Асыл хадис

Пара берүүчү жана пара алуучунун өкүмү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Пара берүүчү жана пара алуучунун өкүмү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Жамиъ ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү Тухфат аль-Ахвазийде Пара берүүчү жана пара алуучунун өкүмү ” бөлүмүндө айтылган:

حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ حَدَّثَنَا أَبُو عَوَانَةَ عَنْ عُمَرَ بْنِ أَبِي سَلَمَةَ عَنْ أَبِيهِ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ: لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الرَّاشِيَ وَالْمُرْتَشِيَ في الحكم

Бизге Кутайба Абу Хурайрадан риваят кылды, ал айтты: Аллахын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) өкүм чыгарууда пара бергенди да, пара алганды да каргады.

Саубандын хадисинде ал экөөнүн ортосунда ортомчу болгонду да кошумчалаган (Ахмад риваят кылган). Ибн аль-Асир ан-Нихаяда мындай деген: Пара берүү, паракорлук – муктаждыкта жактоочу аркылуу байланышуу. Ришва сөзү кудуктан суу алуу үчүн чакага байланган жипти түшүндүрөт. Башакача айтканда Пара берүү – батылды (шарьий мыйзамсыз нерсени) өз пайдасына чечтирүү үчүн жардам бергенге акча берүү, жардам бергени үчүн акча алган паракор, пара алуучу. Ал экөөнүн ортосунда ортомчулук кылуучу ортомчу паракор. Ал эми укугун коргоп калуу же адилетсиздикти, зулумду кетирүү үчүн берилген нерсе ага (паракорлукка) кирбейт.

Урматтуу бир туугандар:

Каргыш – бул Аллахтын ырайымынан куулуу, анда мусулман бул ырайымдуулуктан куулганына кантип ыраазы болот? Мусулмандар арасында пара алуу жайылып, феноменге айланды. Кантип андай болбошу мүмкүн, анткени бул алардын жашоосуна айланып, парасыз мамлекеттик мекеме таппайсың, ал тургай алардын диний иштерине да жеткен. Бул алардын башкаруучуларынын парага болгон камкордугунан улам. Пара алуу Алла Таала пенделерине арам кылган чоң күнөөлөрдүн бири экенин канчалаган мусулмандар билет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ким муну кылса, аны каргады. Андан сактануу, андан алыс болуу, адамдарды алуудан эскертүү парз. Бирок бул эскертүү жетиштүүбү? Албетте, ал жетиштүү эмес, маселе көзөмөлдөн чыгып кеткен, анткени ал акимдин камкордугунда. Ооруну жок кылуу керек, симптомду эмес, башкача айтканда, ага шарт жаратып камкордук кылып жаткан башкаруучу акимди, системаны жок кылуу керек.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 25-робиус саани.

2025-ж, 19октябрь.

.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button