Асыл хадис

Кудуреттүү Аллах – падышалардын Падышасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кудуреттүү Аллах – падышалардын Падышасы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих аль-Бухаринин  шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин  “Фатх аль-Бари” китебинде айтылат:

حدثنا محمد بن مقاتل أخبرنا عبد الله أخبرنا يونس عن الزهري حدثني سعيد بن المسيب، عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “يقبض الله الأرض ويطوي السماء بيمينه ثم يقول: أنا الملك أين ملوك الأرض

Бизге Мухаммад бин Мукоотил айтты, Абу Хурайрадан риваят: Пайгамбар (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун айтты): “Аллах жерди кармап, асманды оң колу менен бүктөп, анан: “Мен Падышамын, жердин падышалары кайда?”” – деп айтат.

Урматтуу бир туугандар:

Бул Кыямат күнүндөгү көрүнүш, көздөр коркунучтан катып кала  турган көрүнүш.

(يَوْمَ تَرَوْنَهَا تَذْهَلُ كُلُّ مُرْضِعَةٍ عَمَّا أَرْضَعَتْ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمْلٍ حَمْلَهَا وَتَرَى النَّاسَ سُكَارَى وَمَا هُم بِسُكَارَى وَلَكِنَّ عَذَابَ اللَّهِ شَدِيدٌ)

«Аны көргөн күнү ар бир эмчек эмизген аял эмизип жаткан нерсесин унутуп калат, ар бир кош бойлуунун боюнан түшөт, адамдарды мас абалында көрөсүң, бирок алар мас эмес, бирок Аллахтын азабы катуу”.

Бүткүл жаратылгандар чөгөлөй турган көрүнүш.

(يَوْمَ يَفِرُّ الْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ * وَأُمِّهِ وَأَبِيهِ * وَصَاحِبَتِهِ وَبَنِيهِ * لِكُلِّ امْرِئٍ مِّنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ)

“Ал күнү адам бир тууганынан, энесинен, атасынан, аялынан жана балдарынан качат, анткени ал күнү ар бир адамдын өзүнө жетиштүү мүшкүлү болот”.

Бул көрүнүш каапырлар үчүн оор, оңой эмес. Дүйнөдөгү бардык байланыштар, тууганчылык, байланыштар жана кызыкчылыктар үзүлүп, бир гана диндин байланышынан башка байланыш калбай турган күн. Ушул күнү жана ушул коркунучтардын арасында Кудай Өзүнүн кулдарына кайрылат: Мен Падышамын, жер жүзүнүн падышалары кайда?

Эй мусулмандар:

Бүгүнкү күндө адамдар дүйнө иштер менен алек болуп, өздөрүнүн кызмат орундары жана байлыгы менен мактанышат. Алар Кудуреттүү Падышаны унутуп коюшту, алар Аллах ааламдын, адамдын жана тирүүлүктүн ээси экенин унутуп коюшту. Алар бул дүйнөнүн сыноо экенин унутуп, жалган, өткүнчү дүйнө үчүн күрөшүп жашап жатышат. Ал эми өмүрдүн агымы өзүн дин үчүн саткан адам менен динин саткан адамдын ортосунда өтүп жатат. Алар Кудуреттүү Аллахтын алдында тураарын көңүл сыртында калтырышты. Аллах алардан бул дүйнөдө эмнеге ээ болушкандыгын жана эмне кылышкандыгынан сурайт, ошондой эле өздөрүнө жана үммөтүнө карата эмне кылбай  койгондуктары жөнүндө сурайт. Аллах алардан динди тикелөө жолунда бир туугандарын колдобогону жөнүндө сурайт. Биз бул чындыкты түшүнүшүбүз керек. Бардык нерсенин ээси болгон Аллахтан башка эч ким эч нерсеге ээлик кыла албаган күн келет. Ал баардык падышалыктын жалгыз ээси, Ага даңк, бул Аллахтын адилеттүүлүгүнөн.

Оо, Аллахым, бизге бытыранды мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 12-ражаб.

2026-ж, 1-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button