
Ахмад Шаранын өкмөтү Америкага баш ийүүдө чек билбейт
Жаңылык:
АКШ президенти Дональд Трамп сириялык лидер Ахмад Шарага колу менен жазылган кат жөнөтүп, ага өз колдоосун жана америкалык жардамды убада кылган. Кат Дамаскка Трампка жакын адамдардын бири жана эл аралык ишкер болгон Том Барак аркылуу жеткирилген. Катка Трамп менен Шаранын Ак үйдөгү Овалдуу бөлмөдөгү жолугушуу учурунда тартылган сүрөт да тиркелген. Трамп сүрөттүн үстүнө колу менен төмөнкүлөрдү эскертип жазган: «Ахмад, сен улуу лидер болосуң, Америка сага жардам берет!» (Агенттиктер, 2025-ж. 3-декабрь).
Комментарий:
Өз кызматына киришкен күндөн тарта эле Америка Кошмо Штаттарынын Анкарадагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Барак дээрлик дайым Дамаскта жашап келет. 2025-жылдын май айында АКШнын Дамасктагы элчилиги кайра ачылгандан бери Вашингтон менен Дамаск ортосунда жолугушуулардын тынымсыз агымы жана тоскоолдуксуз шайкештик өкүм сүрүүдө. Американын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) жетекчисинен тартып ар кыл аскерий жетекчилерге чейин, жогорку даражалуу дипломаттардан тартып мунай жана инвестиция компанияларынын өкүлдөрүнө чейин — бардык колонизатордук фигуралар Том Барактын көрсөтмөсү менен Сирияны Американын кара ниет пландарына толук баш ийдирүү үчүн Дамаскты кыдырып жүрүшөт. Ар бир сапар жана ар бир жыйын Шара администрациясынын Америкага болгон баш ийүүсүн дагы да арттырып, Сириянын моюнун кысып, берекелүү революцияны саткан чыккынчылыктын жаңы бир көрүнүшүн кошуп жатат.
Текебер Трамптын Ахмад Шарага аты-жөнүн атап туруп кат жөнөтүшү, ага ыраазы экенин билдирип, мактоо менен бирге аны ачык кемсинтүүсү дал ушул сокур баш ийүүнүн натыйжасы. Ошондой эле бул кат Ахмад Шаранын Ак үйгө болгон сапарынан кийин жөнөтүлгөнүн да белгилей кетүү зарыл. Катка жолугушуу учурунда тартылган сүрөт да кошулган. Ал жолугушуудан кийин Дамаск өкмөтү өтө оор ишке барып, Ислам мамлекети деген ат менен белгилүү уюмга каршы түзүлгөн альянска кошулууга макулдугун берди. Ал альянс чындыгында, Исламга жана анын өкүмдөрү менен башкарууга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн кресттүүлөр коалициясы болуп саналат.
Бул кызматташтыктын биринчи жыйынтыктары шаръий да, саясий да негизде эч бир түшүндүрүү мүмкүн болбогон кылмыш болуп, шексиз түрдө Исламды жашоосуна негиз кылып, башкаруунун тартиби катары кармангандарды бирден-бирден бутага алуу. Алар сириялыктар болобу же мухажирлер болобу айырмасы жок. Чындыгында, мындай операциялар азыр деле жүрүп жатат. Бул кордукту көрүп туруп унчукпай койгондор жана анын артынан келе турган кырсыктарды тоготпогондор сөзсүз жооп берет! Бул чыккынчылыктын масштабы ушунчалык чоң болуп кетти, Америка Дамаск өкмөтү расмий кабыл алган бул «өнөктөштүктү» ишке ашыруу үчүн эки негизги ишти жасоого барды: 2012-жылдагы аткаруу механизми жана 2014-жылдагы «окутуу жана жабдуу» долбоору. Бирок Эркин Сирия армиясы жана башка оппозиция топтору мусулмандарга каршы согушуудан баш тартып, кызматташууга макул болгон жок, ошентип долбоор бузулду. Ал учурда Сирия революциясы Аллага толук ишеним менен, Ислам принциптерине бекем берилген абалда алдыга жылып жаткан болчу. Түркия, Сауд Арабиясы жана Катар сыяктуу өлкөлөр оң тараптан жакындап келип, революцияны Идлибде курчап, аны башкаруу планына камап салганга чейин барды.
