
Акыркы төңкөрүш аракетинин артында Орусия турабы?
Орусиянын президенти Владимир Путин 25-27-ноябрь күндөрү Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат. Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Ушул күндөрү Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити дагы өтөт.
Комментарий:
Белгилүү болгондой, Орусия-Кыргызстан президенттеринин мамлекеттик сапарлары ар-дайым эксклюзивдүү окуялар менен коштолуп турат. Себеби, мамлекеттик сапарлар учурунда түзүлө турган маанилүү келишимдерди түзүүдө бул окуялар Путин үчүн басым өткөрүү куралы болуп эсептелет. Маселен, буга чейинки сапарлардын алдында чек-ара окуялары, мигранттарга карата басым жасоо, теракт сыяктуу жараяндар басым куралы болуп келген.
Путиндин айдын аягына белгиленген мамлекеттик сапары да мындай “сюрпризден” куру калган жок. Ички иштер министрлиги 22-ноябрдын таңында бир катар оппозициялык маанайдагы саясатчылардын үйлөрүндө тинтүү өткөрүлгөнүн, айрымдары суракка чакырылганын кабарлады. Бул операциялардын жыйынтыгында, 10 киши “массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталып, камакка алынды. Алардын арасында КСДП партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев, мурунку депутат Шайлообек Атазов баштаган саясатчылар бар. Алар шайлоодон кийин бийликти басып алууну пландаган деп айыпталууда.
Бул камоолордун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчаларында бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. Алардын айтышына экс-премьер министрлер да кошулуп, өз билдирүүлөрүн жасаган.
Расмий Кремль өзүнүн салттуу стратегиясына ылайык, ички саясатта жеңип чыккан тарапты өз саясатына мажбурлап баш ийдирүү позициясын карманып келет. Учурдагы бийлик акыркы жылдары Россияга салыштырмалуу Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп жиберди. Муну Кытай менен стратегиялык келишимдердин түзүлүшү, өлкөдөгү маанилүү ресурстардын баарын Кытай компанияларына тапшыруусу жана эки өлкө ортосундагы соода алмашуунун арыштап өсүүсү айгинелеп турат. Ушундан улам, Россия бийлиги Кыргызстан бийлигин чөгөлөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөгү ар бир рычагды колдонуудан кайра тартпай жатат.
Россия үчүн кыргыз бийлигин алмаштыруу приоритет болбосо да, ал оппозициялык күчтөрдүн аракеттерин колдоп коюуда о.э. миграция, бензин, бажы тоскоолдуктары аркылуу бийликке басым кылуучу куралдарды колдонууда. Айрыкча, Атамбаевдин негизги кадрларынын бири, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун саясий окуяларга карата билдирүүсү да буга далалат кылат. Ал азыр Кремлдин калкалоосунда турат.
Демек, өлкөдөгү акыркы окуялар – ички саясаттагы тирештин күчөшү, Россиянын аны тымызын колдоосу, ага карата бийликтин ашыкча кооптонуусу себептүү – чыңалып жатат.
Биз мусулмандар үстүбүздө болуп жаткан мындай жараяндарга кайдыгер карабашыбыз керек! Бул окуяларга карата ыймандан келип чыккан, Исламыбызга негизделген амру маъруф ва нахий мункар иштерин – чыныгы ыхлас менен алып барышыбыз керек. Ошондой эле, колонизатор күчтөр мындай басым куралдары аркылуу үммөттүн байлыгын талап-тоноо үчүн келишимдерди түзүүсүнө жол бербешибиз керек!
Нурдин Асаналиев




