Макала
Trending

Жасалма боорукердик жана чыныгы жакырчылык

Жасалма боорукердик жана чыныгы жакырчылык

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Эдил Байсалов Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында уюштурулган, Ачарчылык жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча Глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышты.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов, дүйнө жүзүндө жүз миллиондогон адамдар ачарчылыкка, жакырчылыкка жана тартыштыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

«Бул биздин жалпы адамдык жоопкерчилигибизди жана чечкиндүү биргелешкен аракеттерибизди талап кылган трагедия. Биз алардын азабын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз. Өзгөчө тилектештик сөздөрүмдү Палестина элине арнайм. Бүгүн алар толугу менен атайын уюштурулуп жаткан ачарчылыкка дуушар болуп жатышат. Бул эл аралык кылмыштын бир түрү», – деди Байсалов.

Ошондой эле ал Кыргызстан Глобалдык альянска кошулуп, жакырчылыкты жоюу жана ар бир адам үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максаттарына кошуларын билдирди. Адамзат, миллиондогон тагдырлар жашоого жана азыкка болгон жөнөкөй укуктан ажырап жаткан учурда, унчукпай карап тура бербөө керек экенин Байсалов белгиледи.

Байсаловдун «боорукердик» жана «тилектештик» жөнүндөгү кайрылуу сөздөрү, саясий пиардын куралына ачык мисал. Биринчи караганда, бул сөздөр адамгерчиликке жана улуу баалулуктарга чакыргандай угулат. Бирок бул салтанаттуу жагымдуу кептин аркасында, кадимки саясий оюн жатат. Баардык мамлекеттер Палестинадагы кыргынга жана ачарчылыкка эч нерсе кылбастан карап олтургандан кийин, Палестина элине тилектештик тууралуу катуу билдирүүлөрдү жасоо аткаминер үчүн орунсуз. Ошол эле учурда, анын өз эли жакырчылыкта жашап келүүдө. Кыргызстанда азыркыга чейин миллиондогон адамдар оор социалдык абалда жашап, негизги муктаждыктарын кандыра албай келет. Бул жерде кеп «кимдин көйгөйү маанилүүрөөк» жөнүндө эмес.

Албетте Палестина элинин сыноосу, Кыргызстандын сыноосу менен тең эмес. Бирок аткаминердин мындай билдирүүсү, өз өлкөсүндөгү көйгөйлөрдү чече элек жатып,башка жакыр жашап жаткан элдерге жардам колун сунуп жаткандайугулат.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүн Кыргызстан калкынын төрттөн бири, болжол менен 1,8 миллион адам жакырчылык сызыгынын аркасында жашайт. 2,5 миллионго жакын жаран, толук кандуу тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Айыл аймактарда жумушсуздуктун саны өтө жогору. Үй-бүлөлөр мезгилдик кирешеге көз каранды жана алардын көбү күнүн араң кечирүүдө. Азык түлүккө болгон баалар күндөн-күнгө өсүп, кирешелер артта калып жатат. Ал эми мамлекеттик социалдык программалар чектелүү жана натыйжасыз бойдон калууда.

Өзүнүн эли ачарчылыктан кутулгансып, атка минерлердин башкаларга боор ооруусу алардын эки жүздүүлүгүн ачып жатат. Кыргызстан калкынын төрттөн бир бөлүгү жашоонун кыйын шартында жашап жатканда, аткаминерлердин ички көйгөйлөрдү чечпей туруп, сырткы «миссиялар» менен алектенүүгө жана дүйнөлүк гуманизм тууралуу сөз кылууга акысы жок.

Кыргызстандагы учурдагы абалды туура түшүнүш үчүн статистикаларды келтирейли:

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы калктагы жакырчылыктын деңгээли 25,7 %ды түзгөн. Тактап айтканда Кыргызстанда жалпы 1 млн 871 миң адам жакырчылык чегинин аркасында жашайт, алардын 62 %ы айыл жергелеринде. Эгер керектөө себети 5 %га гана жогоруласа (~300 сом айына), жакырлардын үлүшү 29,3 %га жетмек. Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын (WFP) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2,6 миллионго жакын адам толук кандуу азыктанууга жетише албайт.

Эми мына ушндай сандардын фонунда, мамлекеттик аткаминерлер ачарчылыка каршы «дүнүйөлүк миссия» тууралуу ааламды жаңырткан билдирүүлөрдү кылышууда. Алар өз өлкөсүндөгү жакырчылык менен күрөшүүнүн ордуна, БУУ жана G20 көзөмөлүнүн астындагы глобалдык долбоорлорго эл көрсүн үчүн кошулушууда. Ал эми бул уюмдар, эбак эле саясий пиар жана дипломатиялык таасир жүргүзүү майданына айланган.

