Кабар
Жыл башынан бери мамлекеттик карыз 2,1 млрд долларга көбөйдү

Жыл башынан бери мамлекеттик карыз 2,1 млрд долларга көбөйдү
Кыргызстан мамлекеттик карызын көбөйтүүнү улантууда. 31-октябрга карата анын көлөмү 8 млрд 692,52 млн АКШ долларын түзүп, жыл башынан бери 2,1 млрд долларга өстү. Тышкы карыз 5 млрд 162,90 млн долларды, ички карыз 3 млрд 529,62 млн долларды түздү.
2024-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу тышкы карыз 648,04 млн долларга, ал эми ички карыз 1 млрд 474,9 млн долларга көбөйгөн.




