Тынчтык келишимине карабастан яхудийлер Газада мусулмандарды кыргын кылууну улантууда

Тынчтык келишимине карабастан яхудийлер Газада мусулмандарды кыргын кылууну улантууда
Ок атууну токтотуу келишими 10-октябрда күчүнө киргенден бери «Израил» кыргындарды дагы эле улантып жатат. Баскынчы күчтөр андан бери тынчтык режимин 497 жолу бузду. Бул учурда 342 мусулман шахид болду, 875 мусулман ар кандай түрдөгү жаракат алып, 35 адам эч бир себепсиз камакка алынган. ЮНИСЕФ билдиргендей, 10-октябрдан бери кеминде 67 бала «Израил» тарабынан өлтүрүлгөн. Башкача айтканда, тынчтык келишими жарыялангандан бери баскынчы яхудийлер Газада күн сайын эки баланы өлтүрүп жатат.
Ошол эле учурда, баскынчылар Газадагы блокаданы да токтотушкан жок. Тескерисинче, Газага гуманитардык жардамдарды алып кирүү дагы эле оор бойдон калууда. Мындан улам, азык-түлүккө болгон баалар асман чапчып жатат. Жумуртка 13 доллардан 600 долларга, 1 литр бензин 7 доллардан 250 долларга, жашылчалар 10 эсеге, суу жеткирүү 866 %га кымбаттаган. Негизги товарлардын баалары орточо 700 %га өскөн.
Изилдөөчүлөр баса белгилешкендей, бул катардагы инфляция эмес, ал ачарчылыкты атайын курал катары колдонуу болуп эсептелет. Себеби, баскынчы «Израил» гуманитардык жардамдардын киргизилишин катуу чектеп, азык-түлүктү өндүрүү, сактоо жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны кыйратууну улантууда.




