Кабар
Майнингден түшкөн салыктын көлөмү өсүүдө

Майнингден түшкөн салыктын көлөмү өсүүдө
Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-сентябрь айларына карата майнингге салынган салыктан бюджетке 77 млн 73,5 миң сом түшкөн. Бул көлөм былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Былтыры январь-сентябрь айларында майнингге салынган салыктын көлөмү 38 млн 163,7 миң сомду түзгөн.
Бул болсо өлкөдө электр энергиясын жогорку көлөмдө пайдаланган майнинг фермалардын саны жана ишмердүүлүгү өсүп жатканын билдирет. Ал эми карапайым калк үчүн электр энергиясы чектелип, мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр уланып жатат.




