Судан – оорулардын жайылышы менен “Үмүт өкмөтүнүн” алсыздыгы ортосунда!

Судан – оорулардын жайылышы менен “Үмүт өкмөтүнүн” алсыздыгы ортосунда!
Судандын Саламаттыкты сактоо министри Хайсам Мухаммад Ибрахим мындай деп билдирди: он миңдеген судандыктар безгек жана башка ооруларга чалдыгышты. Муссондук жамгырлар өлкөнүн инфраструктурасын жана согуштан жабыркаган ооруканаларды кыйнаганын айтты. Саламаттык сактоо министрлиги өткөн жума ичинде өлкө боюнча безгектин 2000ден ашык учуру катталганын билдирген. Министр белгилегендей, курт-кумурскаларга каршы дары чачуу системалары бузулган, эки жылдан ашык созулган согуш айлана-чөйрөгө жана элдин саламаттыгына түз таасирин тийгизген: таштанды жана калдыктардын топтолушу, суу булактарынын бузулушу жаңы реалдуулукту жаратып, анда чиркейлер өтө көбөйгөн. Ошондой эле дүйнөлүк жардамдын азайышы бул ооруларга каршы күрөшүүнү кыйындатканын айтып, бир эле учурда чыккан бир нече эпидемияга каршы күрөштүн баасы болжол менен 39 миллион долларга жетерин түшүндүргөн (Reuters агенттиги, 2025-жылдын 24-сентябры).
Саламаттык абалынын кескин начарлашы, өлүмгө алып келген оорулардын жайылышы, элдин жакырдыгы, дары-дармектин, оорукана жана медициналык кызматтардын жоктугу, баанын асман чапчыганы – мунун баары ачарчылык менен алсырап, арыктап калган элди кыйнады. Хартумдагы дээрлик ар бир үйдө бир оорулуу бар, безгек элдин баарына “оор меймандай” келип, жашоо үчүн күрөшкө мажбур кылууда. Саламаттык тутуму кыйраган шартта бул абал өзгөчө жаан-чачын мезгилинде ого бетер оорлошот, анткени мындай учурда өкмөт туруктуу абалдан да кооптуулуктардын алдын алуу кыйынчылыктарына туш болот. Азыркы согуш шартында айлана-чөйрөнү тазалоо же ооруларды таратуучу курт-кумурскаларга каршы күрөш боюнча эч кандай аракет көрүлбөй жатат. Бирок быйылкы жыл башка жылдарга окшобойт — согуш, жакырчылык жана оорунун үч «толгосу» элге бирдей тийди. Эл үчүн азыр бир гана жардамчы бар — Алла.
Ал эми “Үмүт өкмөтүнүн” Саламаттыкты сактоо министрлиги бул трагедиялуу кырдаалда колунан эч нерсе келбеген абалда. Министр телеканалдарга чыгып, толук алсыз экенин мойнуна алууда — анын колунан келгендин баары ооругандар менен каза болгондордун санын эсептөө, чет элден жардам сурап кайрылуу жана тышкы жардамдын аздыгын шылтоо кылуу гана.
Айлана-чөйрөнү тазалоо жана ооруларды тараткан жугуштуу булактарды т.а чымын-чиркейлерди жок кылуудагы толук алсыздык ооругандардын көп санын түшүндүрүп турат. Бул көрүнүш мамлекет элдин жашоосуна жоопкерчилик менен мамиле кылбаганын, эң жөнөкөй милдеттерин да аткарбаганын көрсөтөт.
Ооруну тараткан чиркей көчөлөрдөгү токтоп турган сууларда көбөйүп жатат — ал суулар өзүнөн өзү кургаганча турат. Ал тургай үйлөрдүн ичинде да токтоп калган суу көлмөлөрү пайда болгон. Ичүүчү суунун үзгүлтүккө учурашынан улам эл үйлөрүнө суу топтоп сактоого аргасыз, анткени борбор калаадагы салгылашуулар электр, суу жана бардык кызмат көрсөтүү системаларын талкалап салган. Ар кайсы жерлерде таштанды, чиркей көбөйүүдө, дары-дармек жана ооруну басаңдатуучу каражаттар таптакыр жок, болгону кара базарда гана сатылууда. Расмий баасы үч миң болсо, базарда он беш миңге чейин жетет, элде болсо аны сатып алууга акча жок.
