Светтен жок, же көмүрдөн жок…

Светтен жок, же көмүрдөн жок…
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» акционердик коомунун Балыкчыдагы филиалына барып, көмүрдүн запасын жана көмүрдүн базаларга жеткирилип жатканын текшерди. Таалайбек Ибраев көмүрдү жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз жеткерүүнү камсыздоону тапшырды. Ошондой эле, көмүрдүн таңкыстыгын жаратпоо үчүн кезек менен алмашкан күнү-түнү иш алып барууну буйруду. Ал эми, көмүр кендеринде жеке жактардын көмүр ташуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
Анткен менен, адаттагыдай көмүр жеткирүү маселеси орчундуу бойдон калууда. Учурда электр энергиясынын лимити 3 кВтка чейин төмөндөтүлгөн шартта көмүр пайдалануу проблемага айланууда. Себеби, биринчи кардын жаашы менен адамдар көмүр издеп, көмүр тапса да өтө кымбат баада сатып алышууда. Өлкөнүн түндүк бөлүгүнүн 90 пайызы Кара-Кечеден чыккан көмүрдү колдонушат. Бирок бул көмүр сатып алуу өтө кымбатка түшүүдө.




