Асыл хадис

Нафска каршы күрөшүү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Нафска каршы күрөшүү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль-Бухариинин шархы  Ибн Хажар аль-Аскаланинин  Фатхул-Барисинде “өлүм азабы” жөнүндөгү бөлүмдө айтылган:

حدثنا الحميدي حدثنا سفيان حدثنا عبد الله بن أبي بكر بن عمرو بن حزم، سمع أنس بن مالك يقول: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “يتبع الميت ثلاثة، فيرجع اثنان ويبقى معه واحد، يتبعه أهله وماله وعمله، فيرجع أهله وماله ويبقى عمله

Бизге Аль-Хумейди Анас бин Маликтин мындай деп айтканын риваят кылат: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Маркумду үч нерсе ээрчийт, экөө кайтып келет, бирөө аны менен калат. Анын үй-бүлөсү, мал-мүлкү кайтып кетет,  амалдары аны менен калат”.

Урматуу бир туугандар!

Бул хадисти Имам Ан-Навави рахимахуллах  напсиге каршы күрөшүү бабында айткан, анткени анда напсини жөнгө сала турган иштер бар. Адам өз напсисине каршы күрөшүп, аны көп нерселерден жана иштерден тыйышы керек. Напсини амалга түрткүлөп туруу керек, анткени анын табиятында жалкоолук жана жеңилдикке ыктоо бар. Ошондуктан, адам жалкоолукка ыктоо менен амалга түртүүнүн, четке кагуу менен кабыл алуунун, каршы чыгуу менен моюн сунуунун ортосунда жашайт. Амалдардын натыйжасы инстинкттерге баш ийүү, кабыл алуу жана ага багынуу даражасына жараша болот.

Эй мусулмандар!

Өлгөндөн кийин үй-бүлө менен малы артка кайтып, амалы гана калгандан кийин, амал бир гана Аллахка арналып кылынгандан өткөн чоң натыйжа болушу мүмкүнбү? Мындан ачык кандай эскертүү болушу мүмкүн? Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мына ушуну түшүнүшүбүздү  каалады: бул жашоодо адам эмне амал кылышы керектигин, аны мал-жаны да, атасы, апасы, бир  туугандары, дос жоро жолдоштору да куткара албай турганын түшүнүшүбүз керек. Суроо туулат, үй-бүлөбүз жана мал-жаныбыз таштап кеткенден кийин ар бирибиз менен кала турган кайсы амал менен алектенүүбүз керек? Ал амал Ислам жана анын өкүмдөрү буйруган сооптуу иштер экени талашсыз. Бирок бул амалдардын эң жакшысы – Алла Тааланын өкүмдөрүн колдонууга алып баруучу амал, өзгөчө ушул күндөрдө фитначылар айла-амал куруп, кылмышкерлер бул үммөткө каршы кол салып, бул улуу амалдын ишке ашышына тоскоолдук жаратып жатышкан учурда дагы да маанилүү.

Оо, Аллахым, бизге бытыранды мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 4-ражаб.

2025-ж, 24-декабрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button