
Саясатчынын жөндөмдөрүнөн: Юридикалык сабаттуулук
Юридикалык сабаттуулук – чыныгы саясий инсанды калыптандыруу үчүн маанилүү жөндөмдөрдүн бири. Бул сөз юрист болуп кетүү зарыл дегенди түшүндүрбөйт. Тагыраагы саясат жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин түзүлүшүн түшүнүү, бийлик системасынын кантип иштешин билүү, мыйзам деген эмне жана анын аткарылышы менен колдонулушунун жол-жоболорун түшүнүүнү билдирет. Кеп бийик баалуулуктар, ураандар же сөзмөрлүк жөнүндө эмес! Юридикалык сабатуулук, бул бюджеттин бөлүштүрүлүүсү, соттордун иштеши, күч органдарынын түзүлүшү жана чечимдердин ар кайсы бийлик деңгээлдеринде кантип кабыл алынаары тууралуу билимге ээ болуу демек. Мындан кабарсыз саясатчы оңой алданып, бат эле бирөөнүн колундагы оюнчукка айланып калат.
Юридикалык сабатсыздык олуттуу коркунучтарга себеп болуусу мүмкүн. Эгер бир этиятсыз кадам ташталса же уруксаты жок акция жана анын процесстери тууралуу түшүнүк жок болсо, анда саясатчы дароо абактын аркасында же айыпталуучу болуп калат. Ошондуктан «мыйзамдуу» саясий ишмердүүлүк менен, мыйзам бузуу деп чечмелене турган аракеттердин ортосундагы чек араны так билүү өтө маанилүү. Мүмкүн болгон жана кооптуу иштерди айырмалоо – саясий коопсуздукту кепилдейт.
Ашыкча эрдик кылам деп аракеттердеги жана сөздөгү кайдыгерлик, саясатчы үчүн өтө кооптуу жол. Туйгуга алдырган абалда кабыл алынган чечимдер, тобокелчилик, процедураларды тоготпоо, этиятсыз билдирүүлөр, элдин көңүлүн алууга каратылган кадамдар, институттар менен иштөөдө эрежелерди сактабагандык – мунун баары саясий атаандаштар үчүн оңой упай табууга же саясий ишмерди жок кылууга жол түзүп берет. Соттук процесттерди жана камоо жараяндарын кылмыш иштери тездеткендей эле, мындай каталар окуяны мыйзам бузуу катары баалануусун оңойлотот. Натыйжада, керексиз фигуралар саясий мйдандан оңой чыгарылат. Саясат – бул туш келди эрдик көрсөтүү сахнасы эмес. Саясатта тартип, ой жүгүртүү менен кылынган аракеттер жана юридикалык нормаларды сактоо, саясатчыны туруктуу кылып, анын четтетилишин кыйындатат. Ошентип, саясатчынын өз ишмердүүлүгүн улантууга шарт түзүлөт.
Саясатчы, өзүн жана жолдошторун коргой билүүсү зарыл. Ошондой эле, адвокаттар менен иштөө жолдорун, кармоо учурунда өзүн алып жүрүү тартибин, күч кызматкерлери менен сүйлөшүү адебин, кайсы учурларда сүйлөө же тилди тыюу керек экендигин билүүсү шарт. Бул коркоктукка жатпайт! Анткени бул натыйжаны кепилдей турган туура кадамдарынын тартиптештирилген түзүмү. Мындай жөндөмдөрсүз, чын-ыкластуу аракеттер баштала элек жатып кыйроого учурайт. Куугунтук жана жашыруун шартта саясий ишмердүүлүк юридикалык ой жүгүртүүсүз мүмкүн болбой калат. Мыйзамды түшүнгөн, аны колдоно билген киши гана, көз карандысыз жана туруктуу фигура боло алат.
Албетте, саясатчылардын бардык окуялары, башка адамдардыкындай эле Улуу Жаратуучу белгилеп койгон тагдырга шайкеш болот. Жана алардын ар биринин ажыр-сыйлыгы, ыкластуулугуна жараша берилет. Мусулман адам, Кудай жазган нерседен качып кутула албасын айкын түшүнөт. Бирок бул жерде биз саясатчылардын жеңилишине себеп болуучу жана аларды саясий майдандан четтетип коюучу аракеттер тууралуу сөз кылуудабыз.
Юридикалык каталардын себебинен саясий күрөш талаасынан оңой чыгарылгандардын кээ бир мисалдары:
Алексей Навальный (Россия) – бир нече жолу кармалып, акырында «сынак мөөнөтүн бузду» деп жана «экстремисттик уюмду каржылады» деген айып менен узак мөөнөткө кесилип, түрмөдө өлтүрүлгөн. Анын көптөгөн кадамдары, айрыкча массалык митингдерге чакыруусу жана алардын өткөрүлүшү мыйзамсыз болуп, бийлик тарабынан ага каршы колдонулду. Анын эң негизги катасы, адвокаттарынын кеңешине карабастан, туйгуга берилген абалда, Россияга кайтып келүүсү болду.
Мухаммад Мурси (Мисир) – «Мусулман бир туугандар» тарабынан президент болуп шайлангандан кийин, бийликтин юридикалык системасын туруктуу деңгээлде жөнгө сала албастан, соттордун жана армиянын лоялдуулугун кепилдей алган жок. Натыйжада, анын оппонеттери, аны укуктук механизм аркылуу массалык нааразычылыктардын уюштуруучусу деп айыптап, көптөгөн бузууларга себепкер кылып, бийликтен ажыратышты.
Имран Хан – Пакистандын мурдагы премьер-министри. Ал саясий ишмердик укугунан ажырап, соттолгон. Анын армия элитасы (истеблишмент) менен тирешүүсү, юридикалык катачылыктар жана мыйзам бузуу менен коштолгон. Жыйынтыкта, анын атаандаштары мүмкүнчүлүктөн колдонушуп, аны камакка алышкан.
«Экстремизм» же «конституциялык түзүлүштү бузуу» деген айып менен Борбор Азиядагы исламий активисттер эң көп камалуу учурлары менен таанылган. Чынында алар жөн гана исламий башкаруу тууралуу айтып чыккан кишилер эле. Алардын аракеттери формалдуу түрдө мыйзам бузуу болуп бааланды, бирок негизинен алар түшүнүк жана идея үчүн жазаланышты. Ошентип, юридикалык этиятсыздык алардын негизги алсыз жери болуп калды.
Саясий ишмердүүлүктө, айрыкча исламга душмандык кылган системага каршы альтернативдүү долбоор сунушталып жатканда, учурдагы түзүмдүн юридикалык тармагында илимге ээ болуу аздык кылат. Мындай шартта исламий саясатчы, айрыкча Халифалык долбоорун көтөрүп чыккан адам, учурдагы түзүмдүн алкагында өзүн коргой билиши керек. Бирок мындан да маанилүүсү, ал өзү сунуш кылып жаткан системаны терең билүүсү кажет. Себеби ошол түзүм, анын келечектеги саясий чөйрөсү болот жана саясатчы ал чөйрөөдө өзүнүн күрөшүн алып барат. Демек ал чөйрөдөгү эрежелерди, тыюуларды өзүнүн ишмердүүлүгү токтоп калбоосу үчүн билүүсү керек.
Кээде, түзүмдүн өзгөрүүсүн каалагандар жана ислам бийлигин орноткусу келгендер, исламий бийлик аппараты азыркы моделдерден айырмаланбайт деп ойлошот. Бул чаташуудан улам мындай ойдогулар, жат структураларды – министрликтерди, парламентти, капиталисттик институттарды эч өзгөртүүсүз көчүрүп алышат. Бирок ошол эле учурда, көчүрүлүп жаткан мекемелер, алар жамандап жаткан түзүмдүн ажыралгыс бөлүгү болуп жатканын көзгө илишпейт. Мындай аракеттерден улам, ислам альтернативасынын маңызы күңүрттөлүп, учурдагы системалардан айырмасы жок болуп калат. Натыйжада, исламий түшүнүктүн негизиндеги биримдик жоголот жана саясий топ жеңилүүгө учурайт.
Чындыгында, Исламдагы башкаруу системасы, мыйзам чыгаруу жана исламий саясий ишмердүүлүк эрежелери сыяктуу эле, тагыраагы Ислам Мамлекети (Халифалык) түп-тамырынан, түзүлүшү менен, башкаруу негиздери, мыйзам булактары, саясатты жана бийликти ишке ашыруу формалары менен да азыркы системалардан айырмаланып турат.
Халифалыктын бийлик аппараттары, заманбап түзүмдөрдүн көчүрмөсү эмес. Ал пайгамбарыбыз ﷺ орноткон башкаруу тажрыйбасына негизделип, Рашид Халифалар тарабынан ишке ашырылган. Бул структуралар, Алла таала белгилеген шарият милдеттерине баш ийген абалда иштейт.
Демек, саясий жөндөмгө ээ адамдын учурдагы мыйзамдарды түшүнүү, аларды колдонуу менен куугунтуктан сактануусу чектелбейт. Ал, өзүнүн шариаттык жана идеологиялык ордун терең түшүнөт. Анткени Исламий башкаруу моделин, анын формаларын, функцияларын жана чектерин билбей туруп Халифалык долбоорун туура куруу мүмкүн эмес. Демек, мунун баары эң негизги максаттан – Алла тааланын ыраазычылыгына жетишүүдөн буруп коёт. Жана мусулмандын негизги сыпатынан – такыбалыктан алыстатып салат.
Мындан да кооптуусу, жогорудагы сабатсыздык, исламий долбоордун бурмаланышына алып келүүсү мүмкүн. Мындан улам, исламдын саясий беделинин түшүүсү жана ислам активистинин кадырынын кыйроосу келип чыгат. Мындай саясий ишмер туйгучан болуп, бирөөнүн колунда, өзү билбеген абалда, ислам маңызын жат идеяларга алмаштыруучу куралга айланат.
Ошондуктан «Хизб-ут-Тахрир» исламий саясий партиясы «Исламдагы башкаруу түзүмү »жана «Халифалык мамлекетиндеги башкаруу жихазы» сыяктуу китептерди окуп үйрөнүүнү сунуштайт.
Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Алла силерден ыйман келтирген жана илим тартуу этилген заттарды (бийик) даража-мартабаларга көтөрөт.». («Мүжадала» сүрөсү – 58:11).
Бурана