Йемендеги 17 миллион ачка адам башкаруучулардын зулуму жана уюмдардын коррупциясы ортосунда

Йемендеги 17 миллион ачка адам башкаруучулардын зулуму жана уюмдардын коррупциясы ортосунда
Бириккен Улуттар Уюму Йемендеги 17 миллион адам азыркыга чейин катуу ачкачылыктан жабыркап жатканын, ал эми божомолдор бул сан дагы бир миллионго өсүшү мүмкүн экенин тастыктады. (Al Jazeera Net).
Акыркы элүү жыл ичинде Йемен эли жашоо шарттары жагынан жакшы абалда болгон жок. Бул өлкө нефть, газ, кен байлыктары, деңиз порттору, балык чарбачылыгы сыяктуу ар түрдүү табигый байлыктарга ээ болгонуна карабастан, элдин көпчүлүгү күнүмдүк тиричилик үчүн күрөшүп келүүдө. Ал эми 2015-жылдын март айында Америка менен Британия өздөрүнүн жергиликтүү куралдары аркылуу баштаган маңызсыз согуш кырдаалды андан бетер курчутту. Мамлекеттик эмес жумушта иштегендер жумушсуз калды, мамлекеттик иште иштегендер маянасыз иштөөгө мажбур болушту. Орто катмар төмөнкү катмар менен кошулуп, калктын үчтөн экиси сөздүн түз маанисинде жакырчылык чегинен төмөн абалга түштү. Бул көрүнүш Бириккен Улуттар Уюмунун отчетторунда эрте эле байкалган. БУУнун агенттиктеринин (ФАО, ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы) биргелешкен баалоосу Йемендеги 17 миллион адам тамак-ашка жетүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын көрсөткөн. (БУУ, 2017-жыл 10-февраль).
Бириккен Улуттар Уюмунун мезгил-мезгили менен Йемен элинин азабын көтөрүп чыгуусу донорлордон мүмкүн болушунча көп каржылоону соруп алуу үчүн гана кылынат. Ачка калгандардын азабы же оорулуулардын абалы аларды кызыктырбайт. Иликтөөлөргө ылайык, согуш башталгандан тартып 2023-жылдын аягына чейин гуманитардык жооп пландарынын алкагында өткөрүлгөн бир нече донорлор конференциялары аркылуу алынган каражаттар болжол менен 19 миллиард долларды түзгөн. Мындан тышкары, жарыяланган милдеттенмелерден тышкары 9 миллиард доллар, ал эми жооп пландарынан сырткары шашылыш каржылоо жана жардамдар катары 21 миллиард доллар алынган. (Hulul Post, 2024-жыл 10-март).
Мамлекеттик бюджетке тете бул ири каржылоого карабастан, жакырчылык менен ачкачылыктын деңгээли Бириккен Улуттар Уюмунун өз отчетторуна ылайык туруктуу эмес бойдон калууда. Анын расмий сайтында мындай деп айтылат: «Жардамдар көрсөтүлүп жатканына карабастан, болжол менен 16 миллион йемендик тамак-аш коопсуздугунан жабыркап, күн сайын үй-бүлөсүн азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн күрөшүүдө». (2019-жыл 13-февраль). Ушундай эле көрүнүш жыл сайын кайталанып, сан бир аз өсүп же азайып турат. БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак: «Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жардамдарын кыскарткан шартта 18 миллион йемендик тамак таба албай калышы мүмкүн», — деп билдирди. (Al Jazeera, 2022-жыл 25-июнь).
2022-жылдын апрелинен бери уланып келе жаткан «тынчтык эмес, согуш да эмес» абал Йемен элинин азабын согуш маалындагыдан да күчөттү. Анткени ок атышуулар токтогон соң, уюмдардын берген аз-маз жардамдары иш жүзүндө бара-бара токтоп калды, ал эми каржылоолор болсо баяндама-отчеттордо жана жаңылыктарда гана кала берди.
Йемен эли башынан өткөрүп жаткан кайгылуу абал хусийлер көзөмөлдөгөн аймактарда да, расмий өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда да окшош. Ачкачылыкты баса турган маяна жок, муундарды тарбиялап өстүрө турган билим берүү жок, дарылоо жок, электр энергиясы жок, кызмат көрсөтүүлөр жок, элдин кадыр-баркын сактаган урмат жок, укуктарды коргой турган институттар жок. Тескерисинче, элдин ырыскысына каршы күрөш жүрүп, салык-жыйымдар менен алардын мойнуна оор жүк салынууда. Ал эми жооптуу адамдар болсо жакырлар менен ачкалардын азабы тынчсыздандырбаган, алардын кайгы-муңу тынчын албаган жыргал турмушта жашап жатышат.