Бул көрүнүш мамлекеттеги шалаакылыктын жана жоопкерчиликсиздиктин деңгээлин ачык көрсөтөт. Өкмөт адаттагыдай, эч кандай күч-аракетти талап кылбаган “жөнөкөй чечимдер” менен чектелүүдө. Эл анын көзүндө болгону статистикалык сандарга айланган. Ал эми кырдаалды оңдоо үчүн эч кандай иш-аракет көрүлбөйт. Тышкы жардам катары келген дары-дармектер да коррупциянын торуна түшкөн — “бекер таратылат” деп жазылган дарыны эң кымбат баада сатылып жатканын көрүү кадимки көрүнүшкө айланган.
Оору менен өлүмдүн түйшүгү улам күчөп жатат, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги өз ишин таштап, эскертүүдөн башка эч нерсе кыла албай калган. Элге эпидемиялардын жайылып жатканы тууралуу гана эскертүү берет, бирок аларды дарылоо же көзөмөлдөө маселесинде мамлекет өзүн эч кандай жоопкер деп эсептебейт!
Биз тартып жаткан азаптардын баары бир эле нерседен келип чыгууда — мамлекет өзүнүн кам көрүүчү мамлекет деген негизги милдетин аткарбай жатат. Бул болсо пайдага негизделген, ач көз капиталисттик системаны кабыл алуунун түз жыйынтыгы. Ал система инсаний кыйматты да, ахлакый баалуулукту да билбейт, ырайымды да, кам көрүүнү да тааныбайт. Ушул ач көз капитализмде башкарылган өлкөдө элге кам көрүү — бул мамлекет үчүн жөн гана чыгым, милдет эмес. Ошондуктан дарылоо жана дары-дармек муктаждар үчүн эмес, акчасы барлар үчүн гана жеткиликтүү болуп калды. Ал эми мамлекет “кам көргөндөй” болуп, элдин саламаттыгына базар мамилесин орнотту. Саламаттыкты камсыздандыруу компаниялары аркылуу, алар да бардык жарандар үчүн эмес, ай сайын акы төлөй алган гана адамдар үчүн иштейт. Натыйжада, мамлекеттин эсебине кирбеген миңдеген адамдардын оорушу, өлүшү же жашоосу аны таптакыр кызыктырбай калды.
Ал эми пайда табууга багытталган инвестициялык ооруканалар болсо адамдын ден соолугу жана өмүрү менен соода кылып, өз кирешесин көбөйтүү максатында иштеп жатышат. Бул ооруканалар коомдук оорукана системасын сүрүп чыгып, аны натыйжасыз кылды.
Маселе ачык эле көрүнүп турат, далил издебесе да болот. Бизге жеткен ар бир оорунун, ар бир азаптын артында капитализм турат, ал бизди ар тараптан курчап алган. Эгер биз ушул “рак шишиги сыяктуу жайылган капиталисттик системадан” айыгып чыгууну кааласак, анда чыныгы өзгөрүү үчүн иш жүргүзүүгө жана чындыгында адил, түпкү альтернатива — Алла Таала түшүргөн системаны, башкача айтканда Халифалык түзүмдү орнотууга аракет кылууга тийишпиз.
Дал ошол Халифалык мамлекети батыш караңгы доордо жашап жаткан кезде ооруканаларды куруп, ар бир адамга бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүн берген, анын жарандыгына, динине же этникалык таандыгына караган эмес. Мындай мамлекет саламаттыкты сактоодо жана медициналык изилдөөлөрдө дүйнөлүк үлгү болчу критерийлерди түзөт, пайда издөөгө эмес, ырайым жана адамдык камкордукка негизделген системаны орнотот. Ал бардык адамдарга тең медициналык мүмкүнчүлүк түзөт жана медицина тармагындагы автордук укук жана патенттик монополияларды жокко чыгарат. Бул өз кезегинде илимий жана медициналык изилдөөлөрдө чыныгы фикирий революциясын жаратып, дарылардын баасын бардык адамдар үчүн жеткиликтүү деңгээлге түшүрөт.
Бул — Халифалыктын артыкчылыктарынын бир гана үзүмү. Мына ушундай система үчүн аракет кылуучулар аракеттенсин! Анткени “эртеңки күн” жакындап калды.
Гада Абдулжаббар, Умм Ауаб
Оля гезити