
Казакстан никабга каршы кербенге кошулду
Казакстанда мындан ары коомдук жайларда никаб кийгендерге айып пул салынат. Буга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүнү өлкө парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алды.
Биринчи жолу мындай талапты бузгандарга эскертүү берилет.
Ал эми экинчи жолу кайталанса, 39 320 теңге, болжол менен 78 доллар айып пул каралат.
Ал эми, бетти жапкан кийимди медициналык себептер менен, жарандык коргонууда, спорттук же маданий иш-чаралардын маалында колдонууга уруксат берилет.
Комментарий:
2025-жылдын январында Кыргызстанда никаб кийүүгө тыюу салынган.
Тажикстанда былтыр “улуттук маданиятка жат кийимдерди” сатууга жана кийүүгө тыюу киргизилген. Өзбекстанда мындай чектөө 2023-жылы эле кабыл алынган. Түркмөнстанда никабга расмий түрдө тыюу салынбаса да аялдар улуттук кийим кийүүгө милдеттүү болгондуктан, муслима эже-сиңдилерибиз никаб кие албайт.
Мындан белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү диний баалуулуктарга каршы мыйзам кабыл алууда, Алланын каарын келтире турган иштеринде жарышып жатышкандай. Казакстан президенти Токаевдин Трамптын ыраазылыгы үчүн баскынчы яхудий түзүмүн таануусу бул өлкө жетекчилеринин канчалык динге душман экенин ачык көрсөтүп турат.
Түпкүлүгүндө, никаб жана сакалга тыюу салуу бул диктатор режимдер ээрчип жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, демократиянын чордону болгон Батыштын өзү да бул идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин эркиндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Муну өзүн демократия бешиги деп эсептеген Франциянын 2004-жылы окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салуусу, хижаб кийген кызматкер муслималарды мамлекеттик мекемелерден чыгаруусу, 2010-жылы коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салуусу ачык көрсөтүп турат!
Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Чыгыш Түркистандагы бутпарас Кытай зулумдары, акыркы Газадагы кыргындар, Судандагы түбү көрүнбөгөн согуш жаңжалдары эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар эчак жерге көмүлүп калганын көрсөттү.
Түпкүлүгүндө, мусулмандар никабды эки жүздүү демократтар уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана өкүм катары кийишет. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар Борбор Азиядагы диктатор режимдердин Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никабга сакалга тыюу салган бийликтер, эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.
Ал эми, мусулмандардын капиталисттик мабда зулумунан Исламды бардык тармакта колдонуу аркылуу мусулмандардын укуктарын, райларын жана коопсуздугун толук камсыздаган Халифалык мамлекети гана алып чыгат.
Нурдин Асаналиев




