Эй Ислам үммөтү! Жардам сурап кайрылышууда!

Басма сөз баянаты
Эй Ислам үммөтү! Жардам сурап кайрылышууда!
Газанын аялдары менен балдары жардам сурап жатышат… Судандын аялдары менен балдары зарыгып даттанышууда… Чыгыш Түркстандагы аялдар менен балдар азап чегип, кыйкырып жатышат… Дүйнөнүн бардык жериндеги мусулман аялдары менен балдары кайра-кайра үн салып: «Жардам берчү барбы? Үнүбүзгө жооп берчү барбы?!» — деп чакырышууда.
Эй, Аллах адамдар үчүн чыгарган эң жакшы үммөт! Сага эмне болду? Ооруп жаткан денеңди карап, таптакыр кыймылдабай турасыңбы?! Кайсы жакка караба, балдарың басынтылып, кордолуп, кандары төгүлүп, ар-намыстары тебеленип жатканына козголбойсуңбу?!
Газанын балдары үшүп өлүп жатышат, өлтүрүлүп, жер которууга мажбур болуп, ачык асманда ачка жатып түнөшүүдө. Ал эми дүйнө алардын жардам сураган үнүнө кулагын жаап алган! Судан эли тирүүлөй көмүлүп, аларга жана аялдарына каршы ар кандай мыкаачылык жасалууда! Чыгыш Түркстандагы мусулмандар болсо, аларды дининен кайтарууга жана балдарын исламий тамырларынан жулуп салууга аракет кылган коммунизм менен эң катуу күрөштөрдү көрүп жатышат!
А сен кайдасың? Көрүнүштөргө, кабарларга көнүп алып, балдарыңдын тамырларындагы кан тоңуп, аларды диндеги бир туугандыгы, ар-намыс үчүн күйүп-бышуу жана жерлерди коргоого чакырыктары кыймылга келтирбей калдыбы?!
Эй Ислам үммөтү! Дүйнөнүн бардык бурчтарында балдарың динине каршы согушту баштан кечирип жатышат. Анткени дүйнөлүк капиталисттик түзүмдү башкаргандар аларды өздөрүнүн секулярдык хазаратына эритип жиберүүнү, исламий түшүнүктөрүн өчүрүүнү каалашат. Сен үчүн бул согуш чыныгы хазараттар согушу экени ачык болду. Эгер өз исламий хазаратыңды жактабасаң, абал андан бетер начарлап, оору-сыркоо көбөйүп, жоготуулар арта берет.
Эй Ислам үммөтү! Душмандарың сенин күчүң Раббиңдин Китебине жана Пайгамбарың ﷺдын Сүннөтүнө кайтууда, экөөнү иш жүзүндө колдонууда жана бардык мусулмандарды бириктирип, аларды коргой турган мамлекеттин көлөкөсүндө экенин жакшы билишет. Ошондуктан алар ошол жек көрүндү чек араларды сактоого тырышып, аны үммөттүн биригишине жана жыйналышына тоскоол болгон тосмо катары колдонуп келишет.
Эй Ислам үммөтү! Сен денеңдин бир мүчөсү артынан бири ооруп жатканын көрүп турасың, бирок калган мүчөлөрү аны коргоого, аны жана башкаларды коркуткан илдеттерге жана коркунучтарга каршы турууга кудуретсиз. Анткени алар чачыранды жана алсыз, ошондой эле өз күч-кубатынын, аброю менен азиздигинин булагынан т.а. Раббисинин шариятынан баш тартышкан.
Эй, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт! Биз, Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү, бардык аймактардагы элибизге келген азапка кайгырып, Аллахты күбө кылабыз: алар кандай ооруса, биз да ошондой ооруйбуз, алар эмнени үмүт кылса, биз да ошону үмүт кылабыз, Анын нусратын, күч-кубатын жана исламдын жашообузга манхаж болуп кайтып, жашообузду адилеттүүлүгү, калыстыгы жана ырайымы менен жарыктандырып, башкаруусун үмүт кылабыз.
Эй Ислам үммөтү! Үнүбүздү угуп, аалымдарыбызды жана хутба айткан уулдарыбызды акыйкатты айтууга, акылдарды нурландырууга жана адамдарга куткарылуунун жолун көрсөтүүгө чакырат деп үмүт кылабыз… Офицерлерибизди жана жоокерлерибизди бул динге жардам берүү жана анын сөзүн бийик кылуу үчүн биргелешип көтөрүлүүгө чакырууну суранабыз:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7)
Оо Аллах! Күбө бол: биз чын ниеттүү амал кылгандар менен бирге үммөтүбүздүн бардык аймактарындагы азапка чек коюп, аны жана анын көлөкөсүндө жашагандардын баарын коргой турган экинчи рошид Халифалык мамлекетин орнотуу үчүн аракет кылып жатабыз. Аллахтан кабыл алуусун, туура жолго салуусун жана анын тезирээк орношун сурайбыз. Ал ааламдарга ырайым болсун!
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
19.12.25




