Сакофий

Исламга ачык жана жалпы түрдө даъват кылуу

Исламга ачык жана жалпы түрдө даъват кылуу

Суроо: Биз «Уюшуу» китебинде, 2-бетинин акырында мындай дейбиз: «Исламий кыймылдарды башкарып жаткандар Исламга жалпы жана ачык түстө даъват кылышчу…».

Бул жердеги суроо:

а) Исламга ачык жана жалпы түрдө даъват кылуу деген эмне? Бул кандай болот, мисалдары менен?

б) Исламга ачык жана жалпы түрдө даъват кылуунун жаиз эместигине кандай далилдер бар?

Жооп: Ачык түрдөгү даъват кылуу — анын так калыптанган, аныкталган программасынын жоктугу. Башкача айтканда, ага тиешеси жок нерселердин киришине тоскоол болбой, эшиктери ачык болуп, “каршы келбейт”, же “пайдасы бар” деген жүйөлөр менен башка пикирлердин киришине жол берилүүсү.

Кимдин даъваты тунуктугун жоготкон (гойру мубалвар) фикратка негизделсе, түшүнүктөрү ачык-айкын эмес, максаттары аныкталбаган болсо, ал демократиянын куфр түзүм экенин аңдай албайт, социализмдин Исламдан эместигин түшүнбөйт, мыйзам чыгаруунун парламентке таандык болушу кылмыш экенин да аңдай албайт… Ошондой эле башкалардан кайсы илимдерди жана өнөр-жайларды алууга болоорун, ал эми кайсыларын алууга болбостугун — мисалы, хазаратты жана жашоо тууралуу түшүнүктөрдү — ажырата албайт… Ал намаз окуп, орозо кармашы да мүмкүн, бирок Исламга ачык түрдө даъват кылганы үчүн ушундай абалга туш болот. Бул нерсе мамлекеттин акыркы доорлорунда үммөткө тийген илдет болгон. Анда ошол кездеги мусулман аалымдары Батыштан алууга боло турган илимдерди, өнөр-жайларды жана ойлоп табууларды, ошондой эле алууга болбой турган хазаратты жана жашоо тууралуу түшүнүктөрдү так ажырата албаганы ачык көрүнгөн.

Ошолордун эң «жакшылары» Ислам менен Батышты  сакофатта жана илимдерде, хазаратта жана маданиятта ылайыкташтыруу фикратын көтөргөн топ болгон. Булар «ойготуучу аалымдар», «реформатор аалымдар» же «заманбап аалымдар» деп аталып келишкен. Ушул аалымдардан Исламды ачык түшүнүү пайда болгон. Алар Исламды түшүнүүнүн эшигин кеңири ачып, анын ичине ага тиешеси жок нерселер кире баштаган. Шарияттык коидаларды түшүнүүдө чектөө болуп, шарияттан чыгуудан тосуп турушу керек эле, бирок тескерисинче, алар ошол эшикти ачкан ачкычка айланган. Натыйжада Ислам алардын түшүнүгүндө азыркы коомго жана үстөм ой-пикирге ылайык келиши үчүн, шариат нусустары камтыбаган маанилер менен тафсирленип калган. Бул көз карашка шайкеш келиши үчүн, шарияттык далили жок жалпы эрежелер ойлоп табылган, мисалы: «замандын жана макандын өзгөрүшү менен өкүмдөрдүн өзгөрүшү четке кагылбайт», «адат өкүм чыгарууда негиз болот», «мусулмандар жакшы деп эсептеген нерсе Аллах алдында да жакшы» ж.б. Ошондой эле көптөгөн шаръий нусустардын өкүмдөрүн жокко чыгарып салууга багытталган тафсирлер кылынган, мисалы, жихадды коргонуу менен гана чектөө, көп аялдуулук себептер болгондо гана жаиз деген сыяктуу. Мына бул, Исламга ачык даъват кылуу жөнүндө.

«Жалпы» дегенине келсек, бул — Ислам чечимдеринин майда-чүйдөсүнө кирбестен, жалпысынан гана даъват кылуу. Мисалы, “Ислам — чечим”, “Ислам эки дүйнөдө тең ийгиликке жеткирет”, “Ислам — эң мыкты түзүм” ж.б. деп даъват кылынат. Бирок сен андан Исламдын жашоо низомдоруна байланышкан чечимдерин сурасаң, унчукпай калат. Ислам мыйзамдарын ишке ашыра турган Ислам мамлекети тууралуу сурасаң, тымпыйып калат. Азыркы түзүмдөрдү Ислам түзүмүнө кантип өзгөртүү тууралуу сурасаң, тынчы кетип, кекечтенип, айлана-тегерегин карай баштайт, аман калуу үчүн шамалдан озуп, сенден алыстап кетет…

Ал эми Исламга жалпы жана ачык түрдө даъват кылуунун жаиз эместигине далилдер Аллах Тааланын Китебинде жана Анын Элчиси ﷺ сүннөтүндө кеңири баяндалган. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللَّهِ الإِسْلَامُ﴾

«Албетте, Алланын алдында кабыл боло турган дин – Ислам дини гана» (Али Имран: 19).

﴿وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ﴾

«Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын «дини» Алланын алдында) эч качан кабыл кылынбайт». (Али Имран: 85).

Ошондой эле Аллах Таала өкүм чыгаруу, экономика, нике мамилелери, каапырларды дос тутуунун арамдыгы, зынакорду ташбараң кылуу, уурунун колун кесүү тууралуу аяттарды да баяндаган. Андан соң Ислам мыйзамдары өзгөчө, башкасына аралашпаган түзүмдөр экенин түшүндүргөн:

﴿حَتَّى يَمِيزَ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ﴾

«Алла ыпласты тазадан (каапырды момундан) ажыратуусу үчүн». (Анфал: 37).

﴿ثُمَّ جَعَلْنَاكَ عَلَى شَرِيعَةٍ مِنَ الْأَمْرِ فَاتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Андан соң, (эй Мухаммад), Биз сени (дин) ишинен бир шарият (анык-айкын жол) үстүндө (бекем) кылдык. Ошондуктан, сен (бир гана мына ушул жолго) жанашкын жана билбей турган кишилердин көңүл каалоолоруна жанашпагын!» (Жасия: 18).

﴿لِكُلٍّ جَعَلْنَا مِنْكُمْ شِرْعَةً وَمِنْهَاجًا﴾

«Силерден ар бир (коом) үчүн (өзүнчө) шарият жана жол кылып койдук». (Маида: 48).

Мындай далилдер Аллах Тааланын Китебинде жана Анын Элчиси ﷺ дын сүннөтүндө дагы көп.

20-Жумадаль Уула 1430-х

16.05.2009-м.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button