Сакофат
Trending

Саясатчынын жөндөмдөрү: Ресурстар менен иштей билүү

Саясатчынын жөндөмдөрү: Ресурстар менен иштей билүү

Саясий жана башкаруучулук ишмердүүлүктө, ар бир саясатчы көптөгөн сыноолорго туш болот. 

Саясатчынын таасирин жана элдин ага болгон ишенимин, жөндөмдөр калыптандырат. Практикалык иште бир гана харизма же сөз чеберчилиги жетишсиз. Биринчи сапка ресурстарды көзөмөлдөө, каржыларды туура пайдалануу жана демөөрчүлөрдү тартуу сыяктуу практикадагы керектүү жөндөмдөр коюлат.

Ресурстарды көзөмөлдөө – бул алгач бюджетти туура бөлүштүрүү. Бирок ресурстарды көзөмөлдөө, муну менен гана чектелбейт. Ал ошондой эле жамаат менен иштешүү, аракеттерди туура нукка багыттоо жана убакыт менен энергияны текке кетирбөө жөндөмү. Ар бир саясатчынын колундагы ресурстар – убакыт, адам күчү же мүмкүнчүлүктөр ар дайым чектелүү болот. Ошондуктан, бул ресурстарды саясатчы канчалык акылмандык менен пайдаланса, ошончолук анын максаттары ишке ашуусу натыйжалуу боло баштайт. 

Финасылык сабаттуулук да өзгөчө мааниге ээ. Эгер саясатчы бюджет кандай түзүлөрүн, акча кайда кетерин жана чыгымдарды кантип кыскартса болорун түшүнбөсө, анда ал натыйжасыз же зыяндуу чечимдерди кабыл алышы мүмкүн. Мындан тышкары, саясатчынын каржылык ишмердүүлүгү ачык жана таза болуусу зарыл. Акчаны туура сарптай билүү, бул ишенимдин да, чеберечиликтин да белгиси.

Демөөрчүлөрдү жана колдоочуларды тартуу жөндөмү өзүнчө мааниге ээ сыпат. Бул жөн гана каржы булагын табуу менен чектелбейт. Анын ичине долбоорлорду ишке ашыруу, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү кирет.  Бирок мындай мамилелер, өз ара урмат-сый жана ачыктык принциптерине негизделүүсү шарт. Саясатчы ишкерлерге же жөнөкөй демөөрчүлөргө, өз идеясынын балуулугун көрсөтө алуусу керек. Ал идеясына сарпталган каражаттар, максималдуу пайда келтирерин демөөрчүлөргө ынандыра билиши зарыл. Алгач, ал тартуулап жаткан пайда, кыямат пайдасы экенин түшүндүрө алса, демек саясатчы чеберчиликтин туу чокусун көрсөткөн болот. Ошол эле учурда, мындай колдоо көз карандылыкка же басым куралына айланбашы керек. Каржылык жардам, башка тарапты басаңдатуу же пайдалануу куралына айланбашы зарыл!

Демек, исламий саясатчы, бул жөн гана эл өкүлү эмес, тагыраагы натыйжалуу башкаруучу, стратег жана байланыштарды куруучу лидер. Ал идеологияга же программасына гана эмес, иш жүзүндө аракет кылуу жөндөмүнө да таянышы керек. 

Башкаруу, эсептөө, сүйлөшүү, чечим кабыл алуу сыяктуу сыпаттарсыз, олуттуу жана татыктуу саясий иш жөнүндө сөз кылуу кыйын. Анткени бул жөндөмдөрдүн натыйжасы, адамдардын жашоосун өзгөртөт. 

Тарых,  адилеттүү жетекчилердин окуяларына жана ресурстарды туура бөлүштүрүүдөгү үлгүлөргө көп жолу күбө болгон.

Мисалы, Юсуф (алейхиссалам) Куранда каржылык жана башкаруучулук акылмандыгы менен өзгөчө сыпатталган.

Юсуф: «Мени ушул жердин казыналарынын үстүнө койгун. Себеби мен (аларды) толугу менен сактай турган жана (туура сарптоону) биле турган адаммын», деди. (“Юсуф”, сүрөсү – 12:55)

Бул аятта Юсуф (алейхиссалам) Фиравнга өзүн экономика, каржы жана финансы тармагында сунуштап, өлкөнүн байлыктарын башкаруу жоопкерчилигин алууну өтүнөт. Ал өзүнүн сунушун: хафиз (حفيظ) сак, ишенимдүү; жана алим (عليم) билимдүү, түшүнүгү терең экендиги менен бекемдейт. Бул анын экономикалык жана башкаруучулук чеберчилигине ээ болгондугуна айкын далил. Ал бийликти мансап же кадыр-даңк үчүн сураган эмес. Ал элди күтүп турган кризистен куткаруу үчүн өзүн сунуш кылган. Мына бул акылман, илимдүү, ресурстарды бөлүштүүрүүдө жана башкарууда жөндөмдүү жетилген лидердин мисалы. 

