Комментарий
Trending

 Москвага карай… Кылмышкерлердин кучагы жана качкындардын баш калкасы!

 Москвага карай… Кылмышкерлердин кучагы жана качкындардын баш калкасы!

Жаңылык:

Шаршемби күнү Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде сириялык кесиптеши Ахмад аш-Шараны кабыл алды. Тараптар бир катар маселелерди талкуулашты. Бул Ахмад аш-Шаранын Москвага жасаган алгачкы сапары болуп саналат. Белгилүү болгондой, кулатылган сириялык президент Башар Асад азыр Москвада баш калкалап жашап келет.

Жолугушуу учурунда Путин: “Россия менен Сириянын кызматташуусу эки өлкө үчүн жакшы жыйынтыктарды берет”, — деп билдирди. Ошондой эле ал Москва менен Дамасктын мамилелери 80 жылдан ашуун убакыттан бери бекем экенин белгилеп, “эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери аркылуу байланышты улантууга даярбыз” деди.

Комментарий:

Өткөн жолу биз өткөөл өкмөттүн курамындагы Сириянын тышкы иштер министринин Россияга болгон сапары тууралуу “Россия өч алуу менен жашаган мамлекет! Бул элге эмне болгон?!” деген аталыштагы макалабызда сөз кылган элек. Анда биз Россиянын Сирияга кийлигишүүсү кандай башталганын, ал Асад качкандан бери эмне кылганын, анын башкаруусунда шаарларды жана кыштактарды кантип талкалаганын баяндаганбыз. Ошондой эле Идлиб аймагы менен Жиср аш-Шугурдагы кылмыштарын, Аллахтын алдында шахид деп үмүттөнгөн миңдеген адамдардын өлүмүн жана жер жүзүн толтурган жарадарлардын азабын эстегенбиз.

Андан кийин анын Сочи менен Астанадагы саясий кутумдарын да эскергенбиз жана “анын кылмыштары менен жамандыкты сүрөттөп берүүгө бир эле макала жетпейт” деген элек.

Эми бүгүн эмне кошо алабыз?

Мен бир абдан кооптуу жагдайды байкадым: Россия Асадды анын бийлиги убагында гана колдоп тим болбостон, ал качкандан кийин да өзүнө башпаанек кылып, анын айланасындагы кылмышкерлерди жана кандуу окуялардын шериктерин да кучагына алды. Ал шаарларды бомбалап, элди кырган маалда да Москва анын кулашына жол бербөөгө тырышкан, эми болсо кулаган соң аны жылуу тосуп алышты. Ооба, алар качып келген, миллиондон ашык Шам элин өлтүргөн, жүз миңдеген адамдарды жарадар кылган, өлкөнү кыйратып, кайра куруу үчүн 400 миллиард доллардан ашык каражат талап кылынат делген бир кылмышкерди кабыл алышты!

Бүгүн ал кайда? Ал Россияда!

Кантип бизди өлтүргөндөр менен, бизди өлтүргөндөргө көмөк көрсөткөндөр менен, аларды колдоп, качкандан кийин да кучагына алган мамлекет менен «мамиле түзүүгө» ишене алабыз?!

Булардын айыбы чоң, алардын Исламга болгон жек көрүүсү сөз менен жеткис даражада терең. Алар биздин үстүбүздөгү согушту «ыйык согуш» деп аташкан. Мындайларга ишенүүгө да, кошуна болууга да болбойт.

Саясатта киши өлтүргөн менен сүйлөшүү болбойт, миздүү бычакка каршы туруучу нерсе кылыч гана. Саясат деген — элдин иштерине камкордук кылуу, ал эми курман болгондордун укугун кайтаруу бул кылмышкер орус менен кол алышуу аркылуу эмес, ага каршы катуу позицияда туруу менен болот. Мамлекеттер келишимди өлтүргүчтөрдөн өч алгандан кийин гана түзөт.

Ошондуктан сак болгула!

Такай ушул кан төгүүчүлөрдөн, кылмышкерлерди коргогон жаман ниеттүүлөрдөн сак болгула! Анткени атаңдын душманы сага эч качан жакшылык каалабайт, ал жылмаюу көрсөтсө да жөн гана эки жүздүүлүк жана жалган алдоо болот.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button