Яхудийлерден жардам суроо бир да жерди азат кылбайт жана коопсуздукту камсыздабайт

Яхудийлерден жардам суроо бир да жерди азат кылбайт жана коопсуздукту камсыздабайт
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмад аш-Шара 2025-жылдын 24-сентябрында Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү. Бул — 1967-жылы Нур ад-Дин ал-Атаси доорунан бери сириялык президенттин биринчи жолу БУУда чыгып сүйлөшү болду. Өз сөзүндө Шара өткөөл мезгил боюнча көз карашын баяндап, Сирия элин колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди. Ал Түркияны, Катарды, Сауд Арабиясын, бардык мусулман өлкөлөрдү, ошондой эле АКШ менен Европа Биримдигин өзгөчө атап өттү.
Ал мындай деди: “Биздин өлкөгө карата (яхудий) коркунучтары 8-декабрдан бери тынчыган жок.” Ошого карабастан, “Дамаск бул кризистен чыгуу үчүн диалог жана дипломатияны колдонууда, 1974-жылкы ок атышууну токтотуу келишимин аткарууга берилгендигин тастыктайт жана эл аралык коомчулукту бул коркунучтарга каршы туруу үчүн колдоого чакырат”.
Ошондой эле Ахмад аш-Шара БУУ жыйынынын алкагындагы саммитте сүйлөп жатып, яхудий түзүмү жаңы өкмөт бийликке келгенден бери Сирияга көп жолу кол салганын айтты. Ал президенттик сарайга 2025-жылдын май айынын башында болгон аба соккусун “согуш жарыясы” деп атады. Ошол эле учурда ал яхудий түзүмү менен коопсуздук сүйлөшүүлөрүндө “Сириянын эгемендүүлүгүн сактап, яхудийлердин коопсуздук коркунучтарын азайта турган” деңгээлге жеткенин белгиледи.
Ал мындай деди: “Биринчи этап — коопсуздук келишими, эгерде яхудий түзүмүндө кооптонуулар болсо, аларды ортомчулар аркылуу талкуулоого болот. Сирия өз аймагында эч бир тарап үчүн коркунуч жаратпоого багыт алууда.”
Ошондой эле ал Сирияда жана дүйнөдө Газадагы окуяларга болгон нааразылык өлкөнүн Абрахам келишимдерине болгон позициясына таасир этерин айтты. Акырында ал Вашингтондун Сирияга карата “Цезарь мыйзамы” боюнча киргизилген санкцияларды алып салуусуна чакырык жасады.
Ал генерал Дэвид Петреус — Ирак менен Ооганстандагы мурдагы аскер башчысы жана АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (CIA) мурдагы директору — менен 2025-жылдын 22-сентябрында Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын иши алкагында өткөн Коопсуздук жана Демократия боюнча Конкордия университетинин жылдык конференциясында жолугушту. Ал жерде аш-Шара бир нече кооптуу билдирүүлөрдү айтты:
• «Биз Дамаскка келгенден бери (яхудий түзүмү) Сирияга көп жолу кол салды, болжол менен миңдей аба сокку жасады. Алар Сириянын көптөгөн аскерий, коопсуздук жана жарандык мекемелерин кыйратты… (Яхудий түзүмү) 400 жолу Сириянын аймагына жер аркылуу кирди. Ошондуктан биз алар менен сүйлөшүү стадияларын баштадык».
• «Сириянын саясаты — бардык мамлекеттер менен тынч мамиледе болуу жана эч ким үчүн коркунуч жаратпоо».
• «Эгерде келишимге жетишүүнү кааласак, анда сириялыктар менен (яхудийлер) ортосунда биргеликте жашоо жолдорун издөөгө тийишпиз».
• «Сирия согуштан качууга аракеттенүүдө, анткени азыр курулуш жана кайра калыбына келтирүү этабында турат».
• «(Яхудий түзүмү) менен коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, биз алда канча алдыга жылдык. Эми топ (яхудий түзүмү) жана эл аралык коомчулуктун талаасында — алар сүйлөшүүлөрдүн чыныгы багытын аныкташы керек».
• «Азыркы этапта Сирия менен Америка жана Батыштын кызыкчылыктары дал келип турат».
Эң кооптуу сөздү Петреус өзү айтты: «Сенин көптөгөн суктанган күйөрмандарың бар, мен алардын биримин. Биз сага ийгилик каалайбыз, анткени акыры сенин ийгилигиң биздин ийгилик болот».
Нью-Йорктогу Жакынкы Чыгыш институтунда өткөн диалог сессиясында Ахмад аш-Шара мындай деди: «Биз даяр түзүмдөрдү алып келип колдонууга же тарыхтагы түзүмдөрдү көчүрүп Сирияга орното албайбыз».
Ал яхудий түзүмү тууралуу сөз кылып:«Жалкыз күч менен эле (Израил) тынчтыкка жетпейт, — деп айтты. Биз (Израилге) көйгөй жараткан тарап эмеспиз, тескерисинче, биз андан коркобуз» — деди.
Муну менен катар, Шам революциясынын баатырларлы намыскөй, ыйык адамдар, алар яхудийлердин жана алардын башкы колдоочулары — Америка жана анын шериктеринин, айрыкча Бириккен Улуттар Уюмунун душмандыгына карабай, бул кылмышкер режимди сабырдуулугу, туруктуулугу, ишеними жана Раббисинин жардамы аркылуу эски режимди кулатышкан эле.
Айрымдар Ахмад аш-Шаранын БУУга болгон сапарын жана андагы сөзүн прогрессивдүү кадам же мурда болуп көрбөгөн жетишкендик катары кабыл алышы мүмкүн, айрыкча аны саясий багыттагы маалымат каражаттары жана жердеги чөйрөлөр канчалык жарнамалап, чоңойтуп көрсөтүшкөнүн эске алганда. Бирок, бул кадам биз Башарды кулаткандан кийин түшкөн абалды жана коркунучту ачып берет — азыр биз БУУ менен эл аралык системага, аларды көзөмөлдөгөн Америкага ыраазы болуу жана кабыл алынуу үчүн жүгүрүп жатабыз, анын ордуна динибиз менен сыймыктанып, Аллахтын жардамы менен Дамаскты жеңип киргенден кийин, революциябыздын туруктуу принциптерин ишке ашырууну улантышыбыз керек эле.
Анткени БУУ жана анын трибунасы адилеттүүлүктүн булагы эмес, тескерисинче, Шам элине кылынган кылмыштардын башкы шериги болуп келген. Ушул эле кеңеште кылмышкер Башарга анын кыргындарын жүргүзүүгө уруксат берилген, ошондой эле бочкалар менен химиялык куралдардын жана ар кандай бомбалоо, зулум, көчүрүү ыкмаларынын үстүнөн көз жумулган. Ушул эле уюм анын мыйзамсыз бийлигин өз комитеттери жана орундар аркылуу легалдаштырган, ошол эле учурда сириялык эл кыргынга учурап, сүргүнгө айдалган.
Бул уюм эч качан акыйкаттын колдоочусу болгон эмес, тескерисинче, ар дайым ири державалардын саясатын таңуулап, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы болуп келген. Керек болсо Шам элинин каны төгүлсө да бул иштер жүрүп келген. Ошондуктан тикенектен жүзүм күтүү мүмкүнбү?!
Бириккен Улуттар Уюмуна баруу — бул жеңиш да эмес, сыймыктануу себеби да эмес, тескерисинче, бул абдан коркунучтуу саясий тайгак кадам. Анткени бул — кылмышкер Башарга легитимдүүлүк берген жана аны ошол жылдар бою бийликте калтырууга уруксат берген ошол эле тараптан мыйзамдуулук сурагандыкты билдирет.
Чыныгы мыйзамдуулук эл аралык ишенимин жоготкон уюмдар тарабынан берилбейт, аны революциянын эли өз кандары, сабырдуулугу жана курмандыктары менен жазып беришкен, ал эми ошол кандуу уюм алардын каршы тарабында турган.
Бул сапарды баалоо душмандардын жагымдуу сөздөрүнөн, алардын жасалма жылмаюуларынан же алардын жаман максаттуу саясий маалымат каражаттарынан алынбайт. Баа — бул сапардын артында кол коюлган келишимдерден жана жабык эшик артында кабыл алынган чечимдерден көрүнөт. Алардын кыйратуучу натыйжалары жакынкы күндөрдө айкын болот. Мейли ал «экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» деген шылтоо астында болсун, же болбосо режимдин калдыктарын чечим кабыл алуучу орундарга алып чыгуу болсун, же яхудий түзүмү менен нормалдашууга түртүү болсун же динди жашоодон, мамлекеттен жана коомдон бөлүп турган секулярдык системаны таңуулоо аркылуу болсун — мунун баары эки миллиондой шахид канын төккөн жердин үстүндө ишке ашууда.
Эң коркунучтуу саясий тузактардын бири — Батыштын жана эл аралык системанын ыраазычылыгын алуу үчүн чуркоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун койнуна кирүү. Анткени бул уюм кайрымдуулук уюму эмес, элдерди баш ийдирүүчү жана мамлекеттердин чечимдерин колго алуу менен аларды Батышка, өзгөчө Американын жетекчилигиндеги күчтөргө толук берилгендик көрсөтүүгө мажбурлоочу колонизатор жырткычтардын союзу.
Мусулмандар мамлекети жана алардын имамы жок учурда, эл аралык системанын мындай колтугунун астына кирүү — өлкөнү колонизатор мамлекеттер белгилеген сызыктар менен жүрүүгө, алар чыгарган чечимдерди кабыл алууга жана алардын буйруктарына баш ийүүгө мажбур кылат. Бул жерде эч кандай элеске, алдамчы үмүткө орун жок, мунун бары таза чындык.
Устаз Насир Шейх Абдулхай
Роя гезити