Газа боюнча келишим ишке кирди

Газа боюнча келишим ишке кирди
Газада ок атууну токтотуу жөнүндөгү тынчтык келишиминин негизинде туткундарды алмашуулар башталды. ХАМАС акыркы тирүү калган «израилдик» туткундарды бошотту. Ал эми набыт болгон «израилдик» 28 туткундун денесин өткөрүп берүү аракети да пландалып жатат. «Израилдик» туткундарды бошотуу аракети эки баскычта өттү: оболу 7 туткун, андан кийин 13 туткун Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткүрүлүп берилди.
Ал эми «Израил» жооп катары адилетсиз камакка алынган 2 миңге жакын палестиналыктарды бошотууну баштады. Азат кылынган палестиналыктардын биринчи бөлүгү Газа жана Рамаллага жеткирилди.
ХАМАС кыймылынын аскерий канаты «аль-Кассам» бригадасы «Израил» келишимдеги милдеттенмелерин аткарууну улантса ал да жетишилген келишимди аткарарын билдирди.