Элдин жашоо шарттарынын кескин начарлашы коомдук кыйроого алып келгендей көрүнөт, натыйжада кылмыштуулук коркунучтуу жана буга чейин болбогон деңгээлде өстү. Хусийлер көзөмөлдөгөн уурдалган Йемен борбору Санада жана башка аймактарда ар кандай түрдөгү уурулук кылмыштары кескин көбөйдү. Бул ошол эле учурда хусийлерге баш ийген коопсуздук органдары акыркы үч айда Санада жана өздөрү көзөмөлдөгөн башка аймактарда 1050 уурулук кылмышы катталганын моюнга алган маалга туш келди. (Asharq Al-Awsat, 01.11.2024).
Лахиж провинциясында да уурулуктун деңгээли өсүп, жашоо шарттарынын оорлошуусу күчөдү. (Түштүк Йемен, 11.03.2025).
Ошондой эле Йемендик укуктар жана эркиндиктер тармагы жылдын биринчи жарымында 14 провинцияда, алардын ичинен хусийлер көзөмөлдөгөн аймактарда, 123 киши өлтүрүү жана 46 жаракат алуу фактылары катталганын документтештиргенин ачыктады. Алар бул көрүнүштүн күчөшүнө куралдын кеңири таралышы, жашоо шарттарынын жана психологиялык абалдын начарлашы өбөлгө болгонун белгилешти. (Al Arabiya, 08.10.2025).
Кырсыктарга, жокчулукка, ачкачылыкка, жумушсуздукка, кызмат көрсөтүүлөрдүн начарлашына жана өлкөбүздүн дүйнөдөгү эң оор саламаттык жана жашоо кризисине жеткенине карабастан, каршылаш тараптардын көзү да ирмелген жок, бизге карата ырайым да, боорукерлик да көрсөтүлгөн жок. «Мыйзамдуулук» деп аталган аймактарда өкмөт жалпы кирешелерди көбөйтүү деген жүйө менен бажы доллар курсун бошотууну бекитти. Йемен Президенттик жетекчилик кеңеши өкмөт башчысы Салим бин Брейк сунуштаган комплекстүү экономикалык реформалар планын жактырды. Анын эң негизгилеринин бири — эки жуманын ичинде бажы доллар курсун бошотуу, мыйзамсыз деңиз өткөрмөлөрүн жабуу жана облустардагы мамлекеттик кирешелерди жыйноо жана өткөрүү процессиндеги кемчиликтерди жоюу. (Asharq Al-Awsat, 2-ноябрь 2025).
Ал эми хусийлер жамааты көзөмөлдөгөн аймактарда «жергиликтүү продукцияны колдоо» деген шылтоо менен соодагерлерге катар салыктар жана бажы төлөмдөр жүктөлдү. Кийим-кече жана кездеме соодагерлеринин жалпы профсоюзу соода секторуна багытталган «адилетсиз чараларга» каршы толук иш таштоо чечимин кабыл алды. Профсоюз бул кадамдар базарлар менен керектөөчүлөрдүн азабын ого бетер күчөтөрүн белгилеп, эгерде хусий милициясынын каржы министрлиги чыгарган акыркы чечимдерден баш тартылбаса, нааразылык акциялары күчөтүлөрүн билдирди. Соода тармагында иштегендердин айтымында, хусий милициясынын өкмөтүндөгү каржы министри Абдулжаббар аль-Жармози кийим-кече, кездемелер жана базарга керектүү товарларга бажы жана салыктарды 250%га чейин көтөрүүнү көздөп жатат. Соодагерлер муну соода кыймылына олуттуу зыян алып келе турган, жарандардын сатып алуу жөндөмү начарлаган шартта оор финансылык жүк кошо турган мурда болуп көрбөгөн кадам деп баалашты. Сана эски шаарынын кире беришиндеги кийим-кече жана майда-чүйдө товарлар боюнча эң ири дүң базар болгон Баб ас-Салам базары профсоюздун чакырыгына жооп кылып толук жабылды. (Balqees Net, 19.11.2025).
Йемен эли бүгүн ички фронтто өз боордоштору менен чыныгы согушта турат. Түндүктөгү да, түштүктөгү да башкаруучулар элдин ырыскысын уурдоону, иштерин токтотууну жана камкордук укуктарынан ажыратууну токтотпостон, тескерисинче, элдин мойнуна жүктү ачык-айкын жана уялбастан арттырып жатышат. Алар маяналардын кесилиши, сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү, жакырчылык менен жумушсуздуктун жайылышы сыяктуу элдин жашоо абалына таптакыр маани беришпейт. Булар бизге таңуулаган оор жашоо уланат, ал болсо саткын башкаруучуларды алмаштырып, өз мыйзамдары, конституциясы, түзүмдөрү жана символдору менен турган светтик режимди кулатып, Исламды жашоого толук колдонгон Халифалыкты орнотуу менен гана өзгөрөт. Анткени Халифалыкта адал адал деп, арам арам деп өкүм кылынат. Ошондо силер Аллахка моюн сунган абалда ар-намыстуу жашоого көтөрүлөсүңөр, Аллах Таала силерге асмандардан жана жерден берекелерин жаадырат. Мына ушу үчүн аракет кылгандар аракет кылышсын.
Устаз Садык ас-Сарари
Роя гезити




