Кабар

Яхудий баскынчылары тынчтык келишимин бузушууда

Яхудий баскынчылары тынчтык келишимин бузушууда

Баскынчы «Израил» ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимди кара мүртөздүк менен бузуп, Газаны кайра бомбалады. Баскынчылар бул арамзалыгына ХАМАСтын чабуулдарын шылтоолоп жатат. Бирок, ХАМАС өкүлдөрү мындай сөздөрдү четке кагып, «бул тынчтык келишимин бузуу үчүн жалган шылтоо» деп аташты.

20-октябрга карата 24 сааттын ичинде Газада 47 мусулман шахид болушту. «Израилдин» чектөөлөрүнөн улам, гуманитардык жардамдардын жеткирилиши да оор бойдон калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдиришче, Газага жеткирилип жаткан гуманитардык жардамдар жетишсиз. Учурда болгону жарым миллион гана эл жардам алып жатышат. Газага жардамдар жеткирилип жатканы менен, үлкөн муктаждыкты камсыздай албай жатат. «Израил» бир канча өтмөк пункттарын жаап койгондуктан, жардамдардын жеткирилиши оорлошкон. Ок атышууну токтотуу келишиминен бери Газага кирип жаткан жүк ташуучу унаалардын орточо саны болгону 89ду түзөт, ал эми кризисти чечүү үчүн анклавга күнүнө 600дөн кем эмес жүк ташуучу унаа кириши керек.

Ал эми Газаны тегеректеген мусулман өлкөлөрү тескерисинче ХАМАСка басым өткөрүп, куралдарын таштоону талап кылып келишет. Муну Трамптын билдирүүсү ачык-айкын ашкерелөөдө. Ал мындай билдирүү берди: «Жакынкы Чыгыштагы жана ага жанаша жайгашкан региондордогу көптөгөн союздаштарыбыз менин өтүнүчүм менен Газага чоң аскер менен кирип, «ХАМАСты тизгиндөөгө» даяр экенин ачык чечкиндүүлүк жана абдан жигердик менен мага билдиришти».

Газа мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбиза башчылардын чыныгы жүзүн ачыктоодо.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button