Бурхандын аскердик мобилизациядан тынчтыкка чейинки позицияларынын Трамп аркылуу өзгөрүшү!

Бурхандын аскердик мобилизациядан тынчтыкка чейинки позицияларынын Трамп аркылуу өзгөрүшү!
Судан армиясынын командири Абдулфаттах аль-Бурхан АКШ президенти Дональд Трамп менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Бул учурда ок атышууну токтотуу боюнча АКШ жетектеп жаткан сүйлөшүүлөр токтоп турган. Армияга жакын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Бурхан Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын чакыруусу менен Эр-Риядга жасаган расмий сапарынын соңунда: «Судан президент Трамп, анын тышкы иштер министри Марко Рубио жана Судандагы тынчтык боюнча атайын өкүлү Массад Булос менен тынчтыкка жетишүү жана согушту токтотуу аракеттеринде иштешүүгө кызыктар», — деп баса белгиледи. Судандын өкмөттүк булагы Бурхандын Эр-Риядга расмий сапарынын максаты жакында мураскор ханзаада Саудия–АКШ инвестициялык форумунда АКШ президентине Судандагы согушту токтотуу үчүн сунуштаган демилгени талкуулоо болгонун түшүндүрдү.
АКШ башка өлкөлөр менен бирге Судан боюнча ортомчулук кылган «төрттүк» комитеттин мүчөлөрү — Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери менен жетектеген тынчтык сүйлөшүүлөрү Бурхан Булос сунуштаган акыркы ок атышууну токтотуу планынын себептерин түшүндүрбөстөн четке каккандан кийин токтоп калган.
Бул билдирүүдөн мурда Бурхан «бул согушту толук чечмейинче жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн акыркы жоокерин жок кылмайынча макул болбойбуз» деп айткан. Ооба, өкмөттүн позициясы аскердик мобилизация, күчтөрдү жок кылуу жана Судандын бардык аймагын бошотуу тууралуу сөздөрдөн Судан эли күткөн тынчтык тууралуу сөзгө кескин өзгөрдү.
Мындан мурда Бурхан «төрттүктү» нейтралдуу эмес деп мүнөздөп, АКШнын атайын өкүлүн Ыкчам колдоо күчтөрүн куралдандырды деп айыпталган Бириккен Араб Эмирликтеринин позициясын кайталап жатат деп айыптаган. Бирок бүгүн Судандын саясий көрүнүшү өзгөрүп, Бурхан АКШ президенти Трамп менен Суданда уланып жаткан согушту токтотуу үчүн иштөөгө даяр экенин жарыялап, баш ийген абалга келди.
Суверендүүлүк кеңешинин төрагасы Абдулфаттах аль-Бурхандын позицияларынын мындай өзгөрүшү таң калычтуу эмес, анткени ал Америкага ээрчип, анын саясатын ишке ашырып келет. Буга ал мурда эле жол ачкан: АКШ президенти Трамп Саудия–АКШ инвестициялык форумунда сүйлөп жатып, бин Салман Судандагы кризисти чечүүнү суранганын, мураскор ханзааданын жарым сааттык түшүндүрмөсүнөн кийин бул маселени изилдей баштаганын айткан. Ошондой эле Трамп өзүнүн «Труз Соушиал» баракчасында президенттик таасирин колдонуп, согушту дароо токтоторун жазган.
Ал эми Бурхандын жообу кийинки күнү бул аракеттерди кубаттоо болду. Ал X платформасындагы билдирүүсүндө: «Рахмат, улуу урматтуу ханзаада Мухаммад бин Салман, рахмат, президент Дональд Трамп», — деп жазды. Шаршемби күнү, 19.11.2025-ж., алдын ала даярдалгандай көрүнгөн басма сөз билдирүүсүндө Өткөөл Суверендүүлүк кеңеши мындай деди:
“Өкмөт Сауд Арабия падышалыгынын жана Америка Кошмо Штаттарынын Суданда адилет тынчтыкты орнотуу боюнча аракеттерин кубаттайт, ошондой эле алардын көңүл бурганына жана судан элинин каны төгүлүшүн токтотуу жолундагы үзгүлтүксүз аракеттерине ыраазычылык билдирет жана Судан эли күтүп жаткан тынчтыкка жетүү үчүн алар менен олуттуу түрдө иштешүүгө даяр экенин ырастайт…”.
Ачык көрүнүп тургандай, Америка өзү тутанткан согуштун жемишин жыйноону каалайт, айрыкча Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурду толугу менен көзөмөлгө алып, мындан тышкары Кордофандын кеңири аймактарын да Дарфурдун чек араларын коргоо үчүн көзөмөлдөп турган шартта. Суверендүүлүк кеңеши, айрым саясий күчтөр жана айрым медиа кубаттаган «чечим» — дал ошол «төрттүк» сунуштаган чечим, ал чечимде армия менен Ыкчам колдоо күчтөрү тең коюлган жана чечим дал ушул негизде ишке ашырылмакчы. Муну АКШ президентинин кеңешчиси Массад Булос да тастыктап, мындай деп жазды: “Президент Трамптын жетекчилиги астында биз өнөктөштөрүбүз менен гуманитардык ок атышууну токтотууну жеңилдетүү жана тараптарга сырттан көрсөтүлүп жаткан аскердик колдоого чек коюу үчүн иштеп жатабыз”.
Ал эми Американын Судан согушун токтотууга шашылыш киришүүсүнүн себеби — Европанын, айрыкча Британиянын Суданга кийлигишүүсүнө жол бербөө. Анткени бул каргашалуу согуштун себептеринин бири «алкактуу келишим» деп аталган нерсени жок кылуу аркылуу Британияны жана анын адамдарын саясий сахнадан четтетүү болгон жана бул ишке ашты.
Эми Америка өз «тамагын» толук бышырууга, Түштүк Суданды тынчтык деген ат менен бөлүп алгандай эле, Дарфур аймагын бөлүү менен согушту аяктоого тырышууда. Мына, ал муну дагы бир жолу кайталоону көздөп жатат.
Бүгүн да ошол эле ыкма менен т.а. согушту токтотуу жана тынчтык ураандары аркылуу Дарфурду бөлүп алууга аракет кылууда. Ал жерде өзүнүн агенти Хамидтини бекемдеп алган соң, ал аймакта параллелдүү өкмөт түзүлүшүнө көз жумуп келет. Анын атайын өкүлү Массад Булос болсо алигиче «эки тарап» деп айтып, армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүн тең коюп сүйлөп жүрөт.
Эй, Судан калкы! Американын уулуу уясынан экинчи ирет чактырбагыла. Дарфурду бөлүү боюнча анын планын тез арада ишке ашуусун токтоткула. Бул үчүн Раббиңер буйругандай Исламдын өкүмдөрүнө кайткыла. Аллах Таала айтат:
﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ﴾
«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллага жана Акырет Күнүнөишенсеңер ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим.» (Ниса: 59).
Американын пландарын ишке ашырууга аракет кылгандардын колун кармап, аларды акыйкатка буруп, өлкөбүздүн биримдиги менен ойногондордун колун кескен Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге иш алып баргыла.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).
Устаз Абдулхалик Абдун Али
Роя гезити




