Иранда нааразылык акциялары күч алууда

Иранда нааразылык акциялары күч алууда
Иранда өлкөдөгү экономикалык абалдын кескин начарлашына байланыштуу массалык нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланууда. Демонстрациялар Тегеран жана Исфахан, Шираз сыяктуу бир катар ири шаарларды камтыды.
Нааразылыктардын чыгышына Иран риалынын наркынын төмөндөшү, азык-түлүккө жана биринчи керектелүүчү товарларга баалардын өсүшү, ошондой эле инфляциянын жогорулашы себеп болгону айтылууда. Акцияга чыккандар негизинен социалдык-экономикалык талаптарды коюп жатышат, бирок көптөгөн шаарларда саясий ураандар да айтылууда.
Чет элдик маалымат каражаттары айрым аймактарда нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү менен кагылышуулар болгонун жазышты. Каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматтар бар, ондогон адамдар кармалган. Бийлик полициянын жана коопсуздук түзүмдөрүнүн иш-аракетин күчөттү, интернеттин жана социалдык тармактардын ишине чектөөлөр киргизилди.
Ал эми, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларына катышкандарды өлтүрө баштаса, АКШ нааразылыкка чыккандарга жардам берерин билдирди.
«Эгер Иран адаттагыдай эле тынч нааразылык акцияларына катышкандарды атып, өлтүрө турган болсо, анда АКШ жардамга келет», – деп жазды.




