Көзөмөл астындагы салыктар: Бизнес үчүн жаңы реалдуулук

Көзөмөл астындагы салыктар: Бизнес үчүн жаңы реалдуулук
Кыргызстандын Министрлер Кабинети салыктык башкаруунун эрежелерин түп-тамырынан бери өзгөртө турган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте бизнеске көзөмөлдү күчөтүү, процесстерди санариптештирүү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган.
Салык органдарына видео көзөмөл системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү талабы эң көп талкуу жараткан жаңылыктардын бири болду. Эгерде камералар жок болсо, анда текшерүүчүлөр аларды өздөрү орнотушу мүмкүн. Бул маалыматтарды салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана мыйзам бузууларды каттоодо колдонуу пландаштырылууда.
Мамлекет катаал көзөмөл аркылуу салык тармагында тартип орнотууну каалап жатат. Бул үчүн салык кызматына камераларга кирүү мүмкүнчүлүгү, рейддердин санын көбөйтүү, бизнестен көбүрөөк маалыматтарды алуу, ал тургай соода борборлору менен базарларды көзөмөлгө туташтыруу сыяктуу көбүрөөк таасир куралдарын берүү сунушталууда. Демилгенин маңызы дал ушундай.
Бул аракет туура кадамдай туюлушу мүмкүн. Башкача айтканда, «көмүскө» иш алып баруулар азаят, ачыктык пайда болот, салык жыйымдары жогорулайт деген шыллтоолор айтылууда. Бирок, мунун баары кандай таризде ишке ашырыла турганына көңүл бура турган болсок, олуттуу суроолор жаралат.
Эң назик маселе – бул камералар. Ишкерлер же өздөрүнүн видеокөзөмөл системаларына салык кызматы үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек же текшерүүчүлөр камераларды өздөрү орнотушат. Расмий түрдө бул мыйзам бузууларды каттоо үчүн зарыл деп айтылууда. Бирок иш жүзүндө бул мамлекет жеке бизнестин ичинде эмне болуп жатканын тынымсыз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот дегенди билдирет. Мындай кадам салыктык текшерүүнүн алкагынан такыр эле чыгып кетүүдө. Бул жерде: «Эгер бул сенин жумуш жайың жана сенин менчигиң болсо, анда мамлекет олуттуу негизсиз аттап өтпөшү керек болгон чек кайда?».
Маселе принципте гана эмес, тобокелдиктерде да болуп жатат. Камералар кызматкерлерди, кардарларды жана процесстерди – айтор, бардыгын жазып алат. Маалыматтарды коргоо деңгээли төмөн болгон учурда, бул оңой эле маалыматтын ачыкка чыгып кетишине же анын башка максаттарга колдонулушуна алып келиши мүмкүн. Мындай учурда салык куралы аңдуу куралына айланып калат.
Мындан кийин рейддик көзөмөл турат. Салыкчылар келип, ошол жерден эле канча адам бар экенин, кассага акча түшүп жатканын жана төлөмдөрдүн абалын текшере алышат. Ооба, бир жагынан, бул мыйзам бузуулар менен күрөшүү. Бирок, экинчи жагынан, бул – ыйгарым укуктарды кеңейтүүдөгү аша чабуу. Чыныгы жашоодо, көп нерсе конкреттүү бир текшерүүчүгө барып такалат. Демек, басым жасоо, тандап текшерүү жана формалдуу эмес келишимдердин көбөйүү коркунучу пайда болот. Мындай «текшерүүчүнүн өз каалоосуна жараша» чечиле турган кырдаалдар канчалык көбөйө турган болсо, коррупциянын ыктымалдуулугу ошончолук жогорулай берет.
Базарлар жана соода борборлору – өзүнчө маселе. Ижара берүүчүлөргө ижарачыларды көзөмөлдөө жана алар тууралуу маалыматтарды мамлекетке өткөрүп берүү жоопкерчилиги жүктөлмөкчү. Башкача айтканда, жеке бизнес салык кызматынын функцияларын аткара башташы керек. Бул акылга сыйбас иш. Анткени ижара берүүчүдө ижарачынын салыктарын көзөмөлдөө үчүн куралы да, кызыгуусу да жок. Андан сырткары, бул табигый келишпестикти жаратат. Тагыраагы, ижара берүүчү же ижарачылар менен мамилени бузушу керек, же өзү тобокелдикке барышы шарт.
Экономикалык жактан алганда да бардыгы оңой эмес. Ири бизнес мындай шарттарга көбүнчө көнүп кетиши мүмкүн, анткени ири ишкерлерде акча, юристтер жана атайын системалар бар. Бирок кайра эле өзүн эптеп жүргөн чакан бизнес дагы кошумча жүккө туш болот. Камералар, отчеттуулук, текшерүү тобокелдиктери – мунун баары каражатты жана чоң мээнетти талап кылат. Натыйжада, ишкерлердин бир бөлүгү ишин жабат же көмүскө ишмердүүлүккө өтүп кетет. Башкача айтканда, көмүскө бизнес менен күрөшүү үчүн жасалган мындай чаралар менен аны башка көрүнүштө көбөйтүп салуу толук ыктымал.
Такси, жеткирүү кызматтары жана башка бизнес аянтчалары боюнча дагы бир маанилүү жагдай бар. Бул тармактар, аларга кирүү оңой болгондуктан жана тез киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар болгону үчүн гана популярдуу болгон. Эгерде аларды салттуу бизнес сыяктуу катаал жөнгө салып, текшере башташса, анда бул алардын эң башкы артыкчылыгын, тагыраагы, жөнөкөйлүгүн жок кылат. Жыйынтыгында, бул тармакты киреше булагы катары көргөн карапайым адамдар жапа чегишет.
Реформа «эгер көзөмөлдү күчөтсө, анда система жакшыраак иштей баштайт» деген идеянын айланасында курулууда. Бирок бул ыкма күчтүү институттар жана эң негизгиси, ишеним бар жерде гана өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алат. Болбосо, көзөмөл басым катары кабыл алынып, бизнес «таза иштөөнүн» ордуна, басымдан кутулуу жолдорун издей баштайт. Ошентип, карама-каршы бир жагдай келип чыгууда. Мамлекет кыска мөөнөттө, айрыкча күчөтүлгөн көзөмөлдүн эсебинен көбүрөөк салык жыйнашы мүмкүн. Бирок муну менен бирге бизнес үчүн чыгымдардын өсүшү, укуктарды кыянаттык менен пайдалануу үчүн шарттардын түзүлүшү жана жеке менчик чек араларынын жуулуп кетиши сыяктуу кесепеттер жанаша келет.
Маселе мамлекеттин тартип орнотууну каалагандыгында эмес. Маселе тандалган ыкмада. Тартипке келтирүү демилгелери эрежелерди жөнөкөйлөтүү жана «таза иштөө» үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу эмес, тескерисинче, аңдууну жана басымды күчөтүү аркылуу ишке ашырылууда. Дал ушул жагдай реформаны натыйжасыз кыла турган негизги көрүнүш.
Хужжат Жамиа




