
Рохинжа мусулмандарын зомбулуктан, зулумдан жана өлтүрүүдөн ким куткарат?
Жаңылык:
БУУнун колдоосу менен жакында жарыяланган жаңы отчетто Мьянма армиясы рохинжалардын айылдарын жана мечиттерин толугу менен кыйратып, алардын ордуна коопсуздук постторун курганы белгиленди. Анда айтылгандай, рохинжаларга каршы зомбулук 2017-жылдын август айында кескин күчөп, Мьянма армиясы куралчан топтордун чабуулуна жооп кылып аскердик операция жүргүзгөн. Бул окуя жүз миңдеген адамдардын жээк аймагындагы үйлөрүнөн көчүп чыгышына алып келген.
Бүгүнкү күндө болжол менен 1,3 миллион рохинжа качкыны Бангладештеги эл толгон лагерлерде жашап жатат. БУУ кийин бул аскердик операцияны “этникалык тазалоонун ачык мисалы” деп атаган, анткени рохинжалардын жерлери коопсуздук аймактарына айланган.
Бул отчет Нью-Йорктогу БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынынын алдында жарыяланды. Ал жыйында Бангладештеги качкындар лагерлериндеги оор абал жана Рохинжаларды мекенине кайтаруу аракеттеринин токтоп калышы талкууланат. Мисалы, Ин Дин айыл аймагында Reuters агенттиги 2018-жылы он рохинжа эркек өлтүрүлгөнүн кабарлаган, бул жерде армия жаңы объект куруу үчүн жашоо конуштарын кыйратып салганын Мьянма боюнча көз карандысыз иликтөө борбору билдирди.
Отчетто белгиленгендей, база “Ин Дин (Чыгыш Ракхайн) айылдарынын урандыларынын үстүнө түз эле курулган. Тазаланган жерлер жаңы жолдор, туруктуу имараттар, корголгон турак жай комплекстери жана тик учак конуучу эки тилке менен алмаштырылган.”
Комментарий:
Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу уюмдар же Мьянма боюнча көзкарандысыз иликтөө борбору мусулмандардын көйгөйлөрүн эч качан чечкен эмес жана эч качан чече албайт. Алар өздөрүн качкындардын маселесине кызыккандай көрсөтүшөт — кеңештерди уюштурушат, жыйын өткөрүшөт, качкындарды мекенине кайтаруу маселесин талкуулашат, кызматкерлерин лагерлерге жөнөтүшөт, бирок бүт дүйнө мусулмандар жашаган аймактарда эмне болуп жатканын — зомбулукту, зулумду, кыргынды — көрүп турат. Мусулмандар ачарчылыкка, ооруларга жана жашоонун зарыл нерселери жетишсиз болгон азаптарга кабылышууда, ошол эле учурда алардын жерлери Аллах Таала берген бай табигый ресурстарга толгон. Мунун баары оюн, жалган, чыккынчылык жана ролдорун чебер аткарган актёрлордун сахнадагы спектакли сыяктуу көрүнүш.
Эй мусулмандар! Өзүңөрдү жана мал-мүлкүңөрдү сактап калуу үчүн жардамды каалабагыла жана күтпөгүлө, анткени каапырлар жана колонизаторлор силердин душмандарыңар. Аллах Таала аларды Өзүнүн китебинде бизге тааныткан:
﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾
«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).
Демек, бул көйгөйлөр качан аяктайт? Качкындар качан өз үйлөрүнө кайтышат? Каапырлар качан мусулмандарга карата зулум жана зомбулукту токтотушат? Мусулмандар качан өз үйлөрүндө коркунучсуз, бейпил турмушта жашай алышат?
Ислам түзүмү орногондо гана эл жана алардын үйлөрү кыйроодон корголот, ачкалар тоет жана элге жашоонун негизги керектөөлөрү камсыздалат, ошондо гана адамдар тынч жана бакубат жашоодон ырахат алышат.
Ошондуктан мусулмандардын бардык тармактарда артта калышына себеп болгон каапырлардын камкордугу астында иштеген уюмдардан жана институттардан жардам күтүп отуруу туура эмес. Мусулмандарды экономикалык жана саясий кризистен куткаруу каапырларды коркунучка салат, анткени алар жакшы билишет, эгер мусулмандар ойгонушса, анда алар өз улуулугуна, кадырына кайтып келип, Ислам мамлекети кулатылгандан кийин жоготкон күчүнө кайра ээ болушат. Ошондо каапырлар байлыктарынан, кызматтарынан жана жетекчиликтеринен ажырашат.
Биз оору белгилерин эмес, анын себептерин дарылообуз керек. Ошондо дүйнөдөгү бардык зулумдар жана көйгөйлөр жоголот, балдар мектептерде билим алышат, энелер балдары үчүн тынчсызданбайт, карыялар жана аялдар бейпилдикте жашашат.
Ал күндөр жакын эле, анткени азыркы дүйнө зулум түзүмүнүн астында жашап жатат. Бирок анын артынан Аллах Таала убада кылган жана Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн адилеттүү халифалык келет. Имам Ахмад өзүнүн «Муснадында» Хузайфадан (разияллаху анху) мындай хадисти риваят кылган:
«تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً عَاضّاً، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُبُوَّةٍ».
«Силердин араңарда Алла каалаганча пайгамбарлык болот. Кийин Алла каалаган убакта аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин залим падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу




