Газа: келишимдин кийинки баскычы ишке ашууда

Газа: келишимдин кийинки баскычы ишке ашууда
Газада ок атууну токтотуу келишиминин кийинки баскычы ишке ашырылуу алдында турат. АКШ келишимдин кийинки баскычын ишке ашырууну баштады. Бул баскычта Газадагы абалды турукташтыруу үчүн эл аралык күчтөрдү түзүү каралган. Маалымат каражаттарында айтылып жаткандай, бул күчтөрдү мусулман өлкөлөрүнүн аскерлеринен түзүү алга сүрүлүп жатат.
Газа боюнча тынчтык келишими түзүлгөнүнө карабастан баскынчы яхудий вужуду келишимди толук аткарбай, карамүртөздүгүн улантууда. Тагырак айтканда, «Израил» дагы эле Газага гуманитардык жардамдардын киришин чектеп, Газадагы мусулмандарга чабуулдарды жасоодо. Газа боюнча тынчтык келишими түзүлгөндөн бери «Израил» 23 газалык мусулманды өлтүрдү. Ал эми, Батыш өлкөлөрү «Израил» тарабынан келишимдин бузулушу жөнүндө үн каткан жок.
Учурда, Батыш өлкөлөрү, Катар, Мисир, Түркия, Сауд Арабия жана башка мусулман өлкөлөрү ХАМАСка басым кылып, куралдарын таштоону талап кылышууда.
BURANA: «Израил» – мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин көлөкөсү. Бул режимдер куламайын, Палестинада тынчтык орнобойт.




