
Трамп Шарм-эш-Шейх тынчтык саммитин «улуу окуя» деп сыпаттады
Жаңылык:
АКШ президенти Трамп Газа секторундагы согушту токтотуу планына ХАМАС кыймылы макул болгондон кийин жасаган видео кайрылуусунда мындай деди:
«Жакынкы Чыгыштагы бардык тараптар тынчтыкты каалайт, биз муну ишке ашырабыз. Биз Газа согушун токтотуп, туткундарды кайтарып алуу боюнча мурда болуп көрбөгөн улуу жана тарыхый күндү баштан кечирип жатабыз» («Аль-Арабия Нет»).
Комментарий:
Трамптын Газадагы тынчтык планы боюнча мактанууга толук негизи бар. Анткени Ислам үммөтүнүн душмандары бүгүнкүдөй ийгиликке жетебиз деп эч качан кыялданышкан эмес. Мындай кубаныч алардын колуна биздин башкаруучулар аркылуу берилүүдө. Трамп аларды Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынынын четинде, 2025-жылдын 23-сентябрында чакырып, өзүнүн планын таңуулаган эле. Эми ошол эле башкаруучулар баш ийип, кордолуп, «Шарм-эш-Шейх тынчтык саммити» деп аталган жыйынга чогулуп, анын планын колдоп, ага кол коюуга барышты. Ошентип, Палестина маселесинин калган бөлүгүн да жок кылышты!
Мусулмандар улуу Халифалык доорунда турган кезде, каапыр мамлекеттердин башчылары халифа менен жолугууга же андан жөн эле жылуу сөз угууга зар болгон. Ал кезде халифа аларды бийиктиктен, күч борборунан сүйлөп, алар болсо анын сөзүнө моюн сунушчу, буйруктарын аткарышчу.
Бүгүн болсо Америка, Британия, Франция сыяктуу каапыр мамлекеттердин лидерлери, ошондой эле мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары — баатырлар жери болгон Кинана жеринде, Палестина маселесин түп-тамырынан жок кылуу үчүн чогулушууда. Алар АКШ президентинин буйругуна баш ийип, яхудий түзүмүнүн бул дүйнөдөгү ордун таанып, Мубарак жердин үстүндө жашоого укук берип жатышат, бул болсо үммөттүн ар-намысы эсебинен жасалууда!
Эгер Шарм-эш-Шейхке чогулган ошол жетекчилер үммөт өлдү деп ойлошсо, же аны өз каалагандай башкарууга жетиштик дешсе, анда алар катуу жаңылышууда. Алардын жебеси бутага тийбейт, себеби алар үммөттөн эмес, үммөт алардан эмес. Алар үммөттүн бир бөлүгү эмес, үммөт да аларды кабыл албайт. Тескерисинче, үммөт аларга каршы туруунун эң ылайыктуу учурларын күтүп турат. Аларды жерге уруп жок кылып, Аллах убада кылган жана Пайгамбары ﷺ сүйүнчүлөгөн Халифалыгын тикелейт.
Ушул үчүн өз жанын арнаган «Хизб ут-Тахрир» партиясы иштеп жатат жана бул улуу иш, Аллахтын уруксаты менен, жакында жүзөгө ашат.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу




