Аллахтын душмандары үчүн кубаныч көз жаштары, ал эми Кипрдеги мусулмандар үчүн жеңилүү жана үмүтсүздүк!

Басма сөз баянаты
Аллахтын душмандары үчүн кубаныч көз жаштары, ал эми Кипрдеги мусулмандар үчүн жеңилүү жана үмүтсүздүк!
Апрель айында Түндүк Кипр Министрлер Кабинети орто мектептерде кыздарга хижаб тагынууга уруксат берүүчү өкмөттүк токтом чыгарган. Бирок түрк-кипр орто билим берүү мугалимдеринин кесиптик союзу иш таштап, мектепке шаръий кийимде келген окуучаларга сабак өтүүдөн баш тарткан жана акырында Жогорку сотко кайрылган. Өткөн жумада, сентябрдын аягында, Түндүк Кипрдин Жогорку соту бул өкмөттүк токтомду жокко чыгарып, аны Конституцияга каршы деп чечим чыгарды. Мугалимдер союзунун жетекчилери бул чечимди «секуляризмдин жеңиши» деп кубаныч көз жаштары менен майрамдашты. Ошол эле учурда, өкмөт дароо «жаңы мыйзам долбоору боюнча иш баштай турганын» жарыялады.
Эй кипрлик мусулмандар!
Шарапты даңктаган, зина менен кумар оюндарын мыйзамдаштырган, ал тургай аларды мамлекеттин киреше булагы катары жарнамалаган демократиялык, секулярдык парламент мусулмандардын өмүрүн, байлыгын жана ар-намысын коргоону өзүнүн негизги милдети деп эсептей алабы? Мусулман аялдар менен кыздарга тиешелүү кийим эрежелери катъий өкүмдөр жана Аллах Тааланын буйругу. Жогорку соттун жана саясатчыларыңардын айтканындай бул «эркиндик», «теңдик» же «адилеттик» маселеси эмес. Мусулмандар Аллахтын өкүмдөрүнө гана баш ийүүгө милдеттүү.
Бул секулярдык демократиялык системанын Жогорку соту өкмөттүн хижабга уруксат берген токтомун жокко чыгаргандай эле, эртең ал далилсиз жүйөлөр менен жана сөздөрдү ойноп жаңы тыюу киргизет.
Ошондуктан, демократиялык парламентте министрлериңерден кыздарыңарга каршы коюлган тыюуну жок кылууну күтүп отурбай, алардан Аллах Тааланын өкүмдөрү боюнча башкаруу жана чечим чыгарууну талап кылгыла. Муну ишке ашыруу үчүн аларды мусулман үммөтү бириктирүү, Ислам диярлары менен биригүү жана бардык диний эмес системаларды жана мыйзамдарды четке кагуу боюнча зарыл кадамдарды жасоого чакырышыңар керек. Халифалык мамлекети гана мусулмандардын жүрөктөрүн, байлыктарын жана аскерлерин Китепке жана Пайгамбарыбыздын ﷺ манхажына ылайык бириктирет. Ал силерди кандай гана кол салуу, басынтуу же зулумдук болбосун бардыгынан коргойт. Ал муну дароо, эч кандай шартсыз жана тартынбай, бар болгон бардык каражаттарды жумшап жасайт.
Оо дүйнө мусулмандары: Кипрдеги бир туугандарыңарды жана эже-карындаштарыңарды жалгыз калтырбагыла! Кафирлер дагы аларга каршы кылмыштарын кайталабашы үчүн жана экинчи Газа болуп калбашы үчүн аракет кылгыла! Алла Тааладан жана Анын ырыскысынан үмүт кылгыла! Жана колонизатор Батышка таянбаган, тескерисинче, Аллахтан корккон, бар болушу силердин бар болушуңарга байланыштуу болгон мамлекетке чакыргыла. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкка чакыргыла! Ал жерде силерди Алла Тааланын убадасы жана Анын Элчисининﷺ силердин азат болушуңар, Кипрдин азат болуусу жана Палестинанын азат болуусу тууралуу сүйүнчүлөрү күтүп турат!
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзүнө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада) дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар. (Нур 55).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү / Аялдар бөлүмү
11.10.2025