Асыл хадис

Жакшы күмөндө болуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жакшы күмөндө болуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих аль-Бухариде оорулууларды зыярат кылуу бөлүмүндө айтылат.

حدثنا معلى بن أسد حدثنا عبد العزيز بن مختار حدثنا خالد عن عكرمة عن ابن عباس رضي الله عنهما أن النبي صلى الله عليه وسلم دخل على أعرابي يعوده قال وكان النبي صلى الله عليه وسلم إذا دخل على مريض يعوده فقال له لا بأس طهور إن شاء الله قال قلت طهور كلا بل هي حمى تفور أو تثور على شيخ كبير تزيره القبور فقال النبي صلى الله عليه وسلم فنعم إذا

Бизге Муалла ибн Асад Абдулазиз ибн Мухтар Ибн Аббастан риваят кылды (Аллах экөөнөн тең ыраазы болсун):  Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир бедуинге  зыярат кылуу үчүн киргенде ага: (бул оорунун) зыяны жок, бул тазалануу, Ин шаа Аллах, – деди.  Ал айтты : Тазалануу деп жатасыңбы? Жок, тескерисинче, бул кары адамды мүрзөгө алып баруучу кайнап же күчөп кетүүчү ысытма, – деди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Ооба, анда”, – деди.

Анын сөзү (لا بأس)  “зыяны жок” деген сөзү оору күнөөлөрдү жууйт дегенди билдирет. Эгер айыгып кетсе  эки пайда  болот (күнөөлөрүң жуулат жана айыгасың); эгер айыкпай көз жумсаң, кечирим пайдасы алынат. Башкача айтканда,  күнөөлөрүңдөн арууланып, тазаланасың.

Анын сөзү: (بل هي) “Тескерисинче, ал” ысытманы билдирет.

Анын:  (تفور أو تثور) “Кайнайт же күчөйт” деген сөзү, аны “фа” мененби же  “са” (ث) мененби айтканына риваятчынын күмөнү.

Анын: (فنعم إذا)  “Анда ооба”  деген сөзү. Андагы “фа” мааниси түшүрүлүп калган сөз айкашынан кийин келип чыгат: Эгер баш тартсаң, анда ооба, башкача айтканда, сен ойлогондой болот. Ибн ат-Тин мындай деди: Бул ага каршы айтылган дуба болушу мүмкүн, ошондой эле анын тагдыры кандай болоору жөнүндөгү кабар болушу да мүмкүн.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул оорулуу бедуинди зыярат кылып, ооруп жатканда ага эмне жардам берерин айтып, оору күнөөлөрдү жууй турганын эскерткен. Эгер айыксаң, ден соолукка жана күнөөлөрүңдүн кечирилишине ээ болосуң, ал эми башкасы  болсо, (айыкпастан көз жумсаң) күнөөлөрүңдүн кечирилишине ээ болосуң. Пайгамбар (ага тынчтык жана береке болсун) бул ооруну күнөөлөрдөн тазалоонун жана оорусунан айыктыруунун жолу кылуусун ага Аллахтан тилеген. Оорулуу бедуин Пайгамбардын (ага тынчтык жана береке болсун) бул сөзүн четке кагып, ага кагуу менен мамиле кылды. Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага кылган дубасын кабыл алуунун жана оорусунан айыгып кетем деп өзүн ишендириштин ордуна аны кагып: “Жок, бул кары адамды көргө сүйрөп кетүүчү  катуу ысытма”, – деди.  Ал өзүнүн оорусуна ушул караңгы жагынан карады жана Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул четке кагууну андан көргөндө, ага: “Ооба, албетте”, – деди. Бул бедуин, эгер ал Аллах жөнүндө жакшы күмөндө болгондо, аны тапмак. Бирок ал Аллах Таала  жөнүндө жаман ойдо болгондуктан, ошого карата жазасын алды. Хадистин кээ бир риваяттарында бул бедуин каза болгон деп айтылат.

Урматтуу бир туугандар:

Мусулман адам ар дайым Аллах Таалага жакшы күмөндө болушу керек жана ага кандай мүшкүл иш түшсө да, ал өзүнүн пайдасы үчүн экенине ынанышы керек. Бирок Аллах Таалага жакшы күмөндө болуу жакшы иштер менен коштолушу керек.

فالله سبحانه وتعالى قال: {فَمَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ رَبِّهِ فَلْيَعْمَلْ عَمَلًا صَالِحًا وَلَا يُشْرِكْ بِعِبَادَةِ رَبِّهِ أَحَدًا}

Аллах Таала айтты: Кимде-ким Раббиси менен жолугушууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды жасасын жана Раббисине ибадат кылууда эч кимди шерик кылбасын.

Аллахка кайрылуу аркылуу  өзүбүздү бактылуу кылган да бизбиз, Аллах жөнүндө жаман ойлор менен өзүбүздү бактысыз кылган да  бизбиз. Андыктан каалаган жолуңузду тандаңыз,

إما شاكراً وإما كَفوراَ

 Ыраазы болом турган (ислам жолун) же ыраазы эмес (куфр жолун).

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 29-жумаади саани.

2025-ж, 20-декабрь.

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button