Роя гезити

Америка Сайкс–Пико карталарын өзгөртүп жатабы?

Америка Сайкс–Пико карталарын өзгөртүп жатабы?

2-бөлүк: “Жаңы Шам” долбоору

2025-жылдын 12-июлунда АКШнын Сирия жана Ливан боюнча атайын өкүлү Том Барак Ливан кайрадан Шам (Билад аш-Шам) аймагына кошулушу мүмкүн экенин айткан билдирүүсү көңүлдү өзгөчө бурду. Бул билдирүү анын 2025-жылдын 26-майында “X” платформасындагы барагында жазган мурдагы билдирүүсүнө кошулду. Ал анда мындай деген болчу:

“Батыш бир кылым мурун сыя менен чийилген карталарды, мандаттарды жана чек араларды таңуулаган. Сайкс–Пико келишими Сирияны жана бүткүл аймакты тынчтык үчүн эмес, колонизатордук максатында бөлгөн. Бул бөлүнүү бүтүндөй муундар үчүн оор жүк болду жана мындай жаңылыштык кайра кайталанбайт. Батыштын кийлигишүү доору бүттү, эми келечек — өз ичинен жаралган, өз ара урматка негизделген өнөктөштүктөр аркылуу курулуучу чечимдерге таандык. Сириядагы трагедия бөлүнүүдөн жаралган, анын кайра жаралышы болсо урмат-сый, биримдик жана элине инвестиция кылуу аркылуу болот”.

Бул сөздөр айрым конфессиялардын тынчсыздануусун жаратты, ошол эле учурда Ливан менен Сириядагы көптөгөн мусулмандардын сезимин козгоду. Чындыгында болсо, биринчилердин кооптонуусу да, экинчилердин үмүтү да негизсиз. Анткени Барактын бул жаңылыш билдирүүлөрү Америка Шамды кайра бириктирүү же анын бөлүнүшүн жоюу ниетинде экенин билдирбейт.

Тескерисинче, анын кийинки сөздөрү бул үмүттөрдү таптакыр жокко чыгарды. 2025-жылдын 24-августунда ал мындай деди: “Өлкө өтө борборлошкон мамлекеттик түзүлүшкө альтернатива издеши керек”.

Андан соң мындай деп кошумчалады: “Сирия азыр ар бир тарап өзүнүн биримдигин, маданиятын жана тилин сактап калууга мүмкүнчүлүк берген, бирок «саясий исламдын» коркунучу жок түзүлүшкө муктаж.”

Андан да ачык айтканы Түркиянын “Анадолу” агенттигине берген маегинде болду. Ал мындай деди:

“Тең салмактуу башкаруу үлгүсүн изилдөө алкагында мен Осмон доорундагы «низомул милалды» (улуттар же диндер ортосундагы түзүм) мисал катары карайм. Бул система ар бир диний жамаатка белгилүү бир даражада өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берип, алардын билим берүү, дин жана укук иштерин өздөрү жүргүзүүгө шарт түзгөн көп түрдүүлүк чөйрөсүн жараткан”.

Бирок Барак бул жерде Осмон мамлекетиндеги низомул милалды бурмалап көрсөттү — анткени ал эч качан “өз алдынча башкаруу системасы” болгон эмес. Мына ушул бурмалоонун негизинде ал “өз алдынча башкаруучу аймактар” идеясын алдыга жылдырууга аракет кылууда.

Эгер биз Барак өз билдирүүлөрүндө Дамасктагы жаңы бийликти да, Анкараны да ыңгайсыз абалга калтырбоону көздөп сүйлөп жатканын эске алсак, анда анын жеке сөздөрүнөн да маанилүүсү — бул багытта АКШ администрациясынын расмий позициясы болуп саналат.

Барактын билдирүүлөрү менен бир учурда АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэми Брус 2025-жылдын 18-июлунда мындай деди: “Америка Кошмо Штаттары федерализмге же өз алдынча башкарууга каршы эмес… Биз туруктуулукка, инфраструктурага жана тынчтыкка негизделген жаңы башталышка чакырабыз”.

Ошентип, Том Барактын “Шам” жана “СайксПико адилетсиздиги” тууралуу билдирүүлөрү — бул аймак үчүн АКШнын жалпы стратегиялык планынын контекстинен ажыратылган эмес. Бул болсо бизди “Жаңы Шам” долбоору тууралуу сөз кылууга жетелейт. “Жаңы Шам” долбоору 2014-жылдын март айында Дүйнөлүк банк тарабынан даярдалган изилдөөнүн негизги темасы болгон. Андагы географиялык картага Сирия, Ливан, Иордания жана Палестина жерлери менен катар Түркия, Ирак жана Египет да кирген. Жалпы аймак 2,4 миллион чарчы чакырымды түзүп, калкынын саны 250 миллиондон ашат.

