Роя гезити

Эл аралык “терроризмге” каршы коалицияга кошулуу өлкөнү душмандар каалаган жолго түртөт

Эл аралык “терроризмге” каршы коалицияга кошулуу өлкөнү душмандар каалаган жолго түртөт

Өткөн айдын онунда Ак үйдө өткөн жабык жолугушууда Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмад аш-Шара менен жолуккан АКШ президенти Трамп журналисттерге аш-Шара менен пикирлеш экенин билдирди. Анын айтымында, Шара милдеттерин жана ишин ийгиликтүү аткарат. Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти жума күнү Сириянын жаңы жетекчилигинин жүрүм-турумунда «байкаларлык жылыш» бар экенин белгиледи. Бул арада Сириянын маалымат министри Хамза аль-Мустафа «Сирия жакында ИГИЛди жеңүү үчүн эл аралык коалиция менен саясий кызматташтык жөнүндө декларацияга кол койгонун», жана «Сирия терроризмге каршы күрөштө өнөктөш экенин» ырастады. Ал кошумчалап, «президент Трамп Сириянын өзгөрүүсүн мактап, (Израил) менен мүмкүн болчу коопсуздук тартибине колдоо көрсөткөнүн» айтты. АКШнын Коргоо министрлиги да Сирия «эл аралык коалицияга кошулуу жолунда» экенин ырастады.

Сирия боюнча АКШнын атайын өкүлү Том Барак Ахмад аш-Шаранын сапары маалында Сирияны Америка баштаган эл аралык коалициянын ичине киргизе турган өнөктөштүк документине кол коёрун билдирген. Ал Трамп менен аш-Шаранын жолугушуусуна комментарий берип: «Мурда Сирия маселе болчу, бүгүн болсо ал биздин негизги өнөктөшүбүзгө айланды… Сирия өкмөтү “Ислам мамлекети” уюмуна каршы согушта жана “терроризмге” каршы күрөштө негизги өнөктөш… Кечээ терроризмдин булагы деп саналган Сирия бүгүн аны менен күрөшүүдө өнөктөш», — деди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары: «Сирия Иран режими үчүн вакиль болгон мамлекеттен азыр биз менен терроризмге каршы күрөшүп жаткан мамлекетке айланды», — деп билдирди.

Жакынкы Чыгыш институтунун баяндамасында Ички коопсуздук башкы башкармалыгындагы булакка таянып, «Дамаск менен коалициянын жетекчилиги ортосундагы акыркы координация бир нече оперативдик макулдашууларды камтыды. Алардын эң башкысы, Ички иштер министрлигинин чалгындоо бөлүгү менен эл аралык коалициянын операциялык борборлорунун ортосунда чалгын маалыматтарын алмашуу. Бул коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты дагы институтташкан жана туруктуу нукка салууга жол ачат», — деп айтылды.

Бул жолугушуу көптөгөн медиа-маалыматтар менен дал келип жатат. Алардын арасында 6-ноябрда «Рейтерс» кабар агенттиги маалымдагандай, маалым булактар АКШ Дамасктын аймагындагы аба базасында өзүнүн аскерий катышуусун түзүүгө умтулуп жатканын билдиришкен. Андан кийин күтүлгөндөй сириялык жана америкалык тараптар муну четке кагышты.

Учурдагы администрациянын эл аралык коалицияга каргашалуу түрдө аралашуусу — Сириядагы америкалык катышууну мыйзамдаштыруу, 2014-жылдын сентябрынан тарта «терроризмге каршы күрөш» деген шылтоо менен он жыл бою жасалган кылмыштарды жана үрөй учурган кыргындарды актоо, ошондой эле келечекте жасалышы мүмкүн болгон бардык кылмыштарды «мыйзамдаштыруу» болуп саналат. Бул — жалган жана бурмаланган ураандардын артына жашынган, чыныгы максатын т.а. үммөттү кысымга алып, элди «эл аралык тартипке» каршы чыгууга батынганы үчүн жазалоону жашырган кектүү крестчил коалиция. Ошондой эле ал Шам элинин жана Ислам үммөтүнүн жүрөгүндө тамыр жайган революциялык жана жихадий рухту бутага алат. Көп жылдарга созулган кордук-мазактоодон жана Аллах түшүргөн мыйзамдан башкасы менен башкаруу кылмышынан кийин Ислам менен башкарылган мамлекетке болгон алардын умтулуусун басууга багытталган.

Шам революциясынын эң негизги туруктуу принциптеринин бири — эки миллион шахидди берген бул революция Батыш мамлекеттеринин үстөмдүгүнөн кутулуу жана алардын таасирин жоюу болчу. Бирок Аллах бизди Башарды кулатуу менен сыйлагандан кийин, жаңы администрациянын көз карашында Америка жана Батыш менен иш алып баруу жана аларга ачылуу коопсуздуктун, тынчтыктын, бейпилдиктин, өнүгүүнүн жана экономикалык гүлдөп-өсүүнүн жалгыз булагы болуп калды! А түгүл маалымат каражаттары Исламды чектөөлөрдөн, өкүмдөрүнөн жана шарттарынан, айрыкча экономикада жана каапыр мамлекеттер менен согуш жүргүзүп жаткан мамлекеттер менен болгон мамилелерде ал өкүмдөрдөн толук алыстап, капиталисттик экономикалык жагына басым жасап жатышат. Алардын башында Америка турат. Анын куралы Иракта, Афганистанда, Сомалиде, Йемендe төгүлгөн каныбыздан тамчылап турат, ал тургай Сириянын өзүндө да, 14 жыл бою кулатылган режимди Шам революциясын муунтуу жана анын элин кайра эле жазалоочунун кучагына кайтаруу үчүн жашоонун бардык шарттары менен колдоп келген.

