Комментарий

Трамп Венесуэланы өзү башкарып жатканын тастыктап, Иран, Куба жана Колумбияны коркутуп жатат

Трамп Венесуэланы өзү башкарып жатканын тастыктап, Иран, Куба жана Колумбияны коркутуп жатат

Жаңылык:

АКШнын президенти Трамп Венесуэланын президенти Мадуро камакка алынгандан кийин, Венесуэлада «иштерди АКШ өзү жүргүзүп жатат» деп билдирди. Ошондой эле ал Колумбиянын президентине карата одоно коркутууларды айтып, Кубадагы башкаруунун жакында кулай турганын сөз кылды. Эгер Иран демонстранттарды өлтүрсө, сокку уруулар болорун эскертти. (Аль-Арабия, 4/1/2026).

Комментарий:

Америка эл аралык аренада ачык эле ээнбаштык кылып, аны токтото ала турган эч кимди көрбөй жатат. Ошондуктан ал өз байлыктарын америкалык компаниялар тарабынан эксплуатациялоого каршы чыккан Венесуэла сыяктуу мамлекеттердин президенттерин камакка алууга укугум бар деп эсептейт, башкаларды да камакка алам деп коркутат, Мексикадан өз аймагында баңгизатка каршы күрөшүү үчүн америкалык күчтөрдүн катышуусун талап кылат, Кубаны, Иранды да коркутат…

Венесуэла президенти камакка алынган окуядан кийин Кытай өзүнүн таң калганын билдирип, «дүйнөлүк полиция» ролун четке какты, ал эми Россия өкүнүчүн жана айыптоосун билдирди. Бирок бул эки мамлекеттин АКШга каршы сөздөн башка эч кандай реалдуу чара көрүүгө батынбаганы табигый көрүнүш. Кытай АКШ менен соодадан түшкөн экономикалык пайдасын ойлоп, аны жоготкусу келбейт, Россия болсо Трамп сунуштап жаткан Украина боюнча келишимге кызыгып турат. Ал эми европалык мамлекеттер Венесуэланын саясий сахнасында Мадуронун жоктугуна канааттанганын билдиришти.

Эң катуу жооп Түндүк Кореядан болду деп айтууга болот, анткени ал курал-жарак өндүрүшүн эки эсе көбөйтөрүн жарыялады. Бирок бул жана башка бардык жооптор Американы коркутпайт жана аны өз жолунан кайтарбайт. Анткени дүйнөдө аброй издеп, АКШга каршы чыгып, анын кызыкчылыктарына тоскоол болууну тандап, «бейбаштыкты токтотуу — анын кызыкчылыктарын токтотуу» деп ачык жарыялай турган мамлекет жок. Албетте, мындай мамлекет согушка даяр болушу керек.

АКШнын тышкы иштер министри да Монро доктринасына ылайык, чет мамлекеттерге Латын Америкасында өздөрүнө ири кызыкчылыктарды курууга тыюу салынганын жарыялайт, анткени Батыш жарым шары Американын жарым шары деп эсептелет. Бирок ага жооп кылып, Чыгыш жарым шарында, б.а. Африкада, Азияда жана Европада Американын ири кызыкчылыктарга ээ болуусуна тыюу салынганын ачык жарыялап, ошол аймактардагы анын кызыкчылыктарын куугунтуктоону баштай турган бир да мамлекет табылбайт. Кээ бирөөлөр муну учурдагы абал табигый нерсе, аны Американын басымдуу күчү таңуулап жатат деп айтышы мүмкүн. Биз Американын күчүн моюнга алганыбыз менен, эл аралык өзгөрүүлөр согуштар маалында гана болорун баса белгилейбиз. Согуш учурунда улуу державалар кыйрап, башкалары пайда болот. Ал эми каршылык көрсөтүүдөн корккон мамлекеттер эч качан көтөрүлө албайт. Анда Кытай кантип көтөрүлөт, эгер ал Кытай аймагындагы (Тайвань) Американын коркутууларына макул болуп жатса? Эгер мамлекеттер өз аймагында же өз айланасында күчүн колдоно албаса, анда эмне үчүн күч курушат?!

Кээ бирөөлөр жаңылыштык менен Америка өз күчүнө таянып, көптөгөн согуштарды жүргүзүүгө даяр деп ойлошот. Бул ката пикир. Анткени ал Ирак менен Афганистандын саздарынан зорго чыгып кутулган. Трамп өзү да андан мурунку президенттер Американы Ирак жана Афганистан согуштарына киргизип, стратегиялык каталарды кетиргенин айтып келет. Америка Венесуэла сыяктуу мамлекеттерди коркутуп, ээнбаштык кылып жатканы мамлекеттердин коркоктугуна жана жооп берүүгө жөндөмсүз экенине ишенип жатканынан болууда. Өз үммөтүнүн абалын көтөргүсү келген мамлекет күчүн тынымсыз арттырышы, коркоктукту коюп, согуштарга киришүүгө даяр болушу керек. Болбосо, биринчи держава катары атаандашы жок абалда турган Америка эч бир мамлекетке өзүнүн жанында эл аралык макам бербейт. Ал эл аралык саясатты толугу менен өзү аныктап турууну сактайт жана согуштук эмес бардык ыкмаларды, ээнбаштык аракет менен болсо да, дүйнө мамлекеттерин коркутуу үчүн колдонот.

Америкага чакырык таштай ала турган бир гана мамлекет Халифалык мамлекети болот. Анткени Ислам үммөтү согушкер, жихад кылуучу үммөт. Ал согуштарга кирүүдөн коркпойт жана Американын сөзү үстөм болушу үчүн эмес, Аллахтын сөзү үстөм болушу үчүн аракет кылат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button