Дүйнөлүк банктын документинде мындай деп айтылган: “Бул долбоор аймактын соода, экономика, туризм жана кызмат көрсөтүү жаатындагы потенциалдарына таянат. Ошондой эле бул элдерди бириктирип турган тарыхый жана маданий орто куралдар бар, алар аймакты ийгиликтүү экономикалык зонага айланта алат”.

Бул акыркы сүйлөм — долбоордун өзөгүн түзгөн идея: “ийгиликтүү экономикалык аймак”. Дал ушул маанини Мамлекеттик департаменттин өкүлү өз сөзүндө дагы бир ирет баса белгиледи: “Биз туруктуулукка, инфраструктурага жана тынчтыкка негизделген жаңы башталышка чакырабыз”.

Бул «Жаңы Шам» долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган соң кагаз жүзүндө эле калган жок. Ал 2019-жылдан тартып Египет, Иордания жана Ирак мамлекеттеринин катышуусунда иш жүзүндө калыптана баштады. Бул мезгилде аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрүүгө учурап, жаңы өткөөл этапка өткөн болчу.

Ушул үч мамлекет жаңы геосаясий мейкиндикти өз ара кызматташтык негизинде түзүү үчүн бир нече жолу жогорку деңгээлде — саммит жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде — жолугушуулар өткөрүштү. Алардын эң маанилүүсү — 2019-жылдын 24-мартында Багдадда өткөн үч тараптуу саммит болгон. Ага Ирактын ошол кездеги премьер-министри Адил Абдулмахди, Египет президенти Абдулфаттах ас-Сиси жана Иордания падышасы Абдулла II катышкан. Андан кийин бул үчөө ушул темадагы жолугушууларды улантышкан.

Экинчи саммит ошол эле 2019-жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто, БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынынын алкагында өткөн.

Үчүнчү саммит 2020-жылдын август айында Амманда болгон.

Төртүнчү саммит 2021-жылдын июнунда Багдадда жүргүзүлгөн.

Бешинчи саммит 2022-жылдын декабрында өткөн.

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими “Жаңы Шам” деген аталышты биринчи жолу 2021-жылдын август айында Америкага болгон сапарында The Washington Post гезитине берген маегинде колдонгон.

Бирок бул долбоор Сирия менен Ливандын, андан соң яхудий түзүмүнүн катышуусуз толук ишке ашмак эмес. Анын ишке киришин Сирия маселесинин чечилиши жана Сирия менен Ливандын Ирандын көзөмөлүнөн чыгышы тосуп турган. Азыр болсо Башар Асад режими кулатылып, Ирандын таасири бул эки өлкөдөн сүрүлүп чыгарылгандан кийин Америка бул долбоорду толук масштабда ишке ашыруунун убагы келди деп эсептөөдө. Ошентип, бул Барактын билдирүүлөрүнүн негизинде анын Шам жана СайксПико чек араларын жок кылуу тууралуу сөзүн туура баалоого болот. АКШнын аймактык долбоору — бул өлкөлөрдү федерация же башкаруунун децентрализациясы деген ат менен өз алдынча башкаруучу аймактарга бөлүү. Ал учурда Британия менен Франция түптөгөн бүгүнкү билген чек аралар — Ирак, Сирия, Ливан, Иордания — жана басып алынган жерлерди чөйрөсүнөн бөлүп турган чек аралар да жок кылынышы ыктымал. Алардын ордуна генерал Ралф Питерс 2006-жылы АКШнын Куралдуу Күчтөр журналына жазган атактуу макаласында айткандай “кандын чек аралары” пайда болушу мүмкүн, андан соң ушул “кандын субъекттерин” бириктирген жаңы союз түзүлүп, ал жерде жетекчиликке яхудий түзүмү ээ болот.

Бирок Трамп администрациясы азырынча бул долбоорду толугу менен жүзөгө ашырууга шашылбайт, анткени “бул иш убакытты талап кылат”, — деп Том Барак өзүнүн билдирүүсүндө айткан. Азыркы артыкчылык Мамлекеттик департаменттин өкүлү айтканындай — туруктуулук жана инвестиция болуп саналат. Аймак жаңы америкалык чарбага айланып, анын эли жумушчу жана дыйкан болуп калат, алар АКШдан калган инвестициянын сыныктарын алышат.

Биз Аллахтан алардын пландарын бузуп, аймакта ихластуу, ыймандуу жана адилеттүү үммөтүнө исламий бийликти калыбына келтирүүгө, баскынчыдан аны азат кылууга, Алланын шариатын колдонууга, өздөрүнүн сакофатын жана хазаратын бул жерлерде жана бардык мусулман өлкөлөрүндө тирилтүүгө жардам берүүсүн жана колонизатордуктун тамырын кыркып салышын сурайбыз.

Ахмад аль-Касас

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button