Фикхий
Карыз алуучу карызын төлөй албай калган учурда күрөөнү сатуусу

Карыз алуучу карызын төлөй албай калган учурда күрөөнү сатуусу
Суроо: Элибизде карыз бергенде күрөө (залог) алуу адат болуп калган. Эгер карыз алуучу карызын өз убагында төлөбөсө, карыз берүүчү күрөөнү, башкача айтканда, карызга коюлган нерсени өзүнө менчиктеп алат. Көпчүлүк учурда ал нерсе карыздын суммасынан алда канча кымбат, а түгүл бир нече эсе кымбат болот. Мунун шарияттагы өкүмү кандай? Карызды күрөө менен берүү же алуу шариятта уруксатпы?
Жооп: Карыз берүүчү карыздын кайтарылышын камсыз кылуу үчүн карыз алуучудан күрөө (рахн) алууга уруксат берилет. Анткени Расулуллах ﷺ жөнүндө сахих риваятта мындай деп келген:
«اشترى رسول الله صلى الله عليه وسلم من يهودي طعاماً بنسيئة فأعطاه درعاً له رهناً»
“Расулуллах ﷺ бир яхудийден мөөнөт менен тамак-аш сатып алып, ага өзүнүн соотун күрөө кылып берген”.
Муслим Айша (р.а.) аркылуу риваят кылган.
Бирок карыз берүүчү (муртахин) карыз алуучу (рахин) карызын төлөй албай калса да, күрөөнү өзүнө менчиктеп ала албайт. Анткени хадисте:
«لا يُغلَق الرهن من صاحبه الذي رهنه»
«Күрөө (залог) өз ээси үчүн жабылып калбайт» деп келген. Бул хадисти Имам Шафии Саид ибн Мусайиб аркылуу риваят кылган. Бул хадистин мааниси карыз алуучу төлөй албай калганда кепилдикке калтырган нерсе карыз берүүчүнүн менчиги болуп кетпейт. Тескерисинче, күрөө сатылып, анын баасынан карыз төлөнөт да, калган бөлүгү ээсине кайтарылат.
Мунун толук түшүндүрмөсү төмөнкүдөй:
Эгер карыздын мөөнөтү жетсе, муртахин (карыз берүүчү) рахинден (карыз алуучудан) карызын төлөөнү талап кылат. Эгер карыз алуучунун кепилден башка мүлкү болуп, ошол мүлкү менен карызды төлөсө, күрөө бошотулуп, өз ээсине кайтарылат. Ал эми анын мүлкү карызды толугу менен же жарым-жартылай жабууга жетпесе, анда рахин муртахиндин уруксаты менен күрөөнү сатууга милдеттүү болот. Сатылган баадан адегенде муртахиндин карызы төлөнөт, андан калган акча күрөөнүн ээсине кайтарылат.
Жогорудан көрүнүп тургандай, карыз алуучу карызын төлөй албай калганда муртахиндин күрөөнү өзүнө алып коюшу арам. Ошондой эле муртахиндин күрөөнү өз алдынча сатууга да укугу жок. Тескерисинче, бул иш сот аркылуу жүргүзүлөт: сот рахинди күрөөнү сатууга мажбурлайт. Анткени хадиске ылайык, لا يُغلَق الرهن من صاحبه – күрөө өз ээсинин менчиги бойдон калат. Ошондуктан күрөөнү анын ээси сатат да, баасынан карызды төлөйт. Эгер ал баш тартса, сот (хаким) аны сатууга жана карызды төлөөгө мажбурлайт. Ал эми карыздан ашып калган бөлүгү сөзсүз түрдө күрөө ээсине кайтарылат.
5-Шавваль 1428-х.
16.10.2007-м.