Эми Том Барактын Ахмад Шарага жөнөткөн катына кайрылалы. Бир гана сүйлөмдөн жана бир гана сүрөттөн турган бул каттын ичинде аны түшүнө билген адам үчүн миңдеген кабарлар бар. Алгач ойго келгени, уят ыймандын бир бөлүгү экендиги. Уятын жоготкон адам каалаганын тартып, каалаганын жасай берет. Экинчи жагынан, эгер Америка Ахмад Шарага ушунча инвестиция салып жатса, анда Шам жергесиндеги шахиддердин сөөктөрүнүн оорусу дагы канчага чейин уланат? Трамп Ахмад Шарага жүктөгөн жаңы милдеттердин арасында Сириянын түштүк-батышын яхудий түзүмүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү, Абрахам келишимдерине кошулуу, Дамаскта америкалык аскерий базаларды түзүү жана Сириянын батыш жээгинде америкалык компаниялар менен нефть казуу боюнча бир катар маанилүү келишимдерди ишке ашыруу бар. Бул келишимдерди келечекте алып келе турган коркунучтар менен салыштырганда, Трамптын Цезарь мыйзамы боюнча Сирияга каршы экономикалык санкцияларды алып салышы эч нерсеге арзыбайт.
Эми жоопкерлерди мухасаба кылган соң, чыныгы суроону коелу. 8-декабрдагы Тахрир майданынын биринчи жылдыгынан кийин Сирияда эмне калды? Топуракка көмүлгөн революция, жоголгон ар-намыс, күчтүү, бирок бүгүн кишенделген жана кордолгон үммөт! Булардын баары эмне үчүн жасаллы? Кафир колонизатор Америка убада кылган ошол «туруктуулук» менен «өнүгүү» үчүнбү? Сирия эли кымбат баа төлөп, үммөттүн биримдиги менен ар-намысынын калканы болгон Халифалыкты таштап, бөлүнгөн жана кыйралган мамлекетке ыраазы болуу үчүнбү? Газаны кыйратуу баасына яхудий түзүмү менен «позицияны түздөө» жана «нормалдаштыруу» үчүнбү? Кара бука бир аз жашасын деп сары букадан баш тартуу үчүнбү?
Эзелки жана азыркы тарых Исламдан башка жактан бийлик, ар-намыс жана сый-урмат издегендердин дүйнөдө да, акыретте да зыянга учураган мисалдары менен толо. Ахмад Шара буларды аңдап, Сирия революциясынын негиздерине кайра кайтып келеби? Ал учурда бир эле фракциянын лидери эмес, Сирия элинин баарына жоопкер адам экенин түшүнөбү? Ал ой жүгүртүп, кайрадан кыймылга келип, революция фикрат экенин, ал эч качан бүтпөсүн, чыныгы күрөш бийликке келгенден кийин башталарын, Аллага тобокел кылып аракеттенүүгө эч тоскоолдук жок экенин жарыялайбы? Же Америка менен яхудийлердин үстөмдүгүнүн астында, секулярдык улуттук мамлекеттин торунда, туткундардын арасында туткун болуп, Сирия элинин басымын көтөрүп, Газа эли жана бүтүндөй үммөт эзилип турганын көрүп туруп, кордук менен тар жашоону тандайбы?!
﴿مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتاً وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنْكَبُوتِ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ﴾
«Алладан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум (өзү үчүн) үй куруп алып, (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң морту жөргөмүштүн уясы. Эгер алар (аны) билишкенде (жөргөмүштүн уясы сыяктуу алсыз буттардан жардам издебеген болушаар эле)». (Анкабут: 41).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу




