Кабар
Газада журналисттердин өлүмү боюнча рекорддук көрсөткүч катталды

Газада журналисттердин өлүмү боюнча рекорддук көрсөткүч катталды
2025-жылы жумуш учурунда 128 журналист жана ЖМК кызматкерлери набыт болгонун Эл аралык журналисттер федерациясы (IFJ) билдирди. Курман болгондордун ичинен 10у аялдар. Эң көп журналист Газа секторунда өлтүрүлгөн. 2025-жылы Газада өлтүрүлгөн журналисттердин саны 56га жетет.
«Бир жыл ичинде 128 журналист өлтүрүлдү, бул жөн гана статистика эмес, бул глобалдык кризис. Бул өлүмдөр журналисттер өз ишин аткарганы үчүн гана куугунтуктоонун бутасына айланып жатканын айгинелеп турат. Өкмөттөр ЖМК кызматкерлерин коргоо, кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу жана басма сөз эркиндигин сактоо үчүн азыртан аракет көрүшү керек», – деди IFJ уюмунун башкы катчысы Энтони Белланжер.




