Комментарий
Trending

Сирия президенти АКШга сапар алды: мурунку «террорист» бүгүн «дос»

Сирия президенти АКШга сапар алды: мурунку «террорист» бүгүн «дос»

5-ноябрда АКШ Сириянын убактылуу президенти Ахмад аш-Шараага каршы санкцияларды жокко чыгаруу жөнүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешине резолюция долбоорун даярдап сунуштады. 6-ноябрда Коопсуздук Кеңеши Сириянын убактылуу президентин жана Сириянын өткөөл өкмөтүнүн ички иштер министри Анас Хаттабды уюмдун санкциялык тизмесинен чыгаруу тууралуу резолюция кабыл алды. Ал эми, 7-ноябрда АКШ Сирия президенти Ахмад аш-Шараага карата бир тараптуу киргизген санкцияларын бекер кылды. Ошондой эле, Сириянын өткөөл өкмөтүнүн ички иштер министри Анас Хаттаб да кара тизмеден чыгарылды.

Ошентип, санкциялар бекер кылынгандан кийин 9-ноябрда Ахмад аш-Шараа АКШга расмий сапар менен барды. Алдыда Ахмад аш-Шараа менен Дональд Трамптын жолугушуусу күтүлүүдө. Бул жолугушууда АКШ Сириянын жаңы бийлигин ИШИМ уюмуна каршы күрөш алып барган өзүнүн коалициясына кошууну үмүттөнүп жатат. Ошондой эле, Reuters жана AFP агенттиктеринин маалыматына ылайык, АКШ Сириянын борбору Дамаскта өзүнүн аскерий базасын орнотууну көздөп жатат.

Аш-Шараа АКШнын борбору Вашингтонго ишемби күнү кечкурун келди, ошол эле маалда, Сириянын ички иштер министрлиги ИШИМ уюмуна каршы багытталган «коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңири көлөмдүү операция» башталганын жарыялады. Сириянын ички иштер министрлиги маалымдагандай, операция Идлиб, Алеппо, Хомс жана Хама аймактарын камтыган. Операцияда 61 рейд уюштурулуп, 71 адам колго алынган, ИШИМ уюмунун бир канча ячейкалары жок кылынган. Министрлик баса белгилешинче, бул иш-чаралар Сирия бийлигинин терроризмге каршы күрөштү улантуудагы чечкиндүүлүгүн көрсөтүп турат.

Комментарий: көрүнүп тургандай, АКШ Сирия президентине каршы тоскоолдуктарды алып салуу үчүн бардык шарттарды даярдады. Буга жооп иретинде Сирия бийлиги өлкөдө ИШИМге каршы масштабдуу операцияларды өткөрдү. ИШИМ уюмунун мүчөлөрү барбы же жокпу, маанилүүсү – ИШИМге каршы күрөш алып барылууда деген түр көрсөттү. Бул Америкага керек. Себеби АКШ ИШИМге каршы күрөштү шылтоолоп өзүнүн саясатын алга сүрөт, өз таасирин жаюуга аракет кылат.

Эскерте кетсек, бир канча күн мурун Сирия бийлиги АКШ менен биргеликте Сирия аймагында ИШИМге каршы операцияларды өткөргөн. Бул жагдай Сирия режими менен АКШнын мамилесин ачыкка чыгарууга жана мусулмандар алдында экөөсүнүн мамилесин «адалдоого» шылтоо болот. Ошентип, кече АКШ «террорист» деп атаган адам бүгүн «апакай» болуп «террористтерге» каршы күрөшкөн доско айланууда. Мындан белгилүү болгондой, «террорист» ким экенин  бир аныктама же эреже белгилебейт. Аны АКШ белгилеши ачык-айкын көрүнүп турат. АКШ «терроризм» деген түшүнүктү өзүнүн саясатын дүйнөгө жаюу жана өз таасирин дүйнөдө бекемдеп, өзү каалаган өлкөлөргө бастырып кирүү үчүн ойлоп тапкан. АКШнын «терреоризмге» каршы күрөшүнө кошулуу – бул анын демократиялык системасын кабыл алдым, шариятты орнотуудан баш тарттым дегендин белгиси.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button