Украина боюнча АКШнын планы Киевди олуттуу чегинүүгө милдеттендирет

Украина боюнча АКШнын планы Киевди олуттуу чегинүүгө милдеттендирет
Жаңылык:
АКШ Украинага жаңы тынчтык сунушун берди. Анда Украинанын Россия басып алган аймактардан баш тартуусу жана армиянын жарымынан көбүн азайтуу талап кылынат. Бул тууралуу долбоор менен тааныш жогорку даражалуу кызматкер шаршемби күнү Франс Пресс агенттигине билдирди.
Атын жашыруун калтырууну суранган булактын айтуусуна караганда, сунуштун долбоору Крым жарым аралын жана Россия көзөмөлүнө өткөн башка аймактарды таанууну, ошондой эле украин армиясынын санын 400 миң жоокерге чейин кыскартууну камтыйт.
Украина президенти Владимир Зеленский үч жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланып жаткан Россия менен болгон согушту токтотуу үчүн АКШнын жетекчилиги күчтүү жана натыйжалуу бойдон калышы керектигин айтты.
Зеленский Түркия президенти Эрдоган менен Анкарадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин Телеграмда мындай деп жазды: «Кан төгүүнү токтотуунун жана туруктуу тынчтыкка жетүүнүн негизги фактору — бардык өнөктөштөрүбүз менен координацияда иштөө жана АКШнын жетекчилиги натыйжалуу жана күчтүү бойдон калышы».
Ал Америка жана анын президенти Трамп «согушту толук түрдө токтотуу үчүн жетиштүү күчкө ээ жалгыз тарап» экенин кошумчалады.
Комментарий:
Адамда төрт түрдүү кыймат бар: рухий кыймат, инсаний кыймат, материалдык кыймат жана ахлакый кыймат. Ислам дүйнөлүк рисалат катары адамга адам катары кайрылып, ушул бардык кыйматтардын ишке ашырылышын эске алат. Алардын ортосунда айырмачылык кылбайт, тескерисинче, мусулмандан ишти аткарып жатканда Аллах менен болгон байланыштын идирек кылынуусун талап кылат.
Жогоруда айтылган маалыматта көңүл бура турган жай, согушту аяктоо үчүн түрк президенти Эрдогандын ортомчу катары кирип келиши. Белгилүү болгондой, Түркия АКШнын саясий орбитасында айланып, дүйнөдөгү сегизинчи күчтүү армияга ээ болгондугуна карабастан, ага кызмат кылууга умтулат. Ал армиянын негизги согуштук акыйдасы, Аллах жолунда жихад кылууга, жеңиш же шахиддик деген эки жакшылыктын бирине жетүүгө үндөшү керек эле. Бирок Эрдогaн бул күчтү яхудий түзүмүнүн эки жыл бою Газага каршы жүргүзгөн геноцидинен жабыркаган мусулмандарга жардам берүү үчүн пайдаланган жок. Болгону ураан-чакырыктарды айтып, элдин туйгусун басаңдатуучу массалык митингдерди жетектөө менен чектелди.
Газадан мурда да Шам эли орустар урган аба соккуларына жана кылмышкер Башардын жарылуучу бочкаларына кабылып жатышкан. Ошондо да Эрдогaн «Хама сыяктуу кырсыкты кайталатпайм» деген куру сөздөр менен чектелген. Ал козголоңчуларды Сочи, Женева жана Астана жолугушууларына, бир катар конференцияларга алып барды, революциялык топтордун ортосундагы кагылышууларды күчөттү. Акыры АКШнын бышырылган «тамагы» жетилип, сахнада Хайат Тахрир аш-Шам фракциясы жалгыз үстөмдүк кылып, Дамаскты көзөмөлгө алып, Башардын качып кетти. Анын ордуна агент аль-Жуланинин келиши менен согуш жыйынтыкталды. Ошентип, Шам элинин эки миллион шахид бериши, миллиондогон мухажирлер, баштарына үйү кулап өлгөндөр, ар-намыстын тебеленип-тепселиши сыяктуу курмандыктарды текке кетирүүгө аракет кылынды.
Ошондуктан, күч жана мүмкүнчүлүк ээлерине болгон мусулман армияларына кайрылуу зарыл. Динге кайткыла! Куранга жана пайгамбарыңар ﷺдын Сүннөтүнө кайткыла! Үммөтүңөргө жардам бергиле! Силер пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн иш алып барып жаткан калыстарга колуңарды сунгула. Ушул мамлекет Палестинаны жана башка бардык Ислам жерлерин азат кылат, Судандагы жана башка жерлердеги мааниси жок согуштарга чек коёт, адамзатты ашкере жырткыч капитализмдин караңгылыгынан Исламдын адилеттүүлүгүнө чыгарат жана алар Аллахтын динине топ-тобу менен киришет.
Аллах таала мындай деген:
﴿إِذَا جَاء نَصْرُ اللَّهِ وَالْفَتْحُ وَرَأَيْتَ النَّاسَ يَدْخُلُونَ فِي دِينِ اللَّهِ أَفْوَاجًا فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَاسْتَغْفِرْهُ إِنَّهُ كَانَ تَوَّابًا﴾.
«(Эй Мухаммад), качан Алланын жардамы жана жеңиш келсе; Жана адамдар топ – топ болушуп Алланын дини (Ислам)га кирип жаткандарын көрсөң; Тезинен Раббиңе мактоо-алкоо айтуу менен (Ал Затты ар – кандай «шерик»терден) тазалагын жана Ал Заттан кечирим сурагын! Анткени Ал тообо-зарларды кабыл кылуучу Зат». (Наср: 1–3).