Алла таала куранда: «Силер удаама-удаа жети жыл (дан) эккиле. Кийин оруп алган түшүмүңөрдү (бузулбоосу үчүн) өз машагында калтыргыла, бирок жей турган аз гана азыгыңарды жегиле (жанчып алгыла). дейт. (“Юсуф”, сүрөсү – 12:47)

Юсуф (алайхисалам), болочок жети жылкы молчулукту жана жети жылдык жокчулукту элге эскерткенде, ал жөн гана түш жоорууга чектелген эмес. Ал узак мөөнөтүү ачык экономикалык стратегияны түптөп чыккан. Натыйжада Юсуф (алайхисалам) Пайгамбардын акылмандыгы жана мээнети менен, Мисир эли ачарчылыктан аман калды. 

Юсуф сүрөсүндө, ал чогултулган түшүмдү машагы менен калтырылуусун жана керектүү ченемде иштетилүүсүн буйруган. Бул ыкма аркылуу, дан жылдар бою бузулбай турган. Ал казынанын башчысы болуп дайындалган соң, Аллага таянган лидер, чоң мамлекеттин башкаруусун кандай натыйжалуу алып баруусу керек экендигин көрсөткөн. 

Пайгамбарыбыз Мухаммад өз саясий ишмердүүлүгүндө материалдык ресурстарды бөлүштүрүүдө жогорку деңгээлдеги акылмандыкты көрсөткөн. Хунайн согушунан кийин, ал олжолордун көбүн жаңы эле ислам кабыл алган меккеликтерге жана алардын арасындагы кадыр-барктууларга бөлүштүрүп жиберген. Ал эми ансарларга болсо, дээрлик эч нерсе тийген эмес. Бул айрымдарда түшүнбөстүк жаратты, бирок Пайгамбарыбыз   бул алардын жүрөктөрүн бекемдөө, иманды чыңдоо максатында жасалган кадам болгонун түшүндүрүп берген.

Ансарлар бул иштин себебин уккан соң, анын улуулугун түшүнүп жетишкен. 

Пайгамбарыбыз материалдык ресурстарды узак мөөнөттүү туруктуулук жана үммөттүн биримдиги үчүн сарптаган. Ал эч качан кыска мөөнөтүү пайданы көздөгөн эмес.

Абу Бакр ас-Сиддик (радыяллаху анху) халифа болгондон кийин элдик мүлккө өтө так жана адилет мамиле кылган. Ал соода ишин токтотуп, өмүрүн толугу менен үммөткө кызмат кылууга арнады. Ал казынадан, өзүнө зарыл болгон каражатты гана алчу жана өлөөрдөн алдын, баардык каражаттары казынага кайтарылуусун осуят кылган.

Умар ибн аль-Хаттаб (радыяллаху анху) халифалык учурунда, мамлекеттик башкарууда өзгөчө тартиптүү ишмердүүлүктү көрсөткөн. Ал калкты каттоону жана мамлекеттик төлөмдөрдүн реестрин киргизген. Бул, кийинип пенсиялык фонддун алгачкы образы болгон. Анын бийлик мөөнөтүндө, инфраструктуранын өнүгүүсүнө абдан чоң көңүл бурулган. Жолдор, базарлар, суу каналдары курулуп, соода эрежелери белгиленген. Ачарчылык жылдарында ал башка аймактардан азык-түлүктөрдү тартып, элди керектүү нерселер менен камсыздаган. Ошондой эле, ал уурулук үчүн жазаны убактылуу токтотуп койгон. Бул анын боорукер жана ырайымдуу жетекчи болгондугуна айкын далил. 

Умар ибн Абдулазиз (рахимахуллах) да ресурстарды башкаруунун үлгүсү болгон. Ал халифа болгондо, сарайдагы ашыкча байлыктан – өз бейпилдигинен атасынан, чоң атасынан калган жерлерден баш тартып, мурдакы ээлерине кайтарып берген. Умар ибн Абдулазиз, коомдук казынанын адилетсиздик менен же мыйзамсыз кармалып турган байлыктарды кайтарууга каратылган реформаларды киргизген. Анын доорунда муктаждарга, карыздарларга, үйлөнө албагандарга жардам берүү кеңири жайылып, ал жеке өзү мындай тайпадагыларга каражат бөлүп, коомдук тең салмактуулукту сактоого аракет кылган.

Бул мисалдардын баары, Убар ибн Абдулазиздин каржылык сабаттуулугун, ресурстарды туура пайдалана алгандыгын жана стратегиялык чечим кабыл алууга жөндөмдүүлүгүн тастыктайт. Ал үммөткө кызмат кылуучу тартипти пайда кылган.

Демек, бул мисалдардын баардыгы финансылык сабаттуулуктун, каражаттарды туура бөлүштүрүү жөндөмүнүн жана стратегиялык чечимдердин саясий ишмердүүлүктөгү маанилүүлүгүн көрсөтөт! 

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button