Ачарчылыкты жоюуга багытталган глобалдык альянстар, көп учурда эл аралык бюрократияга кызмат кылып келет. Алар «жардам көрсөтүү» жана коомдук ишке аралашуу элесин гана пайда кылат. Бирок чыныгы жардам берүү механизмдери формалдуу бойдон калып, жакыр мамлекеттер тышкы жардамга көз каранды болуп, алардын эл аралык структураларга болгон муктаждыктары дагы да ашып барууда. Тилектештик сөздөрдүн аркасында саясий пайда, гуманитардык маселелерге аралашуу элесин пайда кылуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн алдында жагымдуу абройду сактап калуу сыяктуу адаттагы схема жашырылган.

Чындыгында палестиналыктар эки жыл эмес, ондогон жылдар бою акыл-эси бар адамгерчиликти “бийик тутканмамлекеттерден, айрыкча мусул ман өлкөлөрүнөн аскерий чараларды күтүп келишкен. Маани бере турган жайы, ачарчылык көйгөйү массалык кыргындын алдында экинчи даражадагы маселе болот. Ачарчылыка эле көңүл буруу менен бул уюмдар, сионисттердин жана жалпы кылмыштуу дүйнөлүк коомчулуктун кылмыштарын жашырууга аракеттенишүүдө.

Демек, Байсаловдун сөзү бул дипломатиялык билдирүү гана, гуманитардык чакырык эмес. Андан максат, Кыргызстанды «глобалдык саясатка аралашкан», «эл аралык институттар менен тилектеш» мамлекет катары көрсөтүү. Бирок бул сөздөрдүн артында эч кандай реалдуу иштер жок. Башка өлкөлөрдөгү көйгөйлөр бул жерде турсун, ички жакырчылыкка каршы системалуу реформалар же эффективдүү колдоо программалары иш жүзүнө ашырылбай келет.

Ошондуктан, аткаминерлер трибунадан Палестинаны колдоо жөнүндө сөз кылышканда, бул сөздөрдү адамгерчилик сыпатын билдирүү катары эмес, өз жоопкерсиздигин жаап-жашырган саясий ишара катары түшүнүү зарыл. Анткени башка өлкөдөгү ачка адамдарга жардам берүү, бул ыңгайлуу иш. Бул иш сыртынан кооз көрүнөт, коопсуз жана эл аралык саммиттерге катышуудан башка эч кандай чыгымды талап кылбайт. Ал эми чыныгы жардам берүү кыйын, анткени ал чынчылдыкты, эмгекти жана жасалма гуманизмден баш тартууну талап кылат.

Кыргызстанда миллиондогон адамдар жакырчылыкта, муздак үйлөрдө, бош муздаткычтар менен азык-түлүксүз күн кечирип жатканда, «дүйнөлүк жакырчылыкка каршы күрөш» жөнүндө аткаминерлердин ар кандай сөздөрү тилектештиктикти билдирүү эмес, тескерисинче шылдың сыяктуу угулат. Гуманизм саммиттерди өткөрүү менен гана чектелбейт. Адам өзүнө өзү нан сатып алганга шарт түзүлсө, мына ошондо гуманизм тууралуу кеп кылса болот. Анткени мамлекеттин ички абалы кыйла оор. Калктын төрттөн бир бөлүгү жакырчылык сызыгынын аркасында жашайт, көпчүлүк адамдардын толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок.

Мындан тышкары, билдирүүдө ички реформаларга же инвестицияларга байланыштуу, ошондой эле гуманитардык жардам палестиналыктардын көйгөйүн кантип чечери тууралуу так кадамдар көрсөтүлгөн эмес.

Глобалдык альянска катышуу көйгөйлөрдү чечүүгө каратылган стратегиялык кадам эмес. Ал көбүрөөк эл аралык аброй жана тышкы саясат үчүн жасалган кадам. Жардам берүү жана глобалдык альянстар бул дүйнөлүк таасирдин куралы. Анткени жардам алуучу өлкөлөр, өнүгүүдөн көрө көз карандылыка батат. Ошентип, бул жердеги маселени Палестинадагы жакырчылык жана ачарчылык менен күрөшүү деп эмес, тескерисинче саясий маневр, глобалдык күн тартибине катышуу жана ички милдеттерден көңүлдү буруу деп түшүнсө туура болот. Тышкы жардам жана эл аралык альянстар баса белгиленип, бирок ички модернизация жана жакырчылыктын себептерин жоюу четке сүрүлүп жаткан учурда, мындай кадамдарды тек гана сын менен кабыл алуу шарт.

Жараткан Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп айткан: (эй Мухаммад) айткын: «Силерге кылган иштеринин айынан көп зыян көрүүчү адамдардын кабарын берелиби?! Алар кылган аракет-эмгектери ушул дүйнөдө эле жок болуп (текке) кеткен, а бирок (наадандыктары себептүү) өздөрүн көркөм – жакшы иштер кылып жаткан адамдар, деп эсептей турган кишилер!».

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button