Асыл хадис

Заалымга бирдиктүү каршы тургула

Бисмиллаахи рахмаанир  рахиим

Асыл хадис менен

Заалымга бирдиктүү каршы тургула

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن عبد الله بن عمرو بن العاص، رضي الله عنه، عن النبي صلى الله عليه وعلى آله وسلم قال: “إذا رأيت أمتي تهاب فلا تقول للظالم يا ظالم فقد تودع منهم”. قال الحاكم: صحيح الإسناد، ووافقه الذهبي

Абдулла бин Амр бин аль-Аастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага жана анын үй-бүлөсүнө тынчтыгы болсун) мындай деген: “Эгер менин үммөтүмдүн заалымдан коркуп, залимге: “Эй, залим”, деп айтпай жатканын көрсөң, үммөт (Аллах тарабынан анын бар жогуна маани берилбей жардамсыз) ташталган болот”. Хаким сахих деди жана Захаби аны менен макул болду.

Урматтуу туугандар:

Бар жогуна маани берилбей жардамсыз ташталганы, андан эч кандай үмүт жок жана ал жок болуу менен кыйроонун алдында турганын билдирет. Ошондуктан  бүгүн силер муну үммөттүн вакыйынан көрүп турасыңар. Силер үммөттү кыйроого алып келген  башкаруучуларды көрүп жатасыңар. Жер жүзүнүн бардык булуң-бурчундагы башкаруучуларга көз чаптырсаңар, зулумдук кылган, күнөөкөр же өз жарандарын кыйнап  өлтүрүп жаткан башкаруучуларды көрөсүңөр. Ооба, алар бул доордун эзүүчүлөрү. Алар үммөттү адаштырып, темир жана от менен башкарууда. Алар үммөттүн байлыгын талап-тоноп, өлкөсүн талкалап, жер бетинде бузукулук таратышты. Алар каапыр Батыштын конституцияларын мусулмандарга мажбурлап колдонуп, Аллахка каршы согушкандарды жана тогутка сыйынгандарды  үммөттөн жогору коюшту.

Эй мусулмандар:

Бул ачыктан-ачык куфрга силердин позицияңар кандай? Заалымды  “эй заалым”  деп атагандан коркосуңарбы? Ооба, үммөттүн айрым уулдары ушундай позицияны ээлешти, башкаруучуларды алмаштырышкан жок, тескерисинче, ыраазы болуп, аларга баш ийишти, алардын иш-аракеттеринин кесепети чоң жоготууга алып келди. Эгер башыңарга түшкөн бардык зулум, эзүүллөргө  ачууланбасаңар, качан ачууланасыңар?! Дагы бир жолу кадыр-баркыңарды тикелөө үчүн ордуңардан тургула, түпкү даңкыңарды калыбына келтиргиле жана адилетсиздикке толгон дүйнөнү адилеттүүлүк менен толтургула. Каапырлыктын караңгылыгы жайылгандан кийин ааламды ислам нуру  менен жарык кылгыла. Залимге каршы тургула, чындык сөзүн айткыла, тавхид туусун бийик жана желбиретип көтөрүп, денеңерди бөлүп-жарган, күч-кубатыңарды алсыраткан жана эң жийиркеничтүү адамдарды жонуңарга мингизген бардык кордук жана баш ийүү тууларын алып салгыла! Пайгамбарлык жолундагы экинчи Туура Жолдогу Халифалык болгон Ислам мамлекетин куруу үчүн чын жүрөктөн амал кылгыла, анткени ал биздин роббибиздин убадасы жана пайгамбарыбыздын сүйүнчүсү.

Оо, Аллахым, бизге бытыранды мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 6-ражаб.

2025-ж, 26-декабрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button