Кабар
Жоолукчан кыздар мектепке киргизилбей жатат

Жоолукчан кыздар мектепке киргизилбей жатат
Өзбекстандын Сырдаря облусунун №16-мектебинде жоолук салынган кыздар ар кандай чектөөлөргө, кемсинтүүлөргө кабылышууда. Кыздардын ата-энелери мектептин директору хижаб кийген окуучуларга мектептин имаратына кирүүгө тыюу салганын айтышты. Маселеге ата-энелер аралашканына карабастан, кыздардын мектепке кирүүсүнө жол берилбеген. Облустун акими жумушчу сапар менен келе тургандыгы билингенден кийин гана хижаб кийген кыздарга мектепке кирүүгө убактылуу уруксат берилген. Ата-энелердин айтымында, хижаб кийген кыздар күн сайын ар кандай кемсинтүүлөргө кабылып, сабактардан чыгарылган учурлар арбын кездешүүдө.




