Комментарий
Trending

Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда

Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда

Кыргызстанда никеге турган ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы 45 миңден ашык нике катталып, 13 миңден ашууну ажырашкан. Бул 2023-жылга салыштырганда 6 пайызга көп.

Жапаров зомбулук маселесине да кайрылып, аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратканын кошумчалады.

23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмүнөн кийин аялдарды коргоо, зомбулукка каршы күрөш маселеси кайрадан  коомчулукта кызуу талкууланууда.

Комментарий:

Бүгүнкү күндө үй бүлөлөрдүн ажырашуусу коомдо оор көйгөйлөрдү пайда кылууда. Үй бүлөлөрдүн ажырашуусуна себеп катары алкоголдук ичимдиктер, маң зат колдонуу, зомбулук жана зынакорлук сыяктуу бир катар факторлор айтылып келет.

Мас кылуучу ичимдиктер менен баңги заттардын натыйжасы окшош болуп, колдонгон адамдын акылын аздырат. Булар үй бүлөнү бузуучу негизги факторго айланып калганы талашсыз. Муну өзүбүздүн айланабыздагы ажырашуулардан да байкасак болот. Айрыкча, көпчүлүк кылмыштар мас абалда жасалат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Бишкек сыяктуу негизги шаарлардагы кылмыштардын жарымынан көбү мас абалындагы адамдар тарабынан жасалган. Ал эми, үй-бүлөлүк зомбулуктун 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын Ички иштер министрлиги маалымдаган. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү пайдага негизделген капиталисттик түзүм менен жашашат. Ошондуктан, коомдун акылын бузуп, үй бүлөгө оор кесепетин тийгизип жатса да, мамлекетке пайда алып келген үчүн арак заводдоруна кеңири уруксат берилген. Ал эми, үрөй учурган кылмыштардын көпчүлүгү баңгиликтин айынан жасалат. Баңги затка мыйзамда тыюу салынган менен аны да бийлик ээлеринин өзү калкалап, атайын схемалардын негизинде ташууга жол ачышат. Муну дүйнөдөгү 800 млрд долларлык баңгизат соодасы күбөлөп турат. Башкача айтканда, эл аралык сооданын 8%ы баңгизат соодасына туура келет.

Мунун каршысында, Ислам дини акылды бузуучу ичимдик жана маңзаттарга аз же көптүгүнө карабай толугу менен тыюу салат. Алла Таала мындай дейт: «Эй момундар, хамр (мас кыла турган ичкилик ичүү) шайтандын амалынан болгон арам иш!». Бул өкүмгө моюн сунбагандарга Акыретте оор жазага кириптер болбошу үчүн шарий жаза белгиленет. Мисалы, арак ичкен адамга балак уруу важип. Анткени, Пайгамбар (с.а.в) «Кимде-ким арак ичсе, ага дарра ургула», – деген. Баңги зат колдонгон жана аны ташып, саткандар да мас кылуучу ичимдик сыяктуу дарра менен жазаланат. Демек, коомдо Ислам сакофаты жайылып, анын мыйзамдары колдонулушу үй бүлөнүн бузулушуна себеп болуп жаткан акылдан аздыруучу каражаттардын колдонулушуна толук чекит коет.

Үй бүлөлүк зомбулукка келсек, Кыргызстанда жылына расмий түрдө 5000ден ашык үй бүлөлүк зомбулук фактысы катталат. Зомбулукка негизинен алсыз аялдар менен жаш балдар туш болушат. БУУ дүйнөдөгү аялдардын 35 пайызы зомбулукка учураганын жарыялаган. Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс жана келечек урпак катары берилген балдар менен аялдарга карата зомбулук кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:

لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ

“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).

Зынакорлукка келсек, бүгүнкү күндө үй бүлөлүү адамдардын никесиз намахрамдар менен болгон жыныстык алакасы кең жайылды. Натыйжада үй бүлөдө туруктуулук жоголуп, эркеги аялынан, аялы эркегинен шек санап жашай турган болуп калды. Капиталисттик мыйзамда эркек менен аял ыктыярдуу түрдө жыныстык алака кылышы кылмыш саналбагандыктан, мындай бузукулук дагы да кең жайылууда. Натыйжада, үй бүлөлөрдүн ажырашуусу жеңил нерсеге айланып калды.

Мунун каршысында, Ислам үй бүлөнү курууда белгилүү чек араларды белгилеп берген. Зынакорлукка карата катуу жаза белгилөө менен катар жалган доомат кылгандар да жазасыз калбайт. Алла Таала айтат:

وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنٰٓى اِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةًۜ وَسَٓاءَ سَب۪يلاً

“Зынаага жакындашпагыла! Себеби (бул) бузукулук – эң жаман жол” (Исра: 32).

Мас кылуучу ичимдиктер, баңги заттар, зомбулук жана зынаакорлук үй бүлөлөрдүн ажырашуусуна таасирин тийгизген факторлор. Бирок, бүгүнкү күндөгү ажырашуулардын негизги себеби, капитализмдеги дүйнө карашка байланыштуу. Капитализм аялга «пайдалануу керек болгон товар» деп карайт. Ошондуктан, аялдардын үй бүлөдөгү табигый ролун өзгөртүү үчүн гендердик теңдик, аялдар укугу шылтоосу менен аялдарды көчөлөргө алып чыкты. Анткени, капитализм пайданы өзүнө негизги өлчөө кылып алган. Натыйжада, миллиондогон аялдар үй бүлөсүн, бала-чакасын таштап, жумуш кылууга мажбур болушууда. А түгүл, гендердик теңдик идеясынын таасири ушунчалык даражага жетти дейсиң, индустриалдык өлкөлөрдө аялдардын көбү үй бүлө куруунун ордуна жалгыз бой жашоону оң көрө турган болду. Натыйжада, бул өлкөлөрдө адамдын саны тездик менен азайып барууда. Маселен, жапон жарандарынын саны жыл сайын 800 миң адамга кыскарууда. Кытайда болсо үйлөнбөгөн жумушчулардын саны 200 миллиондон ашты. Америкада жалгыз жашоону тандагандар 40 жылдын ичинде эки эсе өскөн. Булардын баары чындыгында үй бүлө мүчөлөрүнө табигый таасирин тийгизиши талашсыз.

Мунун каршысында Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыяктуу табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Ажырашуу жайиз иштердин эң жаманы катары каралган. Ошондуктан, Алланын Элчиси кызы Фатима менен күйөө баласы Али Ибн Абу Талибдин ортосунда пикир келишпестик чыккан чакта аларды ажыраштыруунун ордуна жараштырууга шашылган.

Демек, бүгүнкү күндө кыргыз коому туш болуп жаткан үй бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу Исламды жана анын ижтимаий өкүмдөрүн жашоого алып келүү!

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button