Исламга каршы каратылган жашыруун күрөш: Борбор Азиядагы кайра тарбиялоочу борборлордун чыныгы жүзү

Исламга каршы каратылган жашыруун күрөш: Борбор Азиядагы кайра тарбиялоочу борборлордун чыныгы жүзү
29-сентябрда Бишкекте өткөн аймактык конференцияда, Сирия менен Ирактан кайтарылган жарандарды кайра тарбиялоо маселеси козголду. Бул дагы бир жолу Борбор Азия мамлекеттеринин гуманитардык иштерде жалгандан активдүү катышып жаткандыгын көрсөттү. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов, аталган борборду «жарандардын өмүрүн сактап калууга жана аларды мекенине кайтарууга багытталган гуманитардык миссия» деп атады. Акыркы жылдары “Мээрим” жана «Айкөл» операцияларынын алкагында Кыргызстанга беш жүздөн ашуун адам кайтарылды. Алардын көпчүлүгүн Сирия жана Ирактын лагерлеринде калган аялдар менен балдар түзгөн.
Бир караганда, бул аракеттер мамлекеттин жарандарга болгон камкордугун жана гуманисттик баалуулуктарын чагылдырган демилге сыяктуу көрүнөт. Бул аракеттер ЮНИСЕФ, Европа Биримдиги, АКШ жана башка уюмдардын катышуусу менен коштолуп, эл аралык кызматташтыктын үлгүсү катары көрсөтүлүүдө. Бирок жакшылап назар салганда, «гуманизмдин» артында саясий-идеологиялык мүнөздөгү кыйла татаал жана тынчсыздандыра турган аракет жашырылганы белгилүү болот.
Кайра тарбиялоодон өтүп жаткандардын дээрлик бардыгы мусулмандар экени жана алардын баардыгы исламий жамааттар менен байланыштуу болгону кокустук эмес. Бул жөн гана гуманитардык демилге эмес, тагыраагы саясий чечим. Негизинен, Ирак жана Сирияда калган аялдар менен балдар мамлекетке ачык коркунуч жаратпайт. Бирок ар түрдүү исламий көрүнүштөрдөн кооптонгон мамлекеттер үчүн мындай адамдар, “каршылык көрсөтүүчү символ” катары бааланат. Тагыраагы, алар башка дүйнө тартибин көтөрүп жүрүүчү болуп бааланат.
Расмий билдирүүлөрдө айтылган «реинтеграция» чындыгында идеологиялык тазалоону билдирет. «Психосоциалдык колдоо» жана «билим берүү мүмкүнчүлүгү» деген ат менен көзөмөл, байкоо жана кайра тарбиялоо түзүмү жашырылууда. Бул демилгенин алкагында, кайтып келген аялдар суракка алынып, алардын жүрүш-турушуна чектөөлөр коюлуп, диний практикалары жашыруун көзөмөлдө болот. Ал эми балдар «секулярдык стандарттарга» ылайык, алардын өздүгүн өзгөртүүчү программаларга тартылат. Бул иш-чаралар медиа аркылуу «жакшылык» катары көрсөтүлүүдө. Ошондой эле коомчулукка күмөн саноого мүмкүнчүк калтырбаганга аракет кылынууда.
Бул жерде кеп «радикализм» аттуу миф менен күрөшүүдө эмес, тагыраагы ислам акыйдасынан келип чыгуучу түшүнүк, тарбия жана жүрүм-турум моделин сунуштай турчу проектти нейтралдаштыруу долбоору жөнүндө болуп жатат. Капиталисттик мамлекеттер жана колонизаторлордун башкаруусундагы авторитардык бийликтер, исламды жөн гана дин эмес, атаандаш идеология катары көрүшөт. Дал ошол себептен ишенимдүү, активдүү жана уюшкан мусулмандар автоматтык түрдө «экстремист» деп айыпталып «кооптуу» категориясына түшүп калышат. Кайра тарбиялоо иш-чаралары бул контекстте өз жарандарын коргоо эмес, тескерисинче, кооп туудурбай турган абалда, түзүмгө көйгөй жарата турган адамдарды алдын ала көзөмөлдөп алуу ыкмасы болуп жатат.
Ошол эле учурда, бул иштер аркылуу, мамлекеттер эл аралык имиджин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Батыш уюмдары менен «гуманитардык кызматташтыкты» көрсөтүү аркылуу алар эки тараптуу оюн ойноп жатышат. Сыртынан гуманизм, ырайымдуулук көрсөтүлсө, ичинен исламга каршы жашыруун системалык аракеттер жүрүүдө. Натыйжада, биз эки жүздүү көрүнүшкө күбө болуудабыз.
Кече эле радикал жана коомго кооптуу саналган адамдар, бүгүн мекенине кайтарылып жатышат. Бирок аларды коргоо максатында эмес, тагыраагы алардын өздүгүн көзөмөлдөө үчүн.
Ошондуктан Борбор Азиядагы азыркы кайра тарбиялоочу миссиялар, бул жөн гана жарандарды кайтарып келүүгө каратылган эмес. Бул – өзүнчө саясий операция. Мындай иш-чараларда, Гуманизм – идеологиялык күрөштүн куралына айланып калат. Ал эми «Куткаруу миссиясы» чындыгында идеологиялык тазалоо, баш ийдирүү жана исламдын таасирин алсыздандыруу механизмине айланды. Мына бул, чынында исламга каршы каратылган күрөш. Гуманитардык иш-чара катары айтылган процесстердин аркасында, Исламды жок кылуу аракеттери жашырылууда!
Бул стратегиянын алкагында, куткаруу – жок кылуу ыкмасына, ал эми гуманизм – көзөмөлдөө куралына айланат.
Ошондуктан, кайра тарбиялоо эркиндикке кайтуу эмес, тескерисинче көзөмөлгө кайтуу экенин түшүнүү зарыл.
Хужжат Жамиа