Сакофий

Иллети ижмада келген Кыяс тууралуу 

Иллети ижмада келген Кыяс тууралуу 
Суроо: Бизге белгилүү болгондой, кыяс үчүн шаръий иллет талап кылынат, башкача айтканда, иллет далилде келиши керек. Суроо туулат, ошол далил сахабалардын ижмасы болушу мүмкүнбү? Эгер ошондой болсо, анда иллети ижмада келген кыяс барбы?
Жооп:
Сахабалардын ижмасы бир далилди ачып берет, башкача айтканда сахабалар ага амал кылган Набий ﷺдан келген бир хадис болгон, бирок аны риваят кылышкан эмес. Ошондуктан далилге эмне тиешелүү болсо, ижмага да ошол тиешелүү. Кыяс туура болушу үчүн анын иллети шаръий болушу керек, башкача айтканда далилде келиши керек. Бул нерсе бардык далилдерге тиешелүү, ал Китептен, же Сүннөттөн, же ижмадан болушу шарт. Демек, иллет насста бар болсо, аны кыяста колдонуу дурус болот, ал эми эгер иллет насста жок болуп, аклий иллет болсо, анда кыяс жарактуу болбойт.
Эми иллети ижмада бар болуп, ага кыяс кылынган өкүмгө мисал катары төмөнкүлөр келтирилет:
А) Уурдоого катышкан шериктердин (бир нече киши) бардыгынын колдору кесилиши ижма менен сабит болгон. Өлтүрүүгө катышкан шериктерди өлтүрүү (кысас кылуу) кыяс кылынган. Бул окуя Умар رضي الله عنه доорунда болгон: ага бир кишини өлтүрүүдө жети киши катышкан иш алып келинди. Умар жети киши катышкан өлтүрүүдө кысас алуу туура болобу деп шектенип калды. Ошондо Али رضي الله عنه ага:
«يا أمير المؤمنين، أرأيت لو أن نفراً اشتركوا في سرقة جزور، فأخذ هذا عضواً وهذا عضواً، أكنت قاطعهم؟ قال: نعم. قال: فكذلك»
«Эй момундардын амири, эгер бир топ киши бир төөнү уурдоого шерик болуп, бирөөсү бир мүчөсүн, экинчиси башка мүчөсүн алса, сен алардын баарын кесет белең?» — деди.
Умар: «Ооба», — деди.
Али: «Анда бул да ошондой» — деп жооп берди.
Бул окуяны Абдурраззак өзүнүн «Мусаннафында» келтирген. Демек, өлтүрүүгө шерик болгон кишилерден кысас алуу, уурулукка шерик болгондорду кесүү өкүмүнө кыяс кылынган. Эки өкүмдүн ортосундагы иллет – жаза берүүчү иште шерик болуу.
Б) Тай-энеге (апанын апасына) мурас катары алтыдан бир бөлүгү берилээри ижма менен аныкталган. Ушу өкүмгө чоң-эненин (атанын апасы) мурасы кыяс кылынып, ал дагы мурастын алтыдан бирине ээ болот. Бул маселе Абу Бакр رضي الله عنه доорунда болгон. Ал тай-энеге мурастын алтыдан бирин берүү өкүмүн чыгарган, ал эми чоң-энени мурас алуудан тоскон. Ошондо ансарлардын бирөөсү ага:
لقد ورَّثت امرأةً من ميت لو كانت هي الميتة لم يرثها، وتركت امرأةً لو كانت هي الميتة ورث جميع ما تركت.
«Сен бир аялга мурас бердиң, эгер ал өлгөн болсо, ал (кызынын баласына) мурас калтырмак эмес. Башка бир аялды таштап койдуң, эгер ал өлгөн болсо, (уулунун баласы) калтырган мурастын баарын алмак» — деди. Муну уккан соң Абу Бакр маселени кайра карап чыгып, экөөнү тең алтыдан бир үлүштө шерик кылды. Анткени чоң-эне өлүп, анын артында небереси (уулунун баласы) калса, мурасын алат. Тескерисинче, тай-эне өлүп, анын артында небереси (кыздын баласы) калса, андан эч бир мурас ала албайт.
27-Рабиъул Ахир 1428-х.
14/05/2007-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button