Курулай мамлекет
Саясий сөздүк: Курулай мамлекет
Курулай мамлекет – бул иш жүзүндө өзүн мамлекет катары алып жүргөн саясий түзүм. Ал белгилүү бир аймакты көзөмөлдөйт, өзүнүн бийлик бутактары, мыйзамдары жана институттары бар, бирок башка өлкөлөр тарабынан эгемендүү мамлекет катары кабыл алынбайт (же жарым-жартылай гана таанылат).
Учурдагы теорияга ылайык, мамлекет болуу үчүн аймактын жана бийликтин болушу эле жетишсиз, ал башка тараптардан да таанылышы зарыл. Түзүлгөн түзүм Монтевидео конвенциясынын шарттарына жооп берсе дагы, сырттан кабыл алынбаса, анын статусу талаштуу бойдон кала берет.
Бул «курулай өлкө» болуп эсептелинет. Анын ичинде баары мамлекет сыяктуу түзүм негизинде иштейт, бирок сырттан аны эч ким тааныбайт. Маселен:
– Приднестровье. Бул аймакта өзүнүн бийлик органдары, армиясы, жада калса өз валютасы бар. Ал эбак эле Молдовадан бөлүнүп, өз алдынча күн кечирип келет, бирок Батыш аны дагы деле Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт. Ошол себептүү Приднестровьени кадимки квазимамлекет деп аташат: ал өзүнчө өлкө сыяктуу жашайт, бирок юридикалык жактан таанылган эмес. Анын аркасында Россия турат. Москванын максаты – Молдовага болгон таасирин сактап калуу жана анын Батыш менен жакындашуусуна тоскоолдук кылуу. Ошондой эле, бул Россияга аталган чөлкөмдө өзүнүн аскердик жана саясий катышуусун камсыздоого мүмкүндүк берет.
– Абхазия. Ал өз аймагын толук көзөмөлдөйт жана мамлекеттик институттарына ээ. Абхазия кээ бир өлкөлөр тарабынан таанылган, бирок дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү тарабынан таанылган эмес. Ал “ортодо калган” статуска ээ болуу кандай экенине ачык мисал боло алат. Тагыраагы, ал толук таанылган эмес, бирок ошол эле учурда аны таптакыр этибарга албай коюу да мүмкүн эмес. Россия түштүк Кавказдагы көзөмөлдү күчөтүү жана Грузиянын батышчыл багытына басым жасоо үчүн Абхазияга колдоо көрсөтүп келет.
– Сомалиленд. Бул курулай мамлекетти түшүндүрүүдө эң ачык мисалдардын бири боло алат. Ал жерде туруктуу бийлик, демократиялык шайлоолор жана аймакты толук көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар болгону менен, бир дагы мамлекет аны расмий түрдө тааныгысы келбейт. Башкача айтканда, бул – эл аралык статусу жок мамлекет. Учурда аны сионисттик «Израил» түзүмү гана колдоп келет.
– Түндүк Кипр Түрк Республикасы. Ал өзүнчө саясий система катары күн кечирип келет, бирок бир гана өлкө (Түркия) тарабынан таанылган. Бул анын дүйнөлүк саясатка катышуусун чектеп, «көз каранды» квазимамлекеттин мисалына айлантат. Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде стратегиялык таасирин камсыздоо, Кипрдин айланасындагы кырдаалга таасир этүү жана аймактык ресурстарга жол ачуу үчүн аны колдоп келет.
Жыйынтык: Курулай мамлекет – бул «иш жүзүндө» мамлекет, бирок эл аралык саясаттын «эрежелери боюнча» ал толук кандуу мамлекет болуп эсептелинбейт.
Бурана