Андан тышкары, оор экономикалык абалды Батыштын ыраазычылыгына жана санкцияларды алып салууга байланыштыруу — адамдардын аң-сезимин Курандагы түбөлүк чындыктан алыстатуу үчүн жасалган куру оюн жана көз боёмочулук. Ал чындык жакырчылык менен азаптын себеби Аллахтын шариатын башкаруудан, жашоодон жана мамлекеттен четтетүү экендиги. Аллах Таала мындай дейт:

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَىٰ * وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَىٰ﴾

“Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Таха: 123–124).

Мындан да оор болгону — бул кооптуу тайгак жолду саясий, экономикалык жана коопсуздук жаатындагы мүмкүн болуучу утуштарды ишке ашыруу менен актоо. Бул “эки зыяндын жеңилин тандоо” деген шылтоо астында, динибиздин негиздерин жана тышкы саясатта мамлекеттер менен мамиле кылуунун механизмин туура эмес түшүнүүдөн келип чыгууда.

Андан да таң калычтуусу — эл аралык коалицияга болгон мамиленин, Исламга каршы согуш жүргүзгөн крестчил коалициядан, “ашкере радикализмге жана терроризмге” каршы күрөштө өнөктөш жана союздаш катары өзгөрүп кетиши. Бул Исламга каршы согуш жүргүзүү жана анын кайрадан бийликке кайтуусуна бөгөт коюу дегенди билдирет! Анда бийликке келгенге чейин шариат жана анын жолдоочулары көтөрүп жүргөн “аль-валаа валь бараа” ураандары кайда калды?! Алар Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн уккан эмес беле?

﴿قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَنْ يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ﴾

“Ал (Муса) айтты: «Балким Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди бул жерге халифа (орун басар) кылаар жана кандай амалдарыңарды кылаарыңарды көрөөр”. (Аъраф: 129).

Же болбосо бул ураандар максатка жетүү үчүн тепкич болуп, ал максатка жеткенден кийин унутта калган нерсеге айланып калдыбы?!

Аллах Таала айтат:

﴿مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ﴾

“Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз Жакшылыгын каалаган кишисине берет. Аллаулуу ырайымдуулуктун Ээси”. (Бакара: 105).

Демек, Исламга каршы согушта куфрдун башы жана анын найзасы болгон Америкага ишенебизби, же бизди Аллахтын жардам-коргоосу жеңиш менен Дамаскка жеткирген Жалгыз Кудуреттүүнүн сөзүнө ишенебизби?! Анан Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн кайда коёбуз?

﴿وَلَنْ تَرْضَىٰ عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى ۗ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ﴾

“Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт”. (Бакара: 120).

Батыш мамлекеттеринин баары Сирияга карата санкцияларды алып салуу маселесин ачык-айкын шарттарга байлап койду. Алардын башында жаңы администрациянын Исламга каршы күрөш боюнча кызматташуусу турат. Бул нерсе бүгүн көзү бар ар бир адамга ачык болуп калды.

Америка менен ушул крестчил коалицияга ачык-айкын кошулуу абдан кооптуу тузак жана чоң балекет. Анын жамандыгы учурдагы администрация менен гана чектелбестен, аны колдогондорго, унчукпай макул болгондорго жана анын кесепеттери менен натыйжаларын көз жаздымда калтыргандардын баарына тийет. Анын эң ачык натыйжаларынын бири Исламды жашоонун тутуму катары көтөргөн ар бир адамды куугунтуктоо. Бул жергиликтүү элден болобу же Ислам үммөтүнүн балдары арасынан жардамга келгендер болобу баары бир. «Ислам мамлекети» уюму болсо, коомдук пикирди адаштыруу үчүн илинген шылтоо гана. Бул коалицияга кошулууну элге жагуу үчүн колдонулууда. Мындан тышкары, мындай аралашуу саясий жана экономикалык көз карандылыкка, ошондой эле Америка каалагандай коопсуздук органдарын кайра түзүү сыяктуу ички маселелерге саясий пландарды таңуулоого алып келет. Америка бул органдарды өзүнүн куралына, көз-кулагына айлантып, пландарын каалагандай ишке ашырууну көздөйт.

Бүгүн биз Шамда жол айрылышында турабыз: же динибизге, Раббибиздин жолуна жана Пайгамбарыбыз ﷺдын манхажына кайтып, шариатыбызга каршы келген нерселердин баарынан толук баш тартууну жарыялайбыз же Американын ыраазычылыгы деген элестин артынан кууп, Аллахтын каарына калабыз да, Шам жерин сугарган улуу курмандыктар менен пакиза кандардын баары желге учат. Анда Шам эли кайсы жолду тандашы керек?!

Шам революциясынын уул-кыздарына жана курмандык ээлерине динибиздин жана революциябыздын туруктуу негиздерине бекем турууну ачык жарыялоо жарашат. Алардын башында Пайгамбарыбыз ﷺ   берген сүйүнчүнү ишке ашыруу үчүн, Исламды мамлекеттин башкаруу тутуму катары өкүм кылуу турат. Анткени ал ﷺ  мындай деген:

«أَلَا إِنَّ عُقْرَ دَارِ الْمُؤْمِنِينَ الشَّامُ»

 «Билип кой, момундар диярынын борбору — Шам».

Устаз Насир Шейх Абд аль-Хай

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button