана экономикалык жактан  дүйнөдөгү «эң чоң жана эң күчтүү өлкө» экенин жарыялады. Ал өзүнүн сегиз айлык бийлигинде дүйнөгө кошумча 17 триллион доллар «салык» салганын, Американын абалы эң сонун экенин, ал эми калган мамлекеттер «тозокко кетип баратканын» айтты. Ал БУУнун чечимдери эч кандай пайда бербесин, өзү болсо жети айдын ичинде жети согушту токтотконуна маашырланды. Ошондой эле 2023-жылдын 7-октябрын «ХАМАС террористтеринин айбанчылыгы» деп атап, чечим туткундарды дароо бошотууда экенин билдирди. Андан тышкары дүйнөдө эң көп куугунтукка кабылган дин — христианчылык экенин кошумчалады.

Трамп өз сөзүндө Латын Америкасынан тартып мусулман өлкөлөрүнө, Европадан тартып Орусияга чейин бардык мамлекеттерди шылдыңдап, америкалык текебердикти эң катуу үн менен көрсөттү. Ал эми мамлекеттердин өкүлдөрү бул сөздөрдү залда кол чаап тосуп алышты!

Андан кийин кезек АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио тарабынан Түркия тууралуу түздөн-түз сөзгө келди. Ал: «Трамп менен жолугууга барган лидерлер Американын алдына Газа маселесин чечүү үчүн жалдырап келишет. Ак Үйдүн сыртында каалагандай сүйлөшсө да, акыр аягында ага чуркап барышат. Эрдоган да сөзсүз Ак Үйгө келет. Бардык лидерлер Трамп менен беш мүнөт жолугуп, кол алышуу үчүн жалдырайт» деди. Ал эми АКШнын Түркиядагы элчиси Том Барак: «Трамп Эрдогандан тажады, бирок ага керек болгон мыйзамдуулукту берет» деп билдирди. Анын айтымында, маселе S-400 же F-16 учактарында эмес, эң башкысы — «мыйзамдуулукта».

Трамп менен Эрдогандын жолугушуусу ушундай кор абалдын шартында өттү. Сапарга чейин маалымат каражаттары Трамптын уулу менен Эрдогандын Стамбулдагы жашыруун жолугушуусу тууралуу кабар таркатышкан. Анда 300 «Боинг» учагын сатып алуу келишими түзүлүп, анын ордуна  жолугушуу үчүн убакыт белгиленгени айтылган. Башка лидерлер беш мүнөт үчүн жалдырап жүрүшкөндө, Трамп менен Эрдогандын жолугушуусу бүтүндөй эки саатка созулду.

Бул жолугушуу маалында Трамп   яхудий түзүмү жана Газа тууралуу бир ооз да сөз кылган жок, пастор Брансон маселесин эске салган жок, же жасалма шайлоолорго ишара кылган жок. Жолугушууда тескерисинче абдан татаал жана маанилүү маселелер талкууланды. Алардын катарында: Сирия, Украина, F-16 жана F-35 учактарын жана аскердик ок-дарыларды сатып алуу, «Американын душмандарына каршы күрөшүү мыйзамы» боюнча душман мамлекеттерге салынган санкциялар, Түркиянын географиялык жактан газга бай аймакта жайгашкандыгына карабай дүйнөнүн экинчи четинен 45 миллиард долларлык суюлтулган газды 20 жылга сатып алуусу, өзөктүк энергия, «Халк банк» иши жана Хейбели-Ададагы руханийлер мектеби маселелери бар эле. Бирок бул жолугушуулардын майда-чүйдөсү али ачыла элек.

Трамп болсо: «Эрдоган менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүбүздү билсеңер, таң каласыңар» деп билдирди. Өзгөчө көңүл бурдурганы, Трамп Эрдоганды эшиктен өзү тосуп алып, ага орун берип, мактоо жаадыргандыгы, узак маек өткөргөнү жана аны «сонун жолугушуу болду» деп узатып койгону болду. Бул көрүнүш ал жерден кандай чоң жеңилүү менен чыкканын жана кандай ролдор жүктөлгөнүн ачык көрсөттү.

Калкы мусулмандар болгон бир мамлекеттин Америка Кошмо Штаттары менен союздаш болушу такыр эле кабыл алынбай турган нерсе. Анткени АКШ — Исламга жана мусулмандарга ачык душман, Ислам өлкөлөрүндө болуп жаткан бардык мыкаачылыктардын шериги, Газаны кыруудагы шериктеши жана яхудий түзүмүнүн толук колдоочусу. Ошондой эле дүйнөнү кордогон жана аны кысымга алган текебер америкалык президент Трампты «дос» катары көрүү, бир гана жолугушуу үчүн ушунча жеңилүүлөрдү берүү — таптакыр четке кагылышы керек болгон иш. Мындан тышкары, Эрдогандын «Фокс Ньюс» каналына берген билдирүүлөрүн АКШнын мамлекеттик катчысы Рубионун сөздөрүнө жооп кайтаруунун ордуна Түркиянын Байланыш башкармалыгынын түшүндүрүп жатканы — абдан уяттуу көрүнүш. Трамп менен жолугушуу үчүн жасалган бул кордук — биздин келечегибизди жана өлкөбүздү тобокелге салуу, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана Газа элине ачык-айкын түрдө кыянаттык кылуу болуп эсептелет.

Хизб-ут-Тахрирдин Түркия вилаятындагы маалымат бөлүмү

28.09.